Нарын районунун баш имам хатиби аймактагы имамдарга жыйын өтүп, айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев райондун  имамдары менен жолугуп, мечиттердин айланасынын тазалыгы, көчөт отургузуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынга ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Тынчтык Мамбетказиев катышып, экстремизмге, терроризмге жана радикализимге каршы аракеттенүү боюнча райондун имамдарына маалымат берди.