Кайгырсаң Алла Тааланын эшигин как

Ислам аалымы Хасанул Басрий айтты: «Кечки тамакты энем менен чогу тамактануу, энемдин жанында отуруу, энем менен маектешүү, энемдин ыраазылыгын алуу — түн ичинде туруп нафил намаз окуудан жакшыраак.»
Эгер кайгырып жаткан болсоң Алланын эшигин как. Эгер кайгың андан да күчөп баратса, эшикти андан да катуураак как. Анткени, сага Алладан мээримдүүрөөк эч ким жок. Сенин кайгыңды Алладан башка эч ким билбейт.
Ислам аалымы айтты: «Күнөө жана бузукулук иштер — тынчсызданууну, кайгыны, коркунучту, капачылыкты, жан-дүйнөнүн жарды болуп калуусуну жана жүрөк ооруларын пайда кылат. Бул оорулардан айыгуунун жолу — тообо кылуу жана көп-көп истигфар(астагфируллох) айтып Алладан кечирим суроо».

Ислам аалымы айтты: «Мусулман — аз сүйлөп, көп амал кылат. Мунаафык (эки жүздүү адам) — көп сүйлөп, аз амал кылат».
Ислам аалымы айтты: «Акырет да дүнүйө да адамдын жүрөгүндө жайгашкан. Кайсынысы үстөмдүк кылса экинчиси анын артынан ээрчийт».
Ислам аалымы айтты: «Ар-бир адам дуба кылганга, зикир тартканга, намаз окуганга, Алланын кудуретине ой жүгүрткөнгө, өзүнө-өзү эсеп бергенге жана жүрөгүн тазартканга убакыт бөлүүсү керек».
Ислам аалымы айтты: «Дубаны алсыз адамдын куралы деген адам — эң төмөн, байкуш адам. Анткени, алсыз адамда куралы болбойт. А дуба бул — мусулмандын куралы. Түндө куралынын мизин курчутуп, күндүзү анын натыйжасын көрөт».