Улуу азаптан куткаруучу бир тал кирпик

Кыямат күнү жакшы амалы аз болуп, күнөөсү көп болуп калган адамды кыямат күндүн ээси Алла Таала тозокко таштоого периштелерге буйрук берет. Ошондо ал пенденин көз кирпиктеринен бир тал кирпик тилге кирип «Оо Раббым! Сенин элчин Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) кайсы бир пенде Аллахтан коркуп ыйласа анын күнөөсүн кечирип, дүйнөдөгү жаш агызып ыйлаган бир тал кирпиктин берекеси менен тозок отунан куткарат»-деп айткан эле дейт. Ошондо Жебрейил периште «Баланчанын баласы баланча бир тал кирпик менен улуу азаптан кутулду!»-деп жар салат.

Даярдаган: Абдулла ибн Аббас медресесинин мүдүрү Мукарамов Мухаммадали.