Талас облусунун мусулмандар казыяты коомчулук арасында терс диний агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Талас облусунун мусулмандар казыяты Манас райондук администрациясынын жыйындар залында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана Ислам тынчтыктын дини аталышындагы жыйынын өткөрдү. Иш чарага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басарлары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак ажы Абдусамат уулу, райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана мектеп мугалимдери, имамдар катышып, облус казысы эктремизм жана терроризимдин  Ислам динине эч кандай катыштыгы  жана байланышы жок экендигин билдирди.

Ал эми облус казысынын орун басары жаш балдар арасындагы зордук-зомбулуктун келип чыгуусу тарбиянын жетишпегендигинен болуп жаткандыгына токтолуп, жаштарга туура багытты биргеликте көрсөтүү керектигин билдирди.

“Балдарды ар кандай азгырыктардан тыю салуудан мурда  аларга туура жолду көрсөтүү зарыл. Алардын күч-кубатын, акылын жаратмандыкка багыттоо керек. Булар азыр чоң агын сууга окшош, анын багытын буруп эгин жана башка нерселерге пайдаланса болот, бирок жөн койсо алдынан эмне нерсе чыкса суу баарын жууп кетет. Ушул сыяктуу биз балдарга туура багытты көрсөтүү менен аларды жаман жолдордон сактап калабыз”,-деди облус казысынын орун басары.

Ал эми Медер ажы Сагынбаев Ислам дининин аруулугу жана мусулмандын сыпаттары тууралуу баяндама жасап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаштар арасындагы түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп турууну сунуштады. Иш чаранын соңунда жалпы катышуучулар биргеликте өспүрүмдөр менен иштөөнү максат кылышып, дин кызматкерлери менен тыгыз кызматташуу керектигин айтышты .

Эскерте кетсек, ушундай эле иш чара Талас тайонунун маданият үйүндө да өткөрүлдү.