Азирети Муфтий жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы КР Россиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аликбек Джекшенкулов менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Джекшенкулов Аликбек Джекшенкулович   менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда кызматташууну бекемдөө, Орусия аймагындагы мекендештерибизге ыйман, адеп-ахлак, каада-салт, адал ырыскы, мекенди сүйүү, үй-бүлөнү сактоо, ата-энени, мекенди сүйүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында пикир алышты.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы биздин Орусия Федерациясында эмгектенип жаткан жарандарыбызга руханий жактан түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө даяр»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар тараптар КМДБнын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү менен КР Россиядагы ыйгарым укуктуу элчилигинин кызматташуусу жаатында дагы сүйлөшүштү.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Орусия Федерациясы боюнча  Муфтияттын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев жана Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибраев катышты.