Ошто Кыргыз Республикасында диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобо талкууланды

Кечээ,  22-апрелде Кыргыз Республикасында диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун талкулоо боюнча жыйын Ош шаарындагы “Орто Азия” мейманканасынын жыйындар залынада өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан ой-пикирлер, сунуштар айтылып, жалпы  билим берүүчү предметтердин минималдуу милдеттүү топтомун камтуу сунушу айтылды.

Орто диний окуу жайларда Кыргызстан тарыхы, адам жана коом, диндердин тарыхы, кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагы киргизилүү сунушу айтылса, жогорку диний окуу жайларда Кыргызстан тарыхы, жаран таануу,  дин таануу, кыргыз тил, орус-чет тил,  география, социология, дүйнөлүк тарых, психология жана педагогика, маалымат технологиялары сабактарын киргизүү сунушу каралды.

Жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, ДИМКтин түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаардык казыятынын Окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Абдурахманов, диний  уюм жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышты.