Саруу айылындагы “Сахаба” мечитинин курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилди

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы  “Сахаба” мечитинин курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилди. Саамалыкка облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Каракол шаардык хатибиятынан Рустам ажы Ыбыкеев, Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек уулу Талантбек, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.

«Мечит- бул Жараткан Алла  Тааланын үйү. Мечитти урматтап, сыйлап, элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз  зарыл»,-деди облус казысы.

Келген коноктор жергиликтүү жашоочуларды жаӊы мечиттин ачылышы менен куттукташып, калкты биримдикке, ынтымакка жана достукка чакырышты.

Эскерте кетсек, мечит Бириккен Араб Эмиратындагы жергиликтүү жашоочулар тарабынан каржыланган.