Каракол шаарынын баш имам хатиби Хусейин Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк лицейинде окуп жаткан мектеп окуучулары менен жолугушту

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Хусейин Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк лицейинде окуп жаткан мектеп окуучулары менен жолугушуп, Ислам-тынчтыктын дини экендигин айтып, мекенди, эл-жерди сүйүүгө чакырды.

Иш чарага  Кыргыз-Түрк лицейинин директору Мехмет Кара, ИИМдин 10-бөлүмүнөн Жылдызбек Эдилов, жаш өспүрүмдөр менен  иштөө боюнча ШИИБ өкүлү Назгүл Калдыбаева катышып, жаш өспүрүмдөр менен иш  алып баруу боюнча атайын топ түзүп, биргеликте иш алып баруу сунушу айтылды.

Муну менен катар бул күнү жогорку класстын окуучуларына ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, диний терс агымдар, ата-энеге болгон мамиле, чөйрөгө болгон сүйүү туурасында баяндамалар жасалып, суроо-жооп уюштурулду.

«Бүгүнкү өспүрүмдөрүбүз эртеңки мамлекетке салым кошуучу биздин келечегибиз. Иш-чаранын максаты балдарыбызга  туура тарбия берүү учурдун талабы экендигин ачыктоо»,-деди Талант ажы Сабриков.