Ош шаарындагы мектеп окуучуларын билимдүү болууга үндөө максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы “Нодира” атындагы №44-орто мектептин жыйындар залында жогорку класстын окуучуларына шаардык билим берүү башкармалыгы жана “Личность” коомдук фонду тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш чарага баш имам хатиб Мирланбек ажы Токтомушев  катышып, “Исламда илим алуунун орду” темасында лекция окуп, окуучуларды билимдүү болууга чакырды.

“Илим алуу мусулман эркек жана аялга да парз. Мына ошондуктан илим алып жаткан учурда канчалаган кыйынчылык келген болсо сабырдуу болуу керек.  Анткени илим алуу ийне менен кудук казгандай”,-деди  Мирланбек ажы Токтомушев.