Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушуп, биргеликте аткарылуучу иштерди талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 22-апрелде Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Садибакас ажы Доолов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Умар ажы Ибраев жана Орусия Федерациясы боюнча  Муфтияттын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев катышты.

Жолугушуу алкагында  Азирети Муфтий Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасына Мавлид кечесин өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделе беришине жана дин башкармалыктар арасындагы кызматташуу жакшыра бере тургандыгын билдирди.

Ал эми Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддин Москва шаарындагы жыл сайын өтүүчү Мавлид кечеси абдан жакшы жемишин берип, мекедештер менен жолугушуп, алардын көңүлүн алып туруу абдан жакшы жышаан экендигин баса белгиледи. Бул өз кезегинде кыргыз боордоштордун көңүлү көтөрүп, аларга дем берээрин жашырган жок.

«Жыл сайын өтүүчү бул иш чара абдан маанилүү»-деди  шейх Равиль Гайнуддин.

Муну менен катар тараптар Орусия аймагында эмгектенип жаткан мекендештерибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар менен жолугушууну сүйлөшүштү. Өз кезегинде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыйык Рамазан айынан кийин Орусиянын бир нече аймактарына атайын иш сапарын жасап, кыргызстандык мекекендештер менен жолугушуу ниети бар экендигин билдирди.