Аялзатынын көз жашы Алла Тааланын астында эсептелет

О, Эркектер! Аялдарыңарды ыйлатпагыла! Анткени, аялдын төккөн ар бир тамчы көз жашы Алла Тааланын астында эсептелип турат.
Аял бутуңдан жаратылган эмес, анын укугун тепсеп кордооң үчүн. Башыңдан жаратылган эмес, ага үстөмдүк кылууң үчүн. Аял жүрөгүңө жакын кабыргадан жаратылган, аны жакшы көрүүң үчүн.
Аялзаты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.
Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып;
— «Эмне кылып жатасын?» — деп сурайт.
-Аялы: «Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле»- деп жооп берет.
Аялзаты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.
Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу чыныгы эркектердин сыпаты.
Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васаллам айтты: «Аялдарды сыйлуу адам гана сыйлайт, наалатка калган адамдар гана кордойт»