Дубанын кабыл болбоосунун 10 себеби

Ибрахим бин Адхам Басра шаарындагы базарлардын бирөөсүндө баратса элдер жыйналып: «О Ибрахим! Алла Таала Куранда: «Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл кылам «- деп убада берген. Биз көп убакыттан бери дуба кылабыз бирок, дубабыз кабыл болбой жатат. Анын себеби эмнеде? — деп сурашты.
Ибрахим Адхам: «О Басра эли! Он нерсе себебинен жүрөгүңөр катып калган. Ошол себептен дубаңар кабыл болбойт»- деп жооп берди.
1. Алланы тааныйсыңар бирок, буйруктарын аткарбайсыңар.
2. Куранды окуйсуңар бирок, ага амал кылбайсыңар.
3. Пайгамбарды сүйөм дейсиңер бирок, сүннөттөрүнө ээрчибейсиңер.
4. Шайтанды душманыбыз дейсиңер бирок, шайтандын жолун жолдойсуңар.
5. Бейишке кирүүнү эңсейсиңер бирок, бейишке алып баруучу амалдарды аткарбайсыңар.
6. Тозоко түшүп калуудан коркосуңар бирок, өзүңөрдү-өзүңөр тозоко ыргытасыңар.
7. Өлүм акыйкат дейсиңер бирок, ага даярдык көрбөйсүңөр.
8. Мусулман бир туугандарыңардын кемчиликтерин издейсиңер бирок, өзүңөрдүн кемчиликтериңерди көрбөйсүңөр.
9. Алланын неймат кылып берген ырыскысын жейсиңер бирок, шүгүр кылбайсыңар.
10. Өлүктөрүңөрдү көмөсүңөр бирок, андан ибрат сабак албайсыңар.