Кумурсканын окуясы

Бир киши Башар бин Алхаариске келип: «Мага насаат айтыңыз — деп суранганда»,- Алхаарис мындай деди: «Бул короодо жайында дан жыйнап, кышкысын ошону менен күн көрчү кумурска бар. Күндөрдүн биринде кумурска оозуна дан алып баратса, бир чымчык учуп келип кумурсканы оозундагы даны менен кошо көтөрүп кетти. Кумурска жыйнаган данын жей албады жана үмүтүнө жете албады. Бул дүйнөнүн акыйкаты да ушул кумурсканын окуясы сыяктуу. Адам байлык жыйнайт, ажал келип өзүн да байлыгын да алып кетет.»
Артыңдан жакшы из калтыр. Өзүң өтсөң да атың өчпөсүн.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору  Абдишүкүр ажы Нарматов