Талас районунун Кыр-Казык, Кара-Буура районунун Кара-Сай жана Суулу Маймак айылдарында заманбап мечиттер ишке берилди

Аталган айылдарда жаны мечиттердин ачылуу салтанаты болуп жергиликтүү эл кубанычка бөлөнүп турду, себеби “Ассалам” коомдук уюму тарабынан бардык шарттары менен заманбап мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылышына Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев жана мечиттин курулушуна жардам берген араб туугандар ошондой эле жергиликтүү эл катышты.

Иш чара алкагында Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары мечит адамзатынын ыйманы толукталуучу ыйык жай экендигин айтып, мечиттин жаңыланып курулушуна салым кошкон фонд өкүлдөрүнө жергиликтүү жашоочулардын атынан ыраазычылыгын билдирди. Ал эми мечиттин ачылыш саамалыгынын соңунда “Ассалам” коомдук уюму айылдагы муктаж адамдарга кайрымдуулук ирээтинде акчалай жардам беришти.