Даражаны бийик кылуучу сырлар

Адамдардын көзүнө сулуу көрүнүү үчүн сырткы көрүнүшүңдү өзгөртө албайсың, бирок адептүүлүгүң менен адамдарга сулуу көрүнүшүң мүмкүн.
Имам Нававий ( Ага Алланын ырайымы болсун ) айтты: «Сообу көп амалдарды билген адам жок дегенде бир жолу ошол амалды аткаруусу зарыл. Такыр аткарбай таштап койгону жакшы эмес, күчү жеткенче аткарганга аракет кылуусу керек.
Сүйүүнүн эң жогорку деңгээли: Алла Таала сени жакшы көрүп, Өз сүйүүсүн адамдардын жүрөктөрүнө салганы жана адамдардын сени жакшы көргөндүгү.
Адеп-ахлактын даражалары бар, адеп-ахлагың жакшырган сайын адамдардын арасында кадыр-баркың көтөрүлөт жана даражаң бийик болот.
Бир киши аалымга келип: Мен саалих пенделердин катарына кошуламбы? — деп сурады.
Аалым: Эгер ата-энеңе дуа кылсаң саалих пенделерденсин, эгер дуаңда аларды унутсаң саалих пенделерден эмессин — деп жооп берди.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: «Адам баласы өлгөндөн кийин артынан үч нерсенин сообу жетип турат: 1). Садака жаариянын сообу.(мисалы: Көпүрө, мектеп, мечит, бала-бакча , жол салуу).
2). Элдер пайдалана турган илимдин сообу.(мисалы: китеп жазып калтыруу, китеп сатып алып берүү, артынан шакирттерди калтыруу).
3). Саалих перзенттин ата-энесине кылган дуасы.
«Аллахым менин жана ата-энемдин күнөөлөрүн кечир» — деп көп-көп дуа кылгыла!