Панфилов районунун баш имам хатиби райондун акими менен жолугуп, мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатында пикир алышты

Чүй облусунун Панфилов районунун баш имам хатиби Джумабек ажы Дуванаев Панфилов районунун акими Мелис Раимкулов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында  райондордогу мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси каралып, райондун жетекчиси жардам көрсөтөөрүн билдирди. Муну менен катар район боюнча 3 ай бою ишембилик өткөрүүнү талкуулашып, дин жана мамлекет кызматкерлери 3 ай бою ишембиликке чыгышмай болушту.

«Жолугушуу райондук хатибияттын иш планынын негизинде өтүп, бир топ маселелер каралды. Район акими көп улутуу болгон Панфилов районунда ынтымак, биримдикке чакыруу иштерин улантуу керектигин баса белгиледи»,-деди Джумабек ажы Дуванаев.