Ай көрүү маселеси

Ай жаңы чыкканда же кийин көргөндө айтылчу зикирлер

عن طلحة بن عبيد الله رضي الله عنه قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم إِذا رأى الهِلالَ قال: (اللَّهُمَّ أهلّهُ عَلَيْنَا بِاليُمْنِ وَالإِيمَانِ، وَالسَّلاَمَةِ وَالإِسْلاَمِ، رَبِّي وَرَبُّكَ اللَّهُ) رواه الترمذي وحسنه،

Талха ибн Убайдуллахдан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:

«Аллохумма ахиллаху ъалайна билйумни вал иймани вассаламати вал ислам. Роббий ва Роббукаллох», деп айтаар эле. (Мааниси: Эй Аллахым, бизге бул айды берекелүү, ыйман, саламаттык жана ислам айы кылгын. (Эй жаңы көрүнгөн ай! Менин да Роббим, сенин да Роббиң Аллах)  (Термизий риваяты).

عن ابن عمر رضي الله عنهما قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم إِذا رأى الهِلالَ قال: (اللَّهُ أكْبَرُ، اللَّهُمَّ أهِلَّهُ عَلَيْنَا بِالأَمْنِ والإيمَانِ، والسَّلامَةِ والإسْلاَمِ، والتَّوْفِيقِ لِمَا يُحبُّ ربُّنا ويَرْضَى، رَبُّنَا وَرَبُّكَ اللَّهُ) رواه الدارمي

Ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:

 «Аллоху акбар, Аллохумма ахиллаху ъалайна бил амни вал иймани вассаламати вал ислами ваттавфийки лимаа йухиббу Роббунаа ва йарзо. Роббунаа ва Роббукаллох», деп айтаар эле. (Мааниси: Аллах улук, эй Раббим, бизге бул айды амандык, ыйман, саламаттык, ислам, тавфик, Өзүң жакшы көрө турган жана ыраазы боло турган ай кыл. (Эй жаңы көрүнгөн ай! Биздин да Роббибиз, сенин да Роббиң Аллах)  Дорамий риваяты

عن قتادة أن نبي الله صلى الله عليه وسلم كان إذا رأى الهلال قال : هلال خير ورشد ، هلال رشد وخير ، هلال خير ورشد ، آمنت بالذي خلقك ثلاثا ، الحمد لله الذي ذهب بالشهر كذا و جاء بالشهر كذا رواه أبو داود

Катададан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:

«Хилалу хойрин ва рушдин, хилалу рушдин ва хойрин, хилалу хойрин ва рушдин. Ааманту биллахиллазий холакока», деп үч жолу айтчы эле, соң:

«Алхамду лиллахиллазий захаба бишшахри казаа ва жаа`а бишшахри каза», деп айтчу. (Мааниси: Жакшылык жана хидаят айы, жакшылык жана хидаят айы, жакшылык жана хидаят айы. Сени жараткан Аллахка ыйман келтирдим. Ал айды кетирип, бул айды келтирген Аллахка мактоолор болсун!) Абу Давуд риваяты

Айды көргөндө айтылчу дубалар

عن عائشة رضي الله تعالى عنها : أخذ رسول الله صلى الله عليه وسلم بيدِي فأرانيَ القمر حين طلع ؛ فقال: (تعوَّذي بالله من شر هذا الغاسق إذا وقب) رواه ابن السني

Айша (разийаллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) ай чыкканда, менин колуман кармап туруп, айды көрсөттү да: “Караңгылыкка чөмгөн түндүн жамандыгынан Аллахтан жардам сура”, деди”.

(Ибн Сунний риваяты)

عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال : كان رسول الله صلى الله عليه وسلم إذا دخل رجب قال : «اللهم بارك لنا في رجب وشعبان وبلغنا رمضان » قال : وكان يقول : » ليلة الجمعة ليلة أغر ويوم الجمعة يوم أزهر » . رواه أحمد في المسند والبيهقي في الدعوات الكبير وشعب الإيمان وفضائل الأوقات وهذا حديث قد اتفقت كلمة العلماء على تضعيف رواياته

Анас ибн Малик (разийаллоху анху) кылган риваятта: «Ражаб айы келсе, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам):

«Аллохумма баарик ланаа фий ражаб ва шаъбана ва баллигна ромазона» деп айтаар эле, делинет. (Мааниси: Эй Раббим, бизге ражаб жана шаъбан айында береке бере көр жана бизди Рамазанга жеткире көр. Ошондой эле “Жуманын түнү кадырлуу түн жана жуманын күндүзү жаркыраган күндүз” деп да айтаар эле) Имам Ахмад “Ал-Муснадда, Имам Байхакий “Фид Даьватил Кабийр”де, “Шуьабил Ийман”да жана “Фазааилул Авкат”да риваят кылган. Аалымдар бир ооздон бул хадистин риваятын заиф деп айтышкан.

Хижрий камарий календарь боюнча ай жаңыруусун эсеп кылуунун эрежеси

Бисмиллахир рохманир рохийм

Ааламдардын Роббиси Аллах таалага мактоолор жана Анын элчиси Мухаммад Мустафага (саллалоху алайхи ва саллам) эсепсиз дуруд салаваттар болсун!

Исламда буюрулган бир катар ибадаттар камарий жыл айларынын атайын күндөрүндө аткарылат.

Ошондуктан камарий жыл айларынын башталуу күндөрүн белгилөө олуттуу маселе деп эсептелинет.

Кийинки жылдардагы Рамазан айынын башталуусу жана айт күндөрүн белгилөө жөнүндөгү болуп жаткан баш аламандыктар бул маселенин дагы да олуттуу экенин көрсөтүп коюуда.

Бул макала ошол маселени оңдоо жолун издөө максатында жазылууда.

Бул ишке киришүүдө Абу Бакр Сыддыктын (разияллоху анху) “… туура болсо Аллахтан, ката болсо менден жана шайтандан…” деген сөзүнө кошулуп, кол урдум жана макаладагы ката жана кемчиликтер үчүн Аллах тааладан магфират жана азиз окурмандардан кечирим сурайм.

Рамазан айы келээрде ай көрүү маселеси көтөрүлөөрү баарыбызга маалым. Шарият илиминен бир аз билими бар “молдоке” деле: “Ай көрүп орозо кармайбыз жана ай көрүп анан айт кылабыз” деген “ураанды” көтөрүп чыгат. Биздин элдин адаты Рамазан айынын башталуусун он күн жок дегенде бир жума мурда айтпасаң тим эле чый-пыйы чыгып кетет. “Ой айтпайсыңарбы эми, мен тээ Алайга кудамдыкына кой союп барышым керек, же болбосо боорсок сыяктуу таттууларды айт майрамына эртерээк бышырып даярданышыбыз керек да” деп бүт молдолордун айрыкча муфтияттын тынчын алат. Жер-жерлердеги имам-молдокелерибиз: “Муфтияттан бизге кабар келсе гана силерге айта алабыз, болбосо жок…” деп,  кутулган болушат. Ал эми жергебиздеги жогорку окуу жайлардагы астрономия жаатынын ага окутуучулары: “Ай муфтият силерге эмне болгон, элди кыйнабай айдын жаңырганын эртерээк айтып койсоңор боло, же эмне айдын качан жаңырышын билбейсиңерби. Ушунча илим-техника өнүккөн заманда кантип ушуну билбей каласыңар, же эмне ошончо караңгысыңарбы. Анда айдын качан жаңыруусун силерге биз эле тактап берели, керек болсо жүз жылдыгын тактап беребиз. Себеби муну бүгүнкү күндө оңой эле эсептесе болот да” деп алыстан муфтиятка үн катып, бир чети сүр көрсөтүп: “Ушул биз билгенди силер билбейсиңер да” дегенсип бой көтөргөн болушат.

Ал эми шарият эмне дейт, “астроном”дор айтмакчы чын эеле муфтият караңгы болуп, замандан артта калганбы?! Анда, ай көрүү маселесине шарият эмне дейт карап көрөлү.

 

Баарыбызга маалым бүгүнкү күндө биз колдонуп жүргөн календарь “григориан календары” деп аталат. Бул календарь күн эсеби менен жүргүзүлөт. Алыс мөөнөттү убакыттын ченемдери (сутка-күн, апта, ай жана жылдар) боюнча системага салуу календарь деп аталат. Календарь түзүүдө ай фазаларынын алмашуу мезгили же жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили (тропикалык жыл) негиз кылып алынат. Айдын фазаларынын алмашуу мезгили (29,53 сутка) негиз кылып  алынган календарь Ай календары, жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили негиз кылып алынгандары болсо күн календарылары деп аталат.

Күн календары Байыркы Египетте б.з.ч. 3000-жылдарда пайда болгон. Ал учурда жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили 360 күнгө тең деп, 12 ай 30 күндөн кылып алынган. Кийинчерээк жыл узундугу 365 күн деп табылып, анын бардык айлары 30 күндөн, 12-айы болсо 35 күн кылып белгиленген. Акыры, биздин заманга чейин III кылымда Египетте астрономдор жылдын узундугун 365,25 күнгө барабардыгын аныкташты. Ушундан соң, б.з.ч. I кылымда Римдик кол башчы Юлий Цезарь жылдын узундугу 365,25 күнгө тең календарды астрономдордун жардамында түзүп, аны колдонууга киргизди. Кийинчерээк бул календарь Цезардын урматына юлиан календары деп атала турган болду. Ага ылайык, үч жыл удаалаш келе турган жылдардын узундугу 365 күндөн болуп, төртүнчү жылы 366 күн кылып алынат, анткени 4 жылда 0,25 күндүк (жылдык) калдык чогулуп, 1 күнгө тең болот. Бул кошумча күндү февраль айына кошуп берүүгө (б.а. аны 4 жылда бир 29 күн кылып иштетүүгө) макулдашып алынды.

Бирок кылымдардын өтүшү менен бул календарь жылынын узундугунда али да болсо ката бар экени маалым болду. Аны оңдоо үчүн 1582-жылдын февралында Рим папасы Григорий XIII жылдын узундугунун тагыраак алынган маанисин (365,242 күн) жаңы күн календары үчүн негиз кылып алды. Оңдолгон бул календарь Рим папасынын урматына григориан календары деп атала турган болду. Учурда биз колдонуп жаткан календарь григориан календары болуп, анын мезгили Иса пайгамбардын туулган жылынан башталган.

Бул календардын 12 айынын алтысы байыркы римдиктердин уламыштагы кудайларынын аттары менен (Янус, Фебруус, Афродита, Марс, Мая, Грека), июль жана август айлары рим императорлору Юлий Цезарь жана Августтун аттары менен, калгандары болсо өздөрүнүн тартип номерлери (сентябрь-жетинчи, октябрь-сегизинчи, ноябрь-тогузунчу, декабрь-онунчу) менен аталды, анткени илгери жыл башы 1-мартта кирген. Апрель айы- “aprerie”-“ачылуу” (“ойгонуу”) деген сөздөн алынган болуп, жазда табияттын ойгонуусунан кабар берет. Бул календарь боюнча жыл башы илгери мартта болуп, кийин 1-январга көчүрүлгөн. Россияда жылдын башы байыртада жылына эки жолу – 1-мартта жана 1-сентябрда майрамдалчу. 1342-жылдан Москва митрополити (акими) жаңы жыл майрамы мындан ары 1-сентябрда гана өткөрүлүшү жөнүндө буйрук берди. XVII кылымдын аягында падыша Пётр I буйругу менен 1700-жылда календарь жылынын башы 1-январга которулду. Ошондон бери бул календарь боюнча жаңы жыл 1-январда белгилене турган болду.

Анда да он эки ай бар. Январь, Февраль, Март… Декабрь. Бул календарда кээ бир айлар 30 күндөн кайтса кээ бир айлар 31 күндөн кайтат, жадагалса Февраль айы 28 күндөн кайтып, төрт жылда бир 29 күндөн кайтат. Айтайын дегеним кайсыл ай 30 күндөн кайтса деле же 31 күндөн кайтса деле жадагалса 28 күндөн кайтса деле толук бир ай деп көңүлгө алабыз. Маселен кимдир бирөө мамлекеттик жумушта болсун же башка жерде жумушта болсун бир ай иштесе айлык-маянасын 30 күн иштесе да же 31 күн иштесе да жадагалса Февраль айында 28 күн иштесе да бирдей суммада алат.  Кайсы бир айда бир күн аз же көп иштедиң деп, айлык-маянасында кошумча же алымча болбойт.

Ал эми Ислам шариятында болсо календарь ай эсеби менен жүргүзүлөт. Ошол асмандагы айды эсептөө менен жыл санагы жүргүзүлөт. Асмандагы ай кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. 28 күн да, же 31 күн да болбойт. Демек жогорку “Григориан календарында”гы айлар сыяктуу эле 29 күн болсо деле же 30 күн болсо деле толук бир ай деп көңүлгө алабыз.

Бизге белгилүү болгондой “Григорян календарынын” эсеби боюнча түнкү саат 00:00 дө (түнкү саат 12:00 дө) сутка алмашат. Ошондо бир күндүз толугу менен жана анын эки тарабында жарымдан түн болуп, бир сутка болот. Мисалы төмөнкү сүрөттө:

Ал эми шариятта болсо күн батканда сутка алмашат. Ошондо бир түн толугу менен жана бир күндүз да толугу менен биригип, бир сутка болот. Суткада түн астында жүрөт. Ошондуктан эртең орозо кармайбыз деген түнү таравих намазын окуйбуз, себеби ошол түнү күн батканда биз Рамазан айынын биринчи суткасына кирип келген болобуз, ал эми эртең айт болот  деген түнү таравих намаз окубайбыз, себеби ошол түнү күн батканда биз Рамазан айынан чыгып, Шаввал айынын биринчи суткасына кирип келген болобуз. Мисалы төмөнкү сүрөттө:

Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын төмөнкү хадиси болгондуктан, биз муфтият, дегеле бүт молдокелер: “Качан биз айды көз менен көрсөк гана Рамазан айына кирип орозо кармоону баштайбыз. Эгер көз менен көрбөсөк анда кирбейбиз” деген принципте турабыз.

 

عَن عَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم ذَكَرَ رَمَضَانَ فَضَرَبَ بِيَدَيْهِ فَقَالَ: الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا وَهَكَذَا ثُمَّ عَقَدَ إِبْهَامَهُ فِي الثَّالِثَة،ِ فَصُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِه،ِ فَإِنْ أُغْمِيَ عَلَيْكُمْ فَاقْدِرُوا لَهُ ثَلَاثِينَ (رواه مسلم)

 

“Абдулла ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят:

“Албетте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) Рамазан айы жөнүндө айтып жатып, эки колунун манжаларын ачык бойдон көтөрүп: “Ай ушундай, ушундай жана ушундай болот” деп, үч жолу колун көтөрүп, үчүнчү жолкусунда бир колунун баш бармагын жумуп алды. (ошондо айдын 29 күн болуусуна ишара кылды). Ошондуктан айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)” деди. (Имам Муслим риваяты).

 

Ханафий мазхабынын усулул фикх эрежеси боюнча Куранда буйрук иретинде айтылган сөз болсо анда ал түздөн-түз фарз өкүмү болот. Ал эми хадисте буйрук иретинде айтылган сөз болсо, анда түздөн-түз важиб өкүмү болот.

Демек, хадистеги “Айды көрүп (анан) орозо кармагыла…” деп, буйрук иретинде айтылган сөзгө көрө биз үммөттөргө айды көрүп анан Рамазанга кирип орозо кармоо важиб экендиги ачык болот. Ал эми астрономдордун эсеби боюнча айдын жаңыруусун билип, айга киришибизге тоскоол болгон нерсе төмөнкү хадис:

 

عن ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ لَا نَكْتُبُ وَلَا نَحْسُبُ؛ الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا، يَعْنِي مَرَّةً تِسْعَةً وَعِشْرِينَ وَمَرَّةً ثَلَاثِينَ (متفق عليه)

 

Абдуллах ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят:

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):

“Албетте биз илимсиз үммөтбүз, жаза албайбыз, эсептей албайбыз. Ай кээде 29 күн болсо кээде 30 күн болот” деди. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

 

Демек жогорку хадистерден билингендей ай кээде 29 күн болсо, кээде 30 күн болот. Рамазан айы деле ушундай, кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. Элибизде Рамазан ай 29 күн болсо: “Ата бабаларыбыз кылбаган нерсени кылып жатасыңар, ушул күнгө чейин эч качан 29 күн орозо кармалган эмес, кайдагы бидъатты чыгарасыңар” деп, ызы чуу салуу, нааразы болуу көрүнүштөрү байкалып жүрөт.

Андыктан биз да Рамазандын орозосун 29 күн кармайбызбы же 30 күн кармайбызбы, шаръий далилдер менен изилдөө жүргүзүп көрөлү.

 

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ أَبِي بَكْرَةَ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏أَبِيهِ ‏ ‏رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ ‏‏عَنْ النَّبِيِّ ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ‏ ‏قَالَ ‏ ‏شَهْرَانِ لَا يَنْقُصَانِ شَهْرَا عِيدٍ رَمَضَانُ وَذُو الْحِجَّةِ (رواه البخاري)

 

“Абдурахман ибн Аби Бакра атасынан (разийаллоху анху) риваят кылат:

            “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):

            “Эки айт майрамы бар айлар кем болбойт. Алар Рамазан жана Зул-Хижжа айлары” деп айтты”.  (Имам Бухарий риваяты).

 

Бул хадиске ылайык Рамазан жана Зул-Хижжа айлары дайыма 30 күн болот деген түшүнүк өзүнөн-өзү маалым болду. Аалымдар бул хадиске кандай түшүндүрмө беришкен:

 

وقد اختلف العلماء في معنى هذا الحديث : فمنهم من حمله على ظاهره فقال : لا يكون رمضان ولا ذو الحجة أبدا إلا ثلاثين ، وهذا قول مردود معاند للموجود المشاهد ، ويكفي في رده قوله ، صلى الله عليه وسلم : صوموا لرؤيته وأفطروا لرؤيته ، فإن غم عليكم فأكملوا العدة فإنه لو كان رمضان أبدا ثلاثين لم يحتج إلى هذا . ومنهم من تأول له معنى لائقا . وقال أبو الحسن : كان إسحاق بن راهويه يقول : لا ينقصان في الفضيلة إن كانا تسعة وعشرين أو ثلاثين . انتهى . وقيل : لا ينقصان معا ، إن جاء أحدهما تسعا وعشرين جاء الآخر ثلاثين ، ولا بد . وقيل : لا ينقصان في ثواب العمل فيهما ، وهذان القولان مشهوران عن السلف وقد ثبتا منقولين في أكثر الروايات في البخاري

Аалымдар бул хадиске маани берүүдө түрдүүчө пикирде болушкан:

Алардан кээ бири бул хадистин зоохирине (түздөн-түз) маани беришкен да: “Рамазан айы менен Зул-Хижжа айы дайыма отуз күндөн болот” деп айтышкан. Бул пикир Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын ачык айткан сөзүнө терс келгендиги үчүн туура эмес (мардуд). Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) төмөнкү сөзү жогорку пикирдин туура эместигине жетиштүү. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): “…айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)” деп айткан. Эгерде Рамазан айы дайыма 30 күн болгондо Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) бул сөздү айтуусуна кажет болмок эмес.

Аалымдардын кээ бири бул хадиске ылайыктуу маани менен түшүндүрмө беришкен:

Абул Хасан (рахимахуллах) айтат: Исхак ибну Рохавия (рахимахуллах) бул хадиске маани берүүдө мындай деп айтчу:

“Бул эки ай 29 күн болсо да же 30 күн болсо да артыкчылыгы (сооп жана башка нерселери) азайбайт”.

Дагы бир маани берүүдө; “Экөө тең 29 болуп калбайт, эгер бири 29 күн болсо экинчиси сөзсүз 30 күн болот” деп айтылган.

Дагы бирөөсүндө: “Ал эки айдагы амалдарга берилчү сооптор 29 күн болсо деле 30 күндүн сообунан кемитилбейт” деп айтылган.

Мурунку өткөн улуу муун аалымдар мына ушул акыркы айтылган эки маанини айтып келишкен. Имам Бухарий (рахимахуллах) көптөгөн риваяттарында ушул акыркы эки маани айтылган.

 

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун канча жолу кармаган жана алардын канчасын 29 күн, канчасын 30 күн кармаган, тарыхка бир назар салып көрөлү.

 

قال الإمام النووي في «المجموع» (6/ 205): [صَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ رَمَضَانَ تِسْعَ سِنِينَ؛ لِأَنَّهُ فُرِضَ فِي شَعْبَانَ فِي السَّنَةِ الثَّانِيَةِ مِن الْهِجْرَةِ، وَتُوُفِّيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ فِي شَهْرِ رَبِيعٍ الْأَوَّلِ سَنَةَ إحْدَى عَشْرَةَ مِن الْهِجْرَةِ] اهـ.

 

Имам Нававий (рахимахуллах) “Ал-Мажмуъ” китебинде: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Рамазан айынын орозосун тогуз жолу кармаган. Себеби, Рамазан айынын орозосу хижраттын экинчи жылы Шаъбан айында фарз болгон. Ал эми Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) хижраттын он биринчи жылы Роийъул Аввал айында дүйнөдөн өткөн”, деп айткан.

Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) баш аягы болуп, тогуз жолу Рамазан айынын орозосун кармаптыр. Эми ушул тогуз жолку орозонун канчасын 29 күн канчасын 30 күн кармаганын карап көрөлү.

قال ابن خزيمة: إن صيام تسع وعشرين لرمضان كان على عهد النبي — صلى الله عليه وسلم — أكثر من صيام ثلاثين خلاف ما يتوهم بعض الجهال والرغَّاء ، أن الواجب أن يصام لكل رمضان ثلاثون يوما كوامل

Ибну Хузайма рахимахуллах: “Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын доорунда Рамазан айынын орозосу 30 күндөн 29 күнү көбүрөөк болгон.  Бул кээ бир наадан жана келжирек адамдардын: “Албетте ар бир Рамазан айы толук 30 күн болуусу ваажиб”, деп ойлогон нерселерине терс келет”, деп айткан.

عن ابن مسعود قال : » لما صمت مع النبي — صلى الله عليه وسلم — تسعا وعشرين أكثر مما صمت معه ثلاثين «(رواه ابن خزيمة)

“Абдулла ибн Масъуд (разийаллоху анху): “Мен Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен кошо (Рамазан айынын орозосун) 30 күн кармагандан көрө 29 күн көбүрөөк кармадым”, деп айткан. (Ибну Хузайма риваяты).

قال بعض الحفاظ صام رسول الله صلى الله عليه و سلم تسع رمضانات منها رمضانان فقط ثلاثون كذا في شرح ابن حجر

Кээ бир аалымдар айтат: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) тогуз жолу Рамазандын орозосун кармаган. Андан экөөсүн гана 30 күн кармаган (калган жетөөсүн болсо 29 күн кармаган)”, деп айтышкан. Ибну Хажардын (рахимахуллах) шархында ушундай делинген.

Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун 30 күндөн 29 күн кармаган жылдары көп экендиги бизге маалым болду.

Андыктан: “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш. Ким буга нааразылыгын билдирсе өзүнүн наадандыгын жана келжиректигин гана айгинелеген болот.

 

Жогорку Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептей албастыгын моюндаган хадиске көрө биз астрономдордун эсеби менен айга кире албайбыз, себеби эсептей албастыгын Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) өзү моюндап жаткандан соң ал кишинин алдында биз кимбиз (өз алдынча айды эсептегидей). Фатваа китептерибизде да “Астрономдордун эсебине таянылбайт” деп айтылган.

Демек биз үммөткө важиб болгон нерсе ар бир айдын 29- суткасы бүтүп жатканда күн батуусунун алдында (аср менен шамдын ортосунда) ай кароо иш чарасын өткөрүү керек. Эгер ай көрүнсө жаңы айга киребиз. Көрүнбөсө үстүбүздөгү айды 30 га толтуруп бүрсүкүнү жаңы айга киребиз. Маселе ушул.

Мына ушинтип, астрономдорго жооп берген болобуз да, айдын көрүнүүсүн күтүп жата бербей бир жума же он күн мурда болжолдуу түрдө Рамазан “балан” числодо башталат, бирок айдын көрүнүүсүнө карап бир күн айырма болуусу ыктымал деп муфтияттан фатваа чыгарабыз. Фатваа чыккандан соң, кээ бир сырттан аңдып турган “муфтийлер”: “Эмне муфтияттын көзү ачыкбы, айды мурда эле көрүп алдыбы, бир жума же он күн мурда айтууга эмне акысы бар. Булар Куран, Хадисти тебеледи, шариятка терс иш кылды, фатваалары жарабайт” деп кыйкырып чыгышат. Дегеле Рамазан айынын башталуусун алдын ала (бир жума же он күн, ээ койчу бир күн мурда) айтсаң да балээ,  айтпасаң да балээ. Кыскасы “Олтурсаң опок, турсаң сопок”.

Негизи араб өлкөлөрүндөгү элдин адаты, Шааьбан айынын 29-кечесинде жамаат мечитте куптан намазын окугандан соң, бир азга мечиттен чыкпай имамдан кабар күтүп турушат. Имам чыгып: “Бизге дин башкармалыгынан кабар келди, ай көрүнүптүр, эртең орозо кармайбыз. Азыр сапка туруңуздар таравих намазын окуйбуз” деп жамаат менен таравих намазын окуп тарап кетишет. Же болбосо имам чыгып: “Бизге дин башкармалыгынан кабар келди, ай көрүнбөптүр, ошондуктан бүрсүкүнү орозо кармайбыз, таравих намазын болсо эртең окуйбуз. Азыр үйүңүздөргө тарап кете бериңиздер” десе жамаат “макул” деп, унчукпай тарап кете берет. Биздегидей дин башкармалыгын же молдокелерин эмне үчүн эртерээк айтпайсың деп жакадан албайт. Аларга ошол адат сиңип кеткен. Чындыгында шарият талап кылган нерсе ушундай болуусу керек.

 

Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тарсаң араба сынат.Эмне кылуу керек?! Кантсек мындай кырдаалдан чыгып кетебиз?! Деги чыгууга жол барбы?! Эки тарапка тең (элге, астрономдорго да “муфтий”лерге да) татыктуу жооп бере алабызбы?!

Урматтуу окурман! Мындан аркы айтчу нерселерибизге жакшылап көңүл буруң! Келиңиз экөөлөшүп буга жол издейли.

 

Биринчиден жогоруда хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептеп болбостугун айтып, өзүнүн сабатсыздыгын моюндады. Ооба Пайгамбарыбыз чындап эле окуганды жана жазганды билбеген адам болгон, бирок бул дегени Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жаахил-наадан болгон дегендик эмес.

Бул да болсо Кудайдын каалоосу, ушундай (окуганды, жазганды билбеген) адамды пайгамбар кылып жиберди. Эгерде илимдүү-сабаттуу адамды пайгамбар кылып жибергенде адамдар: “Бул адам сөздөрүн илимине таянып айтып жатат” деп, анын пайгамбарлыгына ишенбей коюшмак. Ал эми чындап эле окуганды, жазганды билбеген адам илимдүү адамдын да акылы жетпей турган нерселерди айтып жаткандыгы адамдарды таң калтырбай койбойт. “Чындап эле бул адам мындай сөздөрдү айта алчу эмес, себеби өзү илимсиз болсо кайдан билмек. Демек буга кандайдыр бир күч ээси болгон Зат үйрөтүп жатат, ошондуктан бул адам чындап эле пайгамбар го” деп, аны ээрчишкен.

Аалымдарыбыз, Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам)  (айды) эсептөөдөн кайтаргандыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрүшөт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептөөдөн кайтарган учурда, тагыраагы ошол доордо, христяндардын жылдыз эсеби менен гороскоп-төлгөөсүн айтуу туу чокусуна чыккан болчу. Мусулмандар да ушул тарапка ооп кетпестиги үчүн Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептөөдөн тоскон. Ошондуктан Пайгамбарыбыздын бул тыюусу түбөлүк эмес. Учуру келди жылдыз эсеби аркылуу гороскоп-төлгөсү менен айды эсептөөнүн айырмасы ачыкка чыкты. Тагыраагы мусулмандар айды эсептөө менен төлгөчүлүккө өтүп кетпөө деңгээлине жетишти. Дегеле айды жана күндү эсептөөгө болобу?!

АЙДЫН ОРБИТАСЫ

 

وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ ◌ لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ ◌

﴿سورة يس: 39-40﴾

 

“Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). Күн айга жете албайт, түн да күндүздөн алдыга өтүп кете албайт. Баары бир орбитада сүзүп жүрүшүүдө”. (“Ясин” сүрөсү, 39-40-аяттар)

Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт. Ошол эле учурда жер менен бирге күндүн айланасында айлангандыктан, космосто тынымсыз «S» тамгасына окшош бир орбита чийет. Айдын космостогу мындай орбитасынын калыбы Куранда «эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)» сүйлөмүндө сүрөттөлгөндөй, кургаган курма дарагынын бутагынын ийрилигине абдан окшошууда. Аяттагы «уржун» сөзүнүн мааниси куурап ичкерген, тырышкан курма бутагы жана курма дарагынын мөмөлөр жыйылып алынган соң калган бөлүгүн айтуу үчүн колдонулат. Мындан тышкары, бул бутактын «эски» сөзү менен айтылышы да абдан сырдуу, себеби курма бутагынын эскиси ичкерээк жана ийрирээк.

Албетте, 1400 жыл мурун айдын орбитасы жөнүндө маалыматка ээ болуу мүмкүн эмес эле. Учурдун технологиясы жана илимий жетишкендиктери менен аныктала алган мындай түзүлүштүн Куранда мынчалык так бир окшоштуруу менен билдирилиши Курандын дагы бир илимий керемети.

 

АЙ ЖЫЛЫНЫН ЭСЕПТЕЛҮҮСҮ

 

هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ ۚ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ ﴿سورة يونس: 5﴾

“Ал күндү жарык, ал эми айды нур кылды. Силер жылдарды жана убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Аллах буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн аяттарын ачык-айкын баяндайт”

(“Юнус” сүрөсү, 5-аят)

 

وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ   ﴿سورة يس: 39﴾

 

        “Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)”. (“Ясин” сүрөсү, 39-аят)

Жогорудагы биринчи аятта Аллах айдын адамдар үчүн бир жыл эсептөөдө бир өлчөө болоорун апачык билдирген. Мындан тышкары, бул эсептердин айдын орбитасында айланышы учурундагы көрүнүштөрүнө жараша жасалаарына да көңүл бурулган. Жер-ай жана жер-күн түздүктөрү арасындагы бурч тынымсыз өзгөрүп тургандыктан, биз айды ар кайсы убакта ар кандай абалда көрөбүз. Мындан тышкары, айды көрө алышыбыз айдын күндөн алган жарыкты чагылтышы натыйжасында мүмкүн болгондуктан, айдын күн тарабынан жарык кылынган тарабы жердеги байкоочу үчүн тынымсыз ар кандай калыпта өзгөртөт. Мындай өзгөрүүлөр эске алынып, бир катар эсептөөлөр жасалат жана бул адамдарга жылды эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Мурда 1 ай адамдар тарабынан эки толгон ай арасындагы аралык же айдын жердин айланасында айланган убактысы катары эсептелчү. Бул эсеп боюнча 1 ай 29 күн 12 саат жана 44 мүнөткө ээ эле. Бул «камарий (ай боюнча) ай» эсеби деп аталат. 12 камарий ай болсо румий календарь боюнча 1 жыл болот. Бирок жердин күндү айланып бүтүшүн 1 жыл деп кабыл алган миладий (учурда колдонулган григориан) календарь менен румий календарь арасында жыл сайын 11 күндүк бир айырма пайда болот. Кахф Сүрөсүнүн 25-аятында да бул айырмага мындайча көңүл бурулган:

وَلَبِثُوا فِي كَهْفِهِمْ ثَلَاثَ مِائَةٍ سِنِينَ وَازْدَادُوا تِسْعًا ﴿سورة الكهف: 25﴾

“Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл болушту (турушту) жана дагы тогуз (жыл) кошушту”. (“Кахф” сүрөсү, 25-аят)

Аяттагы убакытты мындайча түшүндүрүүгө болот: 300 жыл х 11 күн (ар бир жыл үчүн пайда болгон айырма) = 3300 күн. 1 күн жылынын 365 күн 5 саат 48 мүнөт жана 45,5 секундадан тураарын эске алсак, анда 3300 күн/365,24 = 9 жыл. Башкача айтканда, миладий календарь боюнча 300 жыл румий календарь боюнча 300+9 жылга барабар. Байкалгандай, аятта кылдат эсептерге таянган бул 9 жылдык айырмага көңүл бурулган. (Эң туурасын Аллах билет). Албетте, Куранда мындай бир маалыматка көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.

Мусулмандардын ай жана күн хижрий календарлары

            Ай – хижрий календары. Синодикалык Ай 29,53 суткага, жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили – тропикалык жыл болсо 365,2422 суткага тең болуп, алар бүтүн суткаларда (күндөрдө) туюнтула албастыгы календарлар түзүүнү татаалдандат. Анткени календарь айы да, жылы да иш жүзүндө бүтүн суткаларды туюнтууну талап кылат.

Биринчи ай календары б.з.ч. 2500-жылдарда Байыркы Вавилондо пайда болгон. Жети күндүк апта да ошол маалдарда, жылдыздардын фонунда аракеттене турган жети асман телосунун (Күн, Ай жана 5 планета) санына теңдеп киргизилген. Муну менен асман телолору ыйыкташтырылып, аптанын бирден күнү аларга арналган. Кийинчерээк мусулман календары деп атала турган ай календары калыптанды. Көптөгөн Азия мамлекеттеринде колдонула турган бул календарь жылына узундугу 354 күн болуп, ал 12 айга бөлүштүрүлгөн. Анда айлар 29 жана 30 күндөн алмашып, орточо Ай фазаларынын алмашуу мезгили – 29,5 күнгө тең болот. Анын айлары асманда жаңы Ай көрүнүшү менен башталат. Календарь айлары Ай фазаларына ылайык келиши үчүн бул календарда болжол менен ар 3 жылда жылдар 355 күн кылып алынат. Бул календарь жылынын узундугу биз колдончу календарь жылынан орточо 11 күнгө кыскалыгынан, жылда анын жаңы жылы болжол менен 11 күн эрте келет жана натыйжада 33 жылда 1 жылга илгерилейт, башкача айтканда ай календары боюнча 34 жыл өтөт .

Бул календардын башталышы пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллоху алайхи васаллам) Меккеден Мединага көчкөн жылынын башынан башталып, ал григориан календары боюнча 622-жылдын 16-июлуна туура келет. Мусулмандардын бул календарлары хижрий, толук кылып айтканда, Ай-хижрий же камарий-хижрий календарь деп аталат (“hijratun” – арабча “көчүп өтүү” дегенди билдирет). Бул календардын 12 айы төмөнкүчө аталат: Мухаррам, Сафар, Рабийъул аввал, Рабийъул ахир, Жумадул аввал, Жумадул ахир, Ражаб, Шаъбан, Рамазан, Шаввал, Зулкаъда, Зулхижжа.

Бул календарь боюнча жаңы – 1440-жөнөкөй жылдын 1-мухаррамы 2018-жылдын 13-сентябрында кирет.

Күн хижрий календары. Омар Хайямдын күн-хижрий календары. XI кылымда Нишапурда (Хорасан) жашап, математика, астрономия боюнча эмгектенген белгилүү акын Омар Хайям (1048 – 1131) 1070-жылда селжук султаны Маликшах жана анын вазири Низам ул-Мулк тарабынан сарайга чакырылат. Анын суранычы боюнча шах Хайям жана анын шакирттерине 1076-жылды Исфаханда (Иран) обсерватория куруп берет. Маликшах өлөгнгө чейин (1092-ж.) иштеген бул обсерваториядагы астрономиялык байкоолор натыйжасында жүздөн ашуун жарык жылдыздардын коордиталарын жана Ай, Күн жана планеталардын кыймылдарын чагылдырган жадыбалдарды өз ичине алган “зиж2 түзүлгөн. Бул астрономиялык колдонмо кийинчерээк “Маликшахтын зижи” деген ат менен дүйнөлүк астрономи тарыхынан орун алган.

Абу Райхан ал-Беруний өзүнүн “Байыркы элдерден калган эстеликтер” чыгармасында Иранда календарь жылынын узундугу 365 күн болуп, 12 айдын биринчи 11 и 30 күндөн, 12-си болсо 35 күндөн болгонун маалымдайт. Бул календардын жыл башы дайыма жазгы күн-түн теңелүү (21-март) менен дал келет. Тропикалык жылдын узундугу чынында 365 күн болбой, андан 6 саатка узундугу себеп, жылдар өтүшү менен календарь жылынын башы күн-түн теңелүүдөн жылып кетүүсүнө (ар төрт жылда болжол менен 1 күн) себеп болгон. Календардагы мындай кемчилдикти жоюу үчүн Маликшах астроном жана математиктерден турган кеңеш түзүп, ага жетекчилик кылууну Омар Хайямга тапшырат. Кеңештин башкы милдети календарь жылынын башын (“Нооруз”) жазгы күн-түн теңелүүдөн жылбай турган кылып түзүү болгон. Ал үчүн кеңеш 366 күндүк кабыйса жылын киргизип, анын келүү тартибин, римдиктердин юлиан календарынан башкачараак түрүн сунуштады.

Кийинчерээк Омар Хайям календары деп аталаган бул календарда кабыйса жылы 33 жылда 8 жолу келип (рим календарында 32 жылда), алгачкы 7өө ар төртүнчү жылда, акыркы 8-си болсо 5-жылы келе турган кылып кабыл алынды, башкача айтканда, 33 жылдык мезгилдин 4-, 8-, 12-, 16-, 20-, 24-, 28-, жана 33-жылдары кабыйса жылдары саналып, 366 күндөн болду, калган 25 жылы 365 күндөн эле.

Омар Хайямдын календарында жылдын орточо узундугу  365 8/33  ═365,24242 күнгө тең болуп, тропикалык жылдын чыныгы узундугунан (365,24220 күн) болгону 0.00022 суткага, башкача айтканда 19,5 секундга гана узун болчу. Бул каталык ушунчалык кичине болгондуктан. Ал топтолуп отуруп 4500 жыл өткөндөн кийин гана 1 күнгө жетчү. Биз колдонуп жаткан григориан календарынын катасы бир күнгө жетиши үчүн болсо 3300 жыл (б.а. Омар Хайям календарындагынан 1200 жыл аз убакыт) керек болот. Демек Омар Хайямдын түзгөн календары биз колдонуп жаткан григориан календарынан бир топ жылга эсеби туурараак болгондугу маалым болот.

Омар Хайямдын бул календары учурда Иранда иштетилүүчү Жалалий (Маликшахтын ылакабы) календарынын негизин түзөт.

Бул календарь мезгилинин башы да кийинчерээк мусулмандардын хижрий – камарий календарынын башындагыдай 622-жылдын 16-июлуна көчүрүлүп, ал күн-хижрий календары деген ат менен атала турган болду. Бул календардагы айлар бизде Күндүн жылдык көрүнмө кыймылы учурунда кесип өтө турган жылдыз түркүмдөрүнүн аттары менен Кой (Hamal), Букачар (Savr), Эгиздер (Javzo), Бөйөн (Saraton), Арстан (Asad), Бийкеч (Sunbula), Тараза (Mezon), Чаян (Aqrab), Жаачы (Qavs), Текечер (Jaddi), Суу куяр (Dalv), Балык (Hut) деп аталат.

Күн-хижрий календары боюнча – 1397-жыл 2018-жылдын 21-мартында кирди.

Куранда Аллах таала айтат:

فَالِقُ الْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ اللَّيْلَ سَكَنًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ حُسْبَانًا ذَلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ) ﴿ سورة الأنعام: 96﴾،

 

“Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары-Ызааттуу, Билүүчү болгон Заттын тагдыры (өлчөп койгону)”. (“Ал-Аньам” сүрөсү, 96-аят).

الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ بِحُسْبَانٍ   ﴿ سورة الرحمان: 5 ﴾

 

“Күн жана ай (Аллах белгилеген) эсеп менен (айланат)”. (“Ар-Рохман” сүрөсү, 5-аят)

 

إنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِنْدَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ ۚ…

﴿سورة التوبة: 36﴾

“Чындыгында асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын Өзүнүн Китебинде (Лавхул Махфузда) айлардын саны он эки (бойдон турат). Булардын төртөөсү ыйык айлар. Мына ушул (Ислам)-бекем дин…” (“Тавба” сүрөсү, 36-аят).

 

Жогорку аяттардан белгилүү болгондой, ай менен күндүн эсеби бар. Болгондо да ал эсеп Жараткандын эсеби. Жараткандын эсебинде эч кандай кемчилик болуусу мүмкүн эмес. Асман телолорунун бүт баары аалам мейкиндигинде Аллах тагдыр кылып-өлчөп койгон орунда кыйшайбастан сүзүп жүрөт. Эгерде аз да болсо өз огунан чыгып кетсе заматта ааламда кыйроо болуусу эч кимге сыр эмес. Бүгүнкү күндө асаман телолорунун ордун жана алардын кыймыл-аракетин эсептөө илими өз туу чокусуна жетти. Маселен, биз жашап жаткан жердин каалаган жеринен саат канчада күн чыгаарын жана күн батаарын жердин күндүн айланасындагы аракетин эсептөө менен алдын ала айтуу эч кыйынчылык туудурбайт. Ошондой эле айдын жер айланасындагы аракетин да ар бир секундасына чейин аныктоо мүмкүн. Маселен, качан ай жаңырат, качан толот жана башка… Жогоруда намаз убактыларын да жердин күндүн айланасындагы аракетин эсептөөгө көрө аныкталды.

Ташкенттик Молдо Тажихужа ибн Эшанхандын калемине таандык (1903-жылы Петербург шаарында басмадан чыгарылган) “Мухимматуд Дин” атту китепте, Азирети Алинин (разийаллоху анху) керемети менен болгон ай эсебин жүргүзүү эрежеси жазылган. Анда төмөнкүдөй айтылган:

آی حسابی

جناب حضرت علی کرم الله وجهه سیاحت قیلیب یوروب بر تاغ لیک جایغہ باریب قالدیلار اول موضعداگہ آدم لار آفتاب و آی نینگ کورماس ایکانلار آی و یل نی حسابین بیلماس  ایکانلار دین و ملّتدين بيكانه  ايكانلار حضرت علي رضي الله عنه أول قومغہ دين اسلام اورگاتیب شریعت احکام لارینی تعلیم بردیلار الاردین بری سورادیکہ بيزلار  آى و يل حسابينى بيلمايدورميز تعليم برسہ لار حضرت علی کرم اللہ وجہہ ایدیلار آتینگ نیمہ اییدیکہ آتیم اہجزدبود ایدیلارکہ فرزندینگ بارمو ایدی ایکے قیزیم بار برینی آتے زبجہوا برینی آتی بدہزاج حضرت علی رضی اللہ تعالی عنہ ایدیلار سنینگ آتینگ سکز حرف ہر حرفینی بر یلدن اعتبار قیل ایکی قیزینگ نے نامی اون ایکی حرف ہر حرفی بر آیغہ اشارت بولسون چنانچی زبجہواداگے ز محرّمغہ ب سفرغہ ج ربيع الأول ھ ربيع الآخر و جمادى الأولى غہ الف جمادى الآخرغہ بدہمزاج داگے ب رجب غہ د شعبانغہ ھ رمضانغہ ز شوّالغہ الف ذو القعدغہ ج ذو الحجےگا اشارت بولسون اندين كيين تأريخ ہجريدين سكيز تشلاب قنچہ قالسہ اوشبو قالغانيغہ موافق اوشل يل تماميغہ اہجزدبود حرفینی حسابنچہ بر قالسہ الفنے ایکے قالسہ ہاسی نی اوچ قالسہ جیم حرفینی شونگا اوخشاش تا آخریغچہ آی حرفیغہ قوشوب حساب قیلینور اگر یتی و یا یتی عددن زیادہ بولسہ یتی عددنے تشلاب باقیسی اگر یتی عددن کم بولسہ اوزینی اعتبار قیلینوب آی باشی محسوب بولور

АЙ ЭСЕБИ

Азирети Али (разийаллоху анху) саякат кылып жүрүп, бир тоолуу жерге барып калат. Ал жердеги адамдар күн жана айды көрүшпөйт экен. Ай жана жыл эсебин да билишпейт экен. Динден жана элден да жат болушуптур. Азирети Али (разийаллоху анху) ал коомго Ислам динин үйрөтүп, шарият өкүмдөрүнөн таалим берди. Алардан бирөө:

“Биз ай жана жыл эсебин билбейбиз, бизге үйрөтсөңүз”, деп суранды. Азирети Али (разийаллоху анху):

“Атың ким?”, деп сурады. Ал:

“Атым Ихжазудабуд ( اہجزدبود )”, деп жооп берди. Азирети Али (разийаллоху анху):

“Перзенттериң барбы?”, деп сурады. Ал:

“Эки кызым бар, биринин аты Зибижхава ( زبجہوا ) экинчисинин аты Бдихзаж ( بدہزاج)”, деп жооп берди. Азирети Али (разийаллоху анху):

“Сенин атың сегиз тамгадан турат экен (араб алфавитиндеги тамгалар менен эсептегенде ИХЖЗДБУД), ар бир тамгасын бир жыл деп көңүлгө ал. Эки кызыңдын аты (биригип, араб алфавитиндеги тамгалар менен эсептегенде ЗБЖХВА, БДХЗАЖ) он эки тамгадан турат экен. Ар бир тамгасы бир айга ишарат болсун. Маселен, Зибижхавадагы “З” (зай) тамгасы “Мухаррам” айына, “Б” (баа) тамгасы “Сафар” айына, “Ж” (жийм) тамгасы “Робийъул Аввал” айына, “Х” (хаа) тамгасы “Робийъул Аахир” айына, “В” (ваав)  тамгасы “Жумадул Уула” айына болсо, “А” (алиф) тамгасы “Жумадул Аахир” айына ишарат кылат. Ал эми Бдихзаждагы “Б” (баа) тамгасы “Ражаб” айына, “Д” (даал) тамгасы “Шаъбан” айына, “Х” (хаа) тамгасы “Рамазан” айына, “З” (зай) тамгасы “Шавваал” айына, “А” (алиф) тамгасы “Зул Каъда” айына болсо, акыркы “Ж” (жийм) тамгасы “Зул Хижжа” айына ишарат кылат. Андан соң, төмөнкүдөй эреже менен эсептейбиз:

 

Айдын башын аныктоо үчүн Азирети Али (разийаллоху анху) тарабынан анын керемети менен болгон тактоо эрежеси.

Хижрий жылды сегизге бөлүп алабыз. Себеби жогорку “ихжазу дабуд” сөзү араб тамгалары менен алганда сегизди түзөт. Анан бөлгөндө калкулятор менен эмес, кол менен бөлөбүз. Анткени калкулятор менен бөлгөндө калдыксыз чыгат. Ал эми бизге калдык саны керек. Ошол калдык саны менен биз “жыл акимин” аныктайбыз. Тагыраак айтканда, калдык саны канча чыкса ошол катардагы тамганы жыл акими деп дайындап алабыз.

Мисалы: 1438ди 8ге бөлөбүз.

Биздин бул бөлүүбүздө 6 калдык калды. Эми биз ушул алты саны менен “жыл акимин” аныктайбыз. Жогорку إهجز دبودтамгаларынын катар боюнча алтынчысы ب тамгасы. Демек жыл акими ошол тамга делинет. Эгер бөлгөндө калдык калбаса, акыркы тамганы жыл акими деп тандалат. Араб тамгалары сандар үчүн да тагыраак айтканда сан ордуна да иштетилген. Ар бир тамга өзүнүн сандык-“абжадий” кыйматына ээ.

1000 غ 100 ق 10 ي 1 ا
    200 ر 20 ك 2 ب
    300 ش 30 ل 3 ج
    400 ت 40 م 4 د
    500 ث 50 ن 5 ه
    600 خ 60 س 6 و
    700 ذ 70 ع 7 ز
    800 ض 80 ف 8 ح
    900 ظ 90 ص 9 ط

 

“Баа” ( ب ) тамгасынын эсептик саны 2 экен. Муну көңүлүбүзгө сактап туралы да, ай акимин аныктап алалы. Албетте биз аныкташыбыз керек болгон ай Рамазан айы. Рамазан айы БДХЗАЖ тамгаларынын “Х”

( ه хаа) тамгасына дал келет. Ал эми “Х” ( ه хаа) тамгасынын эсептик саны 5. Биз 2 саны менен 5 санын кошобуз. Кошкондо 7 болуусу баарыбызга белгилүү. Эми жекшембиден баштап жети күндү эсептейбиз, маселен:

1-жекшемби, 2-дүйшөмбү, 3-шейшемби, 4-шаршемби, 5- бейшемби, 6-жума, 7-ишемби болот. Мына бизге ушул 7-күн керек болчу, ал ишемби экендиги маалым болду. Ошондо Рамазан айынын башы ишемби күнгө дал келет.

Дал ушундай эреже менен 1439-хижрий жылындагы Рамазан айынын башталуусун өзүңүз тактап көрүңүз.

Келиңиз эми биз ушул эреже менен 1440-хижрий жылындагы Курман айт күнүн издеп көрөлү. 1440 санын 8 ге бөлсөк 180 ден тийет да калдык калбайт. Биз жогоруда айттык, эгер калдык калбаса ИХЖЗДБУД тамгаларынын акыркысын жыл акими деп тандап алабыз деп, ошондо 1440-жылы жыл акими “Д” ( د даал) тамгасы болду. “Даал” тамгасынын эсептик саны 4 болот. Андан кийин бизге керек болгон ай Зул Хижжа айы, демек жыл акими Зул Хижжа деп аныктап алалы. Зул Хижжа айы БДХЗАЖ тамгаларынын акыркысы “Ж” ( ج жийм) тамгасына дал келет. “Жийм” тамгасынын эсептик саны болсо 3 болот. Мында да экөөнү кошсок 7 чыгат. Демек жогоркудай жол менен апта күндөрүн жекшембиден баштап санасак, жетинчи күн ишемби болот. Ошондо Зул Хижжа айынын башталуусу да ишемби күнүнө туура келет. 2018-жылы Курман айт майрамы жергебизде 21-августта белгиленген. Бирок эсиңизде болсун Курман айт майрамы Зул Хижжа айынын 10-күнү болот. Ошондо 2018-жылы Зул Хижжа айынын башы 12-августка дал келиптир. Камарий-хижрий жыл эсеби Миладий жыл эсебинен 10-9 күн аз болот. Демек, 2019-жылы Зул Хижжа айынын башы 2-же 3-августка дал келүүсү мүмкүн. Биз 2019-жылдын календарын карайбыз, ишемби күнүнө кайсы число дал келет экен. 2019-жылы 3-август ишемби күнүнө дал келет экен. Андыктан биз “Ихжазудабуд” эрежеси менен Зул Хижжа айынын башы 3-августка дал келди дейбиз да, Зул Хижжа айынын 10-күнү ошондо 12-августка дал келет да Курман айт майрамы мына ушул числого туш келүүсү мүмкүн.

 

Бирок урматтуу окурман сизге бир нерсени эскерте кетүүбүз зарыл деп ойлойм. Аалымдарыбыз бул “Ихжазудабуд” эрежеси менен болгон эсепке 100 % ишенич жок жана ал эсепке таянылбайт деп айтышкан. Себеби Азирети Алинин (разийаллоху анху) мындай окуясы эч бир ишеничтүү тарыхый булактарда айтылган эмес. Калаберсе бул эсеп тажрыйба кылынганда көбүнесе туура чыкпай калган. Анткени, бул эсеп дайыма асманда “вужуду хилал” (айдын бар экендигин) айткан, “ру’ятул хилал”ды  (айдын көз менен көрүнүүсүн) көңүлгө алган эмес.

Биз сизге бул эрежеден кабар бергендигибиздин себеби, мына ушундай жол менен да ай эсеби жүргүзүлөт, муну да билип алганыңыз зыян болбойт деген максатта болду. Ошондой эле кээ бир молдокелерибиз “Ихжазудабуд” эсебине бекем таянып алышкан жана болгон акыйкат ушул гана деген түшүнүктү сиңирип алышкан. Алардын мындай ойлогону анчалык туура эмес болуп калат. Андыктан урматтуу окурман сабагбыздын мындан аркы жүрүшүнө жакшылап маани бериңиз, буюрса сиздин бүт суроолоруңузга жооп табылат деп ишендиребиз.

 

Ханафий мазхабынын усулул-фикх эрежеси боюнча Куран менен Хадис бир-бирине карама-каршы келип калса эмне кылынат. Мисалы, жогоркудай хадисте Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам айды эсептей албайбыз деп жатса, Куранда эсептесе болот деп жатат. Мындай учурда ханафийлердин усулу боюнча, эгер ошол Куран аятына карама-каршы келген хадис мутаватир же машхур хадис болбосо экөөнө тең (Куран, хадиске) амал кылуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда экөөнө тең амал кылабыз. Маселен: наркы үч мазхабтын пикиринде “Фатиха” сүрөсүн намазда окулуу өкүмү фарз делинет. Алардын далили:

عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَال : لا صَلاةَ لِمَنْ لَمْ يَقْرَأْ بِفَاتِحَةِ الْكِتَابِ (رواه مسلم)

Убада ибн Сомиттен (разийаллоху анху) риваят:

Албетте Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):

“Ким намазында “Фатиха” сүрөсүн окубаса, анда анын намазы жок” деп айтты”. (Имам Муслим риваяты).

Бирок ханафийлерде намазда “Фатиха”сүрөсүн окуунун өкүмү фарз эмес балким важиб. Эмне үчүн ачык хадис турса да наркы мазхабтардай фарз өкүмүн бербей важиб делинди. Абу Ханифанын (рахимахуллах) “Фатиха” сүрөсүнүн намазда окулуусуна фарз эмес важиб өкүмүн бергендигинин себеби: “Хадис менен фарз өкүмүн берчү болсок анда Куран аяты бекер болуп калат”, деп айткан. Куранда:

وَاللَّهُ يُقَدِّرُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ ۚ عَلِمَ أَن لَّن تُحْصُوهُ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنَ الْقُرْآنِ ۚ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرْضَىٰ ۙ وَآخَرُونَ يَضْرِبُونَ فِي الْأَرْضِ يَبْتَغُونَ مِن فَضْلِ اللَّهِ ۙ وَآخَرُونَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنْهُ ۚ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ      ﴿ سورة المزمل: 20﴾

“Аллах түндү да күндү да тактап өлчөп койгон. Аллах силер муну эске албасыңарды билет жана ошол үчүн силерди кечирет. Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула. Ал силердин араңарда оорулуулар болоорун, башкалары Аллахтын ырайымын издеп (соода же сапар кылып) жер бетин кезип жүрөөрүн, ошондой эле дагы башкалары Аллах жолунда күрөшөөрүн билет. Ошондуктан, Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула. Намаздарды (өз убагында) окугула жана зекетти бергиле…” делинген.

(“Музаммил” сүрөсү, 20-аят).

 

Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула… деди. Аллах таала намазда окулуучу куранды бир сүрөгө, тагыраак айтканда “Фатиха”га дайын кылып койгон жок. Демек биз хадис өкүмү менен фарз өкүмүн берсек, анда Куран аятындагы Аллахтын сөзү бекер болуп калат. Эми карап көрүңүз урматтуу окурман, Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калды. Анда биз ханафийлер экөөнө тең амал кылуунун жолун карадык да Куран өкүмү менен намазда Курандын кайсыл жеринен болсо да бир аят окуу фарз. Ал эми хадис өкүмү менен намазда “Фатиха” сүрөсүн окуу важиб дедик.

А бирок Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип, экөөнө тең амал кылуунун жолу болбосо, анда биз хадисти таштайбыз да Куранды карманабыз. Мунун мисалы, дагы эле ошол үч мазхабта, кыз бала балагатка жеткен болсо да же акыл-эси жайында болсо да валийсинин (атасынын, атасы жок болсо бир тууган ага же инисинин, аларда жок болсо кандайдыр бир эркек жакын тууганынын) уруксатысысыз күйөөгө тийип никелене албайт. Алардын далили:

 

عَنْ عَائِشَةَ، قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَيُّمَا امْرَأَةٍ نَكَحَتْ بِغَيْرِ إِذْنِ مَوَالِيهَا، فَنِكَاحُهَا بَاطِلٌ, بَاطِلٌ,  بَاطِلٌ » (رواه الترمذي)

 

Айша энебизден (разийаллоху анха) риваят:

            “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам):

            “Кайсыл гана аял болбосун, валийсинин уруксатысыз никеленип күйөөгө тийсе, анын никеси батыл, батыл, батыл (никеси жок)” деди. (Имам Термизий риваяты).

           

Ал эми Ханафий мазхабынын фикх китептеринде мындай деген текст бар:

 

نَفَذَ نِكَاحُ حُرَّةٍ مُكَلَّفَةٍ وَ لَوْ مِنْ غَيْرِ كُفْوٍ بِلَا وَلِيٍّ  (مختصر الوقاية, كتاب النكاح)

 

Балакатка жетип, акыл-эси жайында болгон, азат аялдын никеси жүрө берет, мейли эгер (тийген күйөөсү) өзүнүн теңи болбосо да жана валийсинин уруксаты жок болсо да…

(“Мухтасарул-Викоя”, “Нике” китеби)

 

Абу Ханифа (рахимахуллах) эмне үчүн жогорку хадиске каршы өкүм берди деген суроо пайда болуусу табигый. Себеби Абу Ханифа (рахимахуллах): “Куранда нике аял тарабынан-анын ыктыяры менен болуусуна ишаарат бар, усулда ишааратун насс-ка амал кылуу шарт” дейт.

حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوْجًا غَيْرَهُ ۗ  ﴿سورة البقرة: 230﴾

Башка эрге никеленмейинче… (“Бакара” сүрөсү, 230-аят).

Араб тилинде сөздөр эркектик түр (мужской род) жана аялдык түр (женской род) болуп бөлүнөт. Жогорку аятта “никеленмейинче” деген сөз, тагыраак айтканда этиш, аялдык түр (женской род) менен айтылып жатат. Абу Ханифа (рахимахуллах): “Демек нике аял тарабынан да болуусуна Куран аяты ишаарат кылып жатат. Ал эми Курандын ишааратына амал кылуу шарт. Буга каркама-каршы келген хадиске амал кылалы десек, анда Курандын сөзү бекер болуп калат. Экөөнө тең амал кылуунун жолу жок. Ошондуктан биз хадисти таштап, Куранга амал кылдык” деп айткан.

Ал эми Куран аятына карама-каршы келген хадис мутаватир же машхур хадис болсо анда ханафийлердин усулу боюнча хадиске амал кылабыз. Мутаватир хадис дегени Пайгамбарыбыздан жалганга келишип албагыдай деңгээлде көп адам уккан хадис болот. Тагыраак айтканда хадис санадынын (риваятчылардын чынжырдык санжырасы) ар бир табакасында (ар бир тепкичинде) ровийлердин саны жалганга келишип албагыдай деңгээлде көп болуусу шарт. Хадис аалымдары бул көпчүлүктүн саны он кишиден кем болбосун деп айтышкан. Мисалы Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи васаллам) эң кеминде он адам уккан болуусу керек, алардан кийинки уккандардын саны да ондон кем болбостугу шарт. Кыскасы хадисти риваят кылуучу имам Бухарий же имам Муслим сыяктуу аалымга чейинки чынжырдын ар бир тепкичиндеги риваят кылуучулардын саны ондон кем болбостугу керек. Ханафийлердин усулунда мындай хадис (мутаватир) Куранга карама-каршы боло алат. Маселен, Куранда:

وَالْأَنْعَامَ خَلَقَهَا لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ◌  وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ◌  وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَى بَلَدٍ لَمْ تَكُونُوا بَالِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ الْأَنْفُسِ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ ◌  وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ ◌ ﴿ سورة النحل: 5-6-7-8﴾

“Ал үй-айбанаттарын жаратты. Аларда силер үчүн жылуулук (инсан айбанаттардын жүнүнөн, терисинен жылуу кийимдерди, боз үйлөрдү жасайт) жана көптөгөн пайдалар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер. (Малыңар жайытка) жайылганда жана кечинде кайтканда да силер үчүн жагымдуу-кооздук бар. (Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар(лар)га ташып берет. Чындыгында Роббиңер Ырайымдуу, Мээримдүү! Ал силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) жылкыларды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат”. (“Нахл” сүрөсү, 5-6-7-8-аяттар).

 

Аллах таала ушул аяттарда эти желинчү үй-жаныбарларын жана алардын пайдаларын айтып кеткенден соң, жылкы, качыр жана эшекти алардын катарына кошкон жок. Аалымдар Аллах таала жылкыны эти желинбечү качыр менен эшектин катарында атап кетти. Демек жылкынын эти адал эмес дешкен. Абу Ханифа (рахимахуллах) да ушул пикирде болгон.

Ал эми жылкынын эти адал экендигине төмөнкү хадисти далил кылышкан:

 

عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ : نَهَى رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ خَيْبَرٍ عَنْ لُحُومِ الْحُمُرِ الْأَهْلِيَّةِ وَرَخَّصَ فِي الْخَيْلِ

(رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ  وَمُسْلِمٌ)

 

“Жабир ибн Абдулладан (разийаллоху анху) риваят:

“Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Хайбар күнүндө үй-эшектеринин этин жештен тыйган. Ал эми жылкынын этин жешке уруксат берген”.

 (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

Ханафий мазхабындагы Абу Ханифанын (рахимахуллах) шакирттери Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахимахумаллах) ушул хадис менен жылкынын этин адал дешкен. Ал эми Абу Ханифа (рахимахуллах) болсо жылкынын этин арам деген. Бирок өлүмүнө үч күн ж е тогуз күн калганда сөзүнөн кайтып, жылкынын этинин адалдыгына шакирттеринин сөзүнө кошулган. Себеби бул келтирилген хадис мутаватир болгондуктан ушул өкүмгө барышкан. Урматтуу окурман биз бул жерде Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калганда Куранды эмес хадисти кармандык, себеби ал хадис мутаватир хадис болчу. Жылкынын эти жана сүтү адал экендигине башка хадистер да бар.

 

عَنْ أَسْمَاءَ بِنْتِ أَبِي بَكْرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَتْ: نَحَرْنَا عَلَى عَهْدِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَرَساً فَأَكَلْنَاهُ. (رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ)

 

Асмаа бинти Абу Бакрдан (разийаллоху анха) риваят:

Ал айтат:

“Биз Пайгамбар соллаллоху алайхи васалламдын доорунда жылкыны союп жейт элек”.

(Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)

 

عَنْ جَابِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : سَافَرْنَا مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكُنَّا نَأْكُلُ لَحْمَ الْخَيْلِ وَنَشْرَبُ أَلْبَانَهَا  (رَوَاهُ الدَّارَقُطْنِيُّ وَالْبَيْهَقِيُّ)

 

Жабирден (разийаллоху анху) риваят:

“Биз Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен чогуу сапарга чыкканда жылкынын этин жеп,сүтүн ичет элек” деди”.

(Имам Дарокутний жана Имам Ал-Байхакий риваяты).

 

Куранга карама-каршы боло турган дагы бир хадис “машхур” деп аталат. “Машхур” хадис дегени хадисти риваят кылуучу сахабадан тартып имам Бухарий же имам Муслим сыяктуу аалымга чейинки чынжырдын ар бир тепкичиндеги риваят кылуучулардын саны үчтөн кем болбостугу керек. Ханафийлердин усулунда мындай хадис (машхур) Куранга карама-каршы боло алат. Маселен, Куранда:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ ۚ﴿سورة المائدة: 6﴾

“Эй момундар! Качан намазга турууну кааласаңар жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарын кошуп жуугула. Башыңарды сылагыла (масх тарткыла) бутуңарды томугун кошуп жуугула… (“Мааида сүрөсү, 6-аят).

 

Даарат алганда бутту томук менен кошо жуу фарз экендиги баарыбызга маалым. Бирок бутубузга маасы кийип, ага масх тартабыз го, бул Куранга терс эмеспи. Терс болсо эмнеге маасыга масх тартабыз.

 

عَنِ الْمُغِيرةَ بْنِ شُعْبَةَ رضي الله عنه: قَالَ: كُنْتُ مَعَ النَّبِيِّ صلّى الله عليه وسلّم ذَاتَ لَيْلَةٍ فِي مَسِيرٍ، فَقَالَ لِي: «أَمَعَكَ مَاءٌ؟» قُلْتُ: نَعَمْ، فَنَزَلَ عَنْ رَاحِلَتِهِ، فَمَشَى حَتَّى تَوَارَى فِي سَوَادِ اللَّيْلِ، ثُمَّ جَاءَ فَأَفْرَغْتُ عَلَيْهِ مِنَ الإِدَاوَةِ، فَغَسَلَ وَجْهَهُ، وَعَلَيْهِ جُبَّةٌ مِنْ صُوفٍ، فَلَمْ يَسْتَطِعْ أَنْ يُخْرِجَ ذِرَاعَيْهِ مِنْهَا، حَتَّى أَخْرَجَهُمَا مِنْ أَسْفَلِ الْجُبَّةِ، فَغَسَلَ ذِرَاعَيْهِ، وَمَسَحَ بِرَأْسِهِ، ثُمَّ أَهْوَيْتُ لأَنْزِعَ خُفَّيْهِ فَقَالَ: «دَعْهُمَا فَإِنِّي أَدْخَلْتُهُمَا طَاهِرَتَيْنِ» وَمَسَحَ عَلَيْهِمَا.  (مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ)

 

Мугийра ибн Шуьбадан (разийаллоху анху) риваят:

            “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) менен чогуу сапарда түнү бараткан элем. Ал киши:

            “Сууң барбы?” деп сурады.

            “Ооба бар” деп жооп бердим. Минген улоосунан түштү да түн караңгылыгына кирип кетти. Кайра келгенде мен ага идиштен суу куюп бердим, анан ал киши жүзүн жууду. Үстүндө жүндөн жасалган (жеңи узун) күрмөсү бар эле. Күрмөнүн жеңи тар болгондугунан эки колун чыгара албады. Анан эки колун күрмөнүн этегинен чыгарып жууду. Соң башына масх тартты. Андан соң мен Пайгамбарыбыздын маасысын бутунан чечип алуу үчүн чыгарууга камынып калганымда:

            “Тим кой, мен бул маасыны кийгенимде эки бутумду жууп анан кийгенмин” деди да, маасысына масх тартты”. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

 

Ахли суннат вал жамаат аалымдары дааратта бутту жуунун ордуна маасыга масх тартууга уруксат беришкен.

Себеби бул келтирилген хадис машхур болгондуктан ушул өкүмгө барышкан. Урматтуу окурман биз бул жерде Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калганда Куранды эмес хадисти кармандык, себеби ал хадис машхур хадис болчу.

 

Эми өзүбүздүн маселеге кайтсак. Ай көрүү маселесинде да, тагыраак айтканда айды эсептөөдө да Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келди. Куран эсептесе болот десе, хадис эсептей албайбыз дейт.  Биз Куранды таштап хадиске амал кылалы десек, айды эсептей албайбыз деп айтылган хадис “мутаватир же “машхур” эмес. Ошондуктан жогоруда айтылган усулдун эрежесине көрө экөөнө тең амал кылуунун жолун издейбиз.

Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп айт кылгыла” деп айткандыгынан, айдын көзгө көрүнө турган абалын эсептесек болот.

 

Ай планетабыз Жердин табигый жолдошу болуп, анын айланасында 27,32 суткалык мезгил менен айланат. Бул мезгил Айдын сидерикалык мезгили же жылдыз мезгили деп аталат. Айдын жерди айлануу багыты жылдыздардын Жердин айланасындагы көрүнмө айлануусуна карама-каршы болуп, ал батыштан чыгышка (б.а. Жердин өз огу айланасында айлануу багыты менен бирдей багытта) аракеттенет. Айдын өз орбитасын бойлоп кыймыл ылдамдыгы секундуна  1 километрди түзүп, жылдыздарга карата ар суткада болжол менен 13° (градус) жылып барат.

Ай орбитасынын тегиздиги Жердин Күндү айлануу тегиздиги (эклиптика) менен 5°9’тук бурчту түзөт. Кызыгы, Ай өз огу жана Жердин айланасында бирдей-27,32 суткалык мезгил менен айланат. Айдын өз огу жана Жерди айлануу мезгилдери өз ара тең болгондуктан, Ай Жерден караганда дайыма бир жагы менен көрүнөт. Бул көрүнүү дал ошол маалда айдын Күнгө салыштырмалуу кандай жайгашуусуна карай түрдүүчө болот. Жерден караганда Айдын түрдүү формаларда (жаңы Ай, жарым Ай, толгон Ай) көрүнүшү анын фазалары деп аталат.

Күн баткан соң, Айдын ичке орок түрүндө батыш жакта биринчи көрүнүшү элдик тилде жаңы Ай деп аталып, ал адатта, ай башынан кийин экинчи күнү көрүнөт. Мындай абалда Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгү да күңүрт боз формада көзгө байкалат. Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгүнүн мындай күңүрт көрүнүшү Жерден чагылган Күндүн нурлары менен анын жарытылгандыгы себеп болот. Ай фазаларынын алмашуусу анын Жер жана Күнгө салыштырмалуу туткан ордуна байланыштуулугу төмөнкү сүрөттө берилген.

Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.

Төмөнкү сүрөттө Айдын синодикалык мезгили кандай кылып сидерикалык мезгилинен чоң болушу түшүндүрүлгөн.

Жогоруда бизге маалым болгондой Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.Мында Ай Жерди айланып жатып 1-абалда болгондо, ал М жылдыздын тушунда толгон Ай фазасында болушу сүрөттөн так көрүнүп турат. 27,32 күндөн соң, б.а. Ай Жерди бир жолу толук айланып чыккандан кийин ал 2-абалда болуп, дагы М жылдыздын тушунда турат, бирок али толгон Ай фазасына чейин жетип барбаган болот. Жер орбитасы бойлоп ар күнү дээрлик бир градуска жакын жылышын эсепке алсак, бул мезгилде ал 1-ден 2-абалга чейин болжол менен 27° ка жылганы маалым болот (жогорку сүрөткө кара). Андыктан, Айдын 2-абалында, андан М жылдызга карай багыт менен Күнгө карай багыттын уландысынын арасында да дал ушундай бурч пайда болгонун түшүнүү кыйын эмес. Анда, Айдын өз орбитасын бойлоп күнүгө болжол менен 13° ка жылышына көрө, 27° туу жааны басып өтүшү үчүн 2 күндөн көбүрөөк убакыт керектелет. Натыйжада Айдын толгон ай фазасынан кетип дагы толгон Ай фазасына келгиче (жогорку сүрөттөгү 3-абал) 29 суткадан көбүрөөк убакыт талап кылынышы айкын болот.

 

Ай Жерди саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Ошондой эле Жер да өз орбитасында Күндү саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Төмөнкү сүрөткө кара:

 

Күн, Ай жана Жер үчөө бир түз сызыкка жаткан убакта Айдын фазасы Жерден көрүнүүсү 0% болот. Мисалы төмөнкү сүрөттө:

 

 

Бул убакытты астрономияда Ай жаңырды делинет. Арабчада болсо ولادة الهلال Айдын туулусу деп аталат. Орусчада болсо новолуние деп аталат. Ушул убакыттан баштап Айдын өмүрү башталат да ал кайра ушундай абалга келгенге чейин орто эсеп менен 29,53 сутка өтөт. Мындай абал жер-жүзү, бүт аалам боюнча бир убакта жүзөгө келет. Мисалы биздин саат боюнча 01-45 те ай жаңырган болсо, ошол убакта Саудияда жана Түркияда саат 22-45 болот. Демек аталган өлкөлөрдө саат 22-45 те ай жаңырды деп айтылат. Ал эми Малайзия мамлекетинде болсо 03-45 те ай жаңырган болот. Себеби Малайзия бизден эки саат эрте болсо Саудия менен Түркия болсо үч саат аркада. Ушул сүрөттөгү үзүк-үзүк сары сызык Айдын орбитасы. Ай өз орбитасын толук айланып чыгуусу үчүн орточо эсеп менен 27,32 сутка керектиги бизге жогоруда маалым болду. Бул Айдын сидерикалык мезгили деп аталат. Ал эми Жерди толук айланып өтүүсү үчүн орточо эсеп менен 29,53 сутка керек болот. Муну болсо Айдын синодикалык мезгили деп аталат.

 

Айдын 2017- жана 2018-жылдагы Бишкек убактысы менен синодикалык мезгилдеринин 12 айлык жалпы убактысынын жадыбалы

 

Айдын аталуусу жылы күн, айы убактысы Орточо убактысы
1 Мухаррам 2017-ж. 20. 09. 11:30:47 29 сутка 13 саат 42 минут 8 секунд
Сафар 2017-ж. 20. 10. 01:12:39
2 Сафар 2017-ж. 20. 10. 01:12:39 29 сутка 16 саат 29 минут 46 секунд
Рабийъул аввал 2017-ж. 18. 11 17:42:53
3 Рабийъул аввал 2017-ж. 18. 11 17:42:53 29 сутка 18 саат 29 минут 24 секунд
Рабийъул аахир 2017-ж. 18. 12 12:31:29
4 Рабийъул аахир 2017-ж. 18. 12 12:31:29 29 сутка 19 саат 47 минут 10 секунд
Жумадул уула 2018-ж. 17. 01 08:18:19
5 Жумадул уула 2018-ж. 17. 01 08:18:19 29 сутка 18 саат 47 минут 33 секунд
Жумадул аахир 2018-ж. 16. 02 03:06:52
6 Жумадул аахир 2018-ж. 16. 02 03:06:52 29 сутка 15 саат 48 минут 27 секунд
Ражаб 2018-ж. 17. 03 19:14:19
7 Ражаб 2018-ж. 17. 03 19:14:19 29 сутка 11 саат 47 минут 47 секунд
Шаъбан 2018-ж 16. 04 07:59:54
8 Шаъбан 2018-ж 16. 04 07:59:54 29 сутка 9 саат 50 минут 10 секунд
Рамазан 2018-ж. 15. 05 17:49:50
9 Рамазан 2018-ж. 15. 05 17:49:50 29 сутка 7 саат 56 минут 14 секунд
Шаввал 2018-ж. 14. 06 01:45:04
10 Шаввал 2018-ж. 14. 06 01:45:04 29 сутка 7 саат 3 минут 38 секунд
Зул Каъда 2018-ж. 13. 07 08:49:36
11 Зул Каъда 2018-ж. 13. 07 08:49:36 29 сутка 6 саат 50 минут 32 секунд
Зул Хижжа 2018-ж. 11. 08 15:59:08
12 Зул Хижжа 2018-ж. 11. 08 15:59:08 29 сутка 7 саат 56 минут 10 секунд
Мухаррам 2018-ж. 10. 09 00:02:42

 

Бул жадыбалда көрүнүп тургандай 2017-жылдын 20-сентябрында саат 11:30:47де жер, ай жана күн бир түз сызыкка жатты. Бул Зул Хижжа айы менен Мухаррам айынын ортосундагы кубулуш. Ал эми жер, ай жана күндүн кайрадан бир түз сызыкка жатуусу 2017-жылдын 20-октябрь саат 01:12:39 га туш келди. Бул Мухаррам айы менен Сафар айынын ортосундагы кубулуш. Ошондо, Мухаррам айы менен Сафар айынын экөөсүнүн ортосундагы жалпы убакыт 29 сутка 13 саат 42 минут 8 секундду түздү. Айдын синодикалык мезгилинин жалпы убактысы 29,53 сутка деп орточо эсеби айтылган. Өзүңүздөргө маалым болгондой 12 ай аралыгында баары барабар болбойт. Эң эле узуну күн кыскарып, түн узарган 18-декабрдан 17-январга чейинки учурга туш келди да жалпы убактысы 29 сутка 19 саат 47 минут 10 секундду түздү. Ал эми эң эле кыскасы күн узарып, түн кыскарган 13-июлдан 11-августка чейинки учурга туш келип, жалпы убактысы 29 сутка 6 саат 50 минут 32 секундду түздү. Эгерде 2018- жана 2019-жылга ушундай жадыбал түзүлсө, анда ал жогорку жадыбалга дал келбестиги анык. Себеби, бир жылдык ай календары күн календарынан (григориан) 9-10 күн айырма кылат. Мисалы, 2017-жылы Мухаррам аыйнын башталуусу 2017-жылдын 20-скентябрына дал келсе, 2018-жылда 10-сентябрга дал келүүдө.

Мунун себеби Ай Жерди элипстик орбита менен айланат, Кеплердин мыйзамы боюнча перигейде (айдын жерге эң жакын келген мезгили) айдын ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми апогейге (айдын жерден эң алыс кеткен мезгили) келгенде болсо айдын ылдамдыгы азаят.

Ошондой эле Жер да өзүнүн элипстик орбитасы менен айланат. Жер да өз айлануусунда  перигелийге (жердин күнгө эң жакын келген мезгили) келгенде ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми жер афилейге (жердин күндөн эң алыс кеткен мезгили) келгенде анын ылдамдыгы азаят.

Ушул эки кубулуш себептүү айдын сидерикалык жана синодикалык мезгилдери өзгөрүп, түрдүүчө болуп турат.

Дагы айта кетчү нерсе. Эгер Бишкек сааты боюнча түнкү саат менен 01:45 те синодикалык мезгил болуп, эртеси күнү Бишкек кординаты менен саат 20:45 те күн батса, анда күн баткан учурда Айдын өмүрү 19 сааттык болот. Ошол эле Айдын өмүрү Малайзияда күн баткан учурда 17 сааттык болсо, Саудия менен Түркияда күн баткан учурда 22 сааттык болот.

Биз жогоруда айтып кеткендей ар бир айдын жыйырма тогузунчу числосунда күн батаар учурда батыш тарапты күзөтүп, ай кароо иш чарасын уюштуруу бизге важиб.

Ар бир жердин кординаты менен күн горизонттон баткан убактагы айдын асмандагы абалын эсептеш керек болот.

Аалымдар Ай көз менен көрүнүүсү үчүн бир топ шарттарды белгилешкен. Качан гана ошол шарттар табылганда Айды көз менен көрүү мүмкүн экендигин айтышкан.

 

АЙ КӨРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ  شروط رؤية الهلال

 

* الاستطالة  أو قوس النور (Elongation): البعد بالدرجات بين مركزي الشمس و القمر.

Elongation (Элонгация): Күндүн борборунан айдын бурчтук алыстыгынын градус менен өлчөнүүсү.

* البعد عن الأفق (Altitude): البعد العامودي للقمر عن الأفق بالدرجات.

Altitude (Алтитуде): Айдын градус менен горизонттон вертикалдык алыстыгы.

 

* فرق السمت  (Relative Azimuth): السمت عبارة عن دائرة وهمية تنطبق على الأفق، بحيث يكون الشمال هو نقطة الصفر، والشرق 90 درجة، والجنوب 180 درجة، والغرب 270 درجة، فإذا افترضنا أن الشمس يوم الاعتدال الربيعي (21 آذار) ستغرب  في جهة الغرب تماماً أي بسمت مقداره 270 درجة، وكانسمت القمر لحظة غروب الشمس 278 درجة، فإن  فرق السمت بين الشمس والقمر لحظة الغروب يساوي 8 درجات.

Relative Azimuth (Азимут айырмасы): кандайдыр бир жарык кылып туруучу асмандык тело, б.а. же күн, же ай, же жылдыз аркылуу өтүүчү тик жалпактык менен меридиандын ортосундагы бурч. Ал меридиандын түштүк жагынан саат жебесинин айлануусундай 0 градустан 360 градуска чейин өлчөнөт. Баштапкы багыттагы меридиан түрүнө байланыштуу чыныгы азимут жана магниттик азимут болуп экиге бөлүнөт. Чыныгы азимут-асман жарыгынын багыты менен жердеги обьектке багытталган сызыктын ортосундагы горизонталь бурч. Бул буссоль (компас) аркылуу өлчөнөт. Азимутту аныктоо-меридиандын түштүк жагынан чыгышка карай 0 градустан 360 градуска чейин саат жебесинин багыты менен аныкталат. М: чыгыш 90 градус, түштүк 180 градус, батыш 270 градус.

Маселен: Жаздагы күн менен түн теңешкен (21-март) мезгилде күн 272-градустан баткан учурда ай 245-градуста туруптур. Ошондо ай менен күндүн ортосундагы азимут айырмасы 27 градус. Мисалы төмөнкү сүрөттө:

* عمر القمر: الفرق الزمني بين وقت حدوث الاقتران (تولد الهلال) ووقت الرصد (لحظة غروب الشمس مثلا) فإذا حدث الاقتران في يوم ما الساعة 12 ظهراً وغربت الشمس في ذلك اليوم في الساعة 18:30 فهذا يعني أن عمر القمر وقت الغروب هو ست ساعات  ونصف في ذلك المكان.

Айдын өмүрү: күн баткан учурда айдын синодикалык мезгилине жеткенине толгон убакыт. Мисалы: Ай ошол күндүн түшкү саат 12:00 дө синодикалык мезгилине жеткен болсо. Ал эми күн ошол күнү саат 18:30 да батса. Демек ошол учурда айдын өмүрү алты жарым сааттык болот.

 

* المكث: الفترة الزمنية بين غروب الشمس وغروب القمر، فإذا غربت الشمس في الساعة السادسة مساء وغرب القمر في الساعة السادسة والنصف مساء، فهذا يعني  أن مكث القمر هو نصف ساعة فقط.

Айдын туруусу: ай менен күндүн батуусунун ортосундагы убакыттын айырмасы. Мисалы: күн кечки саат 18:00 дө батса, ай ошол эле күнү 18:30 да батса, айдын туруусу жарым саат деп айтылат.

 

 

* سمك الهلال (Crescent Width): و هو مقدار سمك المنطقة المضيئة من القمر بالدقائق القوسية، فعلى سبيل المثال، هذه القيمة  للقمر في طور البدر تساوي حوالي 30 دقيقة قوسية، و في طور التربيع الأول أو الثاني تساوي 15 دقيقة قوسية تقريبا.

Crescent Width (Ай фазасынын калыңдыгынын өлчөмү): айдын күн нуру тийип турган тарабынын айлана минуту менен болгон өлчөмү. Ай фазасы толгон учурда анын өлчөмү айлана минуту менен 30 минут болду делинет. Ал эми ай фазасы жарым толгондо айлана минуту менен 15 минут болот.

* طول قوس الهلال (Crescent Arc-length): قرص القمر عبارة عن دائرة تتكون من 360 درجة بالطبع، و قد يظن الشخص للوهلة الأولى  أن الزاوية المركزية ما بين قرني الهلال تساوي 180 درجة! إلا أن الواقع غير ذلك، فالزاوية المركزية ما بين قرني الهلال تتراوح ما بين 50 — 130 درجة اعتمادا على بعد القمر عن الشمس (الاستطالة)، و سبب أننا لا نرى الهلال كقوس على شكل نصف دائرة تماما (180 درجة) هو قلة إضاءة سطح القمر عند حواف الهلال

 

Crescent Arc-length (Жаңырган айдын жарык тийген айланасындагы эки учунун узундугу): ай дискасы толугу менен 360 градус болуусу табигый.

أمثلة على اشهر المعايير الفلكية المعمول بها في العالم :

Бүт ааламда амал кылынып келе жаткан белгилүү болгон астрономиялык өлчөөлөрдүн мисалдары.

 

معيار أبي ريخان البيروني (تخرج بهذه الطريقة الدكتور صمد رضوي): إرتفاع بمقابلة فرق السمت,

الفرق بين السمت و الإرتفاع أقل تناسباً تكون كما تلي:

1-إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس  0 درجة  لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 10.4 درجة

2- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 5 درجة  لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق   10.1 درجة

3- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 10 درجة  لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق   9.4 درجة

4- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 15 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 8.1 درجة

5- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 20 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق   6.2 درجة

6- إذا كان فرق السمت بين الشمس و القمر عند غروب الشمس 22.5 درجة لابد ان بكون إرتفاع القمر فوق الأفق 4.9 درجة

 

Абу Райхан ал-Берунийдин өлчөмү (ал-Берунийдин жолу менен доктор Самад Разавий ушул эрежени иштеп чыккан): вертикалдык алыстык азимуттагы айырманын тушунда-ай көз менен көрүнүүсү үчүн азимут менен вертикалдык алыстык ортосундагы эң аз айырмасы төмөнкүдөй болот:

1-эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 0 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 10.4 градус болуусу шарт.

2- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 5 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 10.1 градус болуусу шарт.

3- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 10 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 9.4 градус болуусу шарт.

4- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 15 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 8.1 градус болуусу шарт.

5- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 20 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 6.2 градус болуусу шарт.

6- эгер күн баткан учурда күн менен айдын ортосундагы азимуттун айырмасы 22.5 градус болчу болсо, айдын горизонттон бийиктиги 4.9 градус болуусу шарт.

 

Ошондой эле Имам Абу Райхан ал-Берунийдин айдын көз менен көрүнүүсү үчүн төмөнкүдөй шарттары да бар.

1- Күн баткан учурда Айдын өмүрү 15,4 сааттан  (15 саат 24 минут) кем болбостугу керек.

2- Ай менен күндүн батуусунун ортосундагы айырма 48 минуттан кем болбостугу керек.

3- Күн баткан учурда Ай менен Күндүн бурчтук алыстыгы 12° тан кем болбостугу керек.

4- Айдын Күн баткан учурда горизонттон бийиктиги 8° тан кем болбос керек.

Ошондо төмөнкүдөй көрүнүш келип чыгат:

المعيار عند البابليون : أن رؤية الهلال ممكنة إذا زاد عمره لحظة غروب الشمس عن 24 ساعة، و غرب بعد أكثر من 48 دقيقة من غروب الشمس.

Babylonian (Вавилон) астрономиялык обсерваториясынын өлчөөсү: эгерде айдын өмүрү 24 сааттан ашса жана күн баткандан соң 48 минуттан көптө батса аны көрүү мүмкүн.

 

معيار البتاني : أن رؤية الهلال ممكنة إذا كانت انخفاض الشمس لحظة غروب القمر بين 8 و 10 درجات تحت الأفق.

Batanii (Батания) обсерваториясынын өлчөмү: ай баткан учурда күн горизонттон 8, 10 градус төмөндө болсо айды көрүү мүмкүн.

 

معيار العالم الفلكي، الماليزي محمد الياس، المعيار يربط بين بعد القمر عن الأفق وفرق الاتجاه الأفقي (البعد الزاوي)، وهو يعطي إمكانية رؤية الهلال بالعين المجردة فقط، وحدد أقل ارتفاع هو 5 درجات.

Малайзиялык астроном аалым Мухаммад Илястын өлчөөсү: өлчөмдөр айдын горизонттон бийиктиги менен бурчтук алыстыгына байланыштуу болот. Ошондо гана айды көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Айдын горизонттон бийиктигинин эң азы 5 градус болуу керек.

 

معيار دانجون Danjon عام 1936م ( اشترط للرؤية أن لا تكون استطالة القمر عن الشمس أقل من7 درجات، و بيّن أن طول قوس الهلال عندما تكون الاستطالة أقل من 7 درجات يكون صفر .

Danjon обсерваториясынын өлчөөсү: айдын көрүнүүсү үчүн айдын күндөн бурчтук алыстыгы (элонгация-elongathion) 7 градустан кем болбостугугу шарт. Ошондой эле эгер айдын күндөн алыстыгы 7 градустан кем болсо айдын фазасы 0 пайыз болоорун ачыкташты.

 

يثبت دخول الشهر الجديد شرعياً إذا توافر ما يلي:

Эгер төмөнкү шарттар табылса шарият жаатынан айдын жаңырганы дайын болот.

 

أولاً: أن يكون الاقتران قد حدث فعلاً قبل غروب الشمس.

Алгач күн батуусунан мурда күн ай жана жер бир түз сызыкта жаткан болуу керек, тагыраак айтканда айдын синодикалык мезгили жүзөгө келип толушу керек. Муну арабчада   ولادة الهلال  деп аталат. Орусчада болсо “новолуние” делинет.

ثانياً: لقبول إمكانية رؤية الهلال لا بد أن تتحقق الشروط الفلكية التالية:

Экинчиден: айдын көрүнгөндүгүн кабыл кылуу үчүн төмөнкү астрономиялык шарттар жүзөгө келүүсү шарт.

 

أ – أن يغرب الهلال بعد غروب الشمس في موقع إمكانية الرؤية.

а – айды көрүү мүмкүн болгон жерде ай күндөн кийин батуусу.

 

ب – ألا تقلّ زاوية ارتفاع القمر عن الأفق عند غروب الشمس عن (5°) خمس درجات.

б – күн баткан учурда айдын горизонттон бийиктиги 5 градустан аз болбостугу.

 

ج – ألاّ يقلّ البعد الزاوي بين الشمس والقمر عن (8°) ثماني درجات.

в – ай менен күндүн ортосундагы бурчтук алыстык (элонгация- elongathion) 8 градустан аз болбостугу.

 

Төмөнкү өлчөмдөрдө айдын көрүнгөндүгүн бир канча астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбалары тастыктаган.

 

*  عمر الهلال: أصغرعمر هلال تمت رؤيته بالعين المجردة كان 15 ساعة و 33 دقيقة، و  ذلك من قبل الراصد بيرس (Pierce) يوم 25/02/1990م، أما بالمرقب فقد كان أصغر عمر هلال تمت رؤيته هو 13 ساعة و14 دقيقة، و ذلك من قبل الراصد ستام (Stamm) يوم 20/01/1996م.

Айдын өмүрү: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн анын өмүрүнүн эң азы 15 саат 33 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Pierce” обсерваторисы тарабынан 1990-жыл 25-февралда ишке ашкан.

Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн анын өмүрүнүн эң азы 13 саат 14 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 1996-жылы 20-январда ишке ашырылган.

 

*  مكث الهلال: أقل مكث هلال تمت رؤيته بالعين المجردة كان 29 دقيقة، و ذلك من فلسطين يوم 20/09/1990م، أما بالمرقب فقد كان أقل مكث هلال تمت رؤيته هو 21 دقيقة، و ذلك من قبل الراصد ستام (Stamm) يوم  02/11/2005م.

Айдын туруусу: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн анын күн баткандан соң асманда туруусунун убактысы эң аз дегенде 29 минут болуу керек. Бул тажрыйба Палестина обсерваториясы тарабынан 1990-жылы 20-сентябрда күзөтүлгөн.

Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн анын күн баткандан соң асманда туруусунун убактысы эң аз дегенде 21 минут болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 2005-жылы 2-ноябрда күзөтүлгөн.

*  الاستطالة: أقل استطالة لهلال تمت رؤيته بالعين المجردة كانت 7.7 درجة، و ذلك من قبل الراصد بيرس (Pierce) يوم 25/02/1990م، أما بالمرقب فإن أقل استطالة لهلال تمت رؤيته كانت 6.4 درجة و ذلك صباح يوم 13/10/2004م من قبل الراصد ستام (Stamm).

Күндүн борборунан айдын бурчтук эсеби боюнча алыстыгы: айдын көз менен көрүнүүсү үчүн айдын күндөн алыстыгы (элонгация- elongathion) эң аз дегенде 7.7 градус болуу керек. Бул тажрыйба “Pierce” обсерваториясы тарабынан 1990-жылы 25-февралда ишке ашырылган.

Ал эми айдын телескоп менен көрүнүүсү үчүн  айдын күндөн алыстыгы (элонгация- elongathion) эң аз дегенде 6.4 градус болуу керек. Бул тажрыйба “Stamm” обсерваториясы тарабынан 2004-жылы 13-октябрда күзөтүлгөн.

Ошентип, имам Абу Райхан ал-Берунийден 10 кылым өткөндөн соң дүйнөлүк тажрыйбада эң аз дегенде төмөнкүдөй шарттарда Ай көз менен көрүлдү:

1-Күн баткан учурда Айдын өмүрү 15 саат 33 минут

2-Ай менен күндүн батуусунун ортосундагы айырма 29 минут

3-Күн баткан учурда Айдын Күндөн бурчтук алыстыгы 7,7°

4-Күн баткан учурда Айдын горизонттон бийиктиги 5°

Ошондо төмөнкүдөй көрүнүш келип чыгат:

Бүгүнкү күнгө чейин мындан ылдый шарттарда Ай көз менен көрүлө элек.

Мисалы, жогорку айдын синодикалык жадыбалындагы маалыматка көрө 2018-жыл 15-май саат 17:49:50 дө Шааъбан айы менен Рамазан айынын ортосундагы жер, ай жана күндүн бир түз сызыкка жатуусу жүзөгө келген. Эми Бишкек координаты боюнча 15-майда саат 20:17:06 да күн горизонттон батат эле. Ал эми ошол учурдагы айдын абалын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй абалда болгон:

Айдын күндөн бурчтук алыстыгы (elongathion) 5°, болсо айдын горизонттон бийиктиги (аltitude) 3,61° болду. Ошондой эле күн баткан учурда айдын өмүрү 07 саат 31 минут 58 секунд болчу. Ал эми ай күндөн 19,683 минуттан соң баткан. Демек, 15-майда Бишкек координаты боюнча саат 20:17:06 күн баткан учурда айдын абалында көз менен көрүнүү үчүн бир да шарт табылган жок. Ошондуктан бизге 2018-жылы 16-майда Рамазан айына кирүү мүмкүн эмес болчу. Андыктан биз Шааъбан айын 30 га толтуруп, 17-майда Рамазанга кирдик.

Ошондой эле Рамазан айы менен Шаввал айынын ортосундагы жер, ай жана күндүн бир түз сызыкка жатуусу жогорку жадыбалга көрө 2018-жылдын 14-июнь Бишкек сааты менен 01:45:04 болгон. Ал эми ошол күнү (14-июнда) Бишкек координаты боюнча саат 20:41:15 те күн баткан. Эми ошол сааттагы айдын абалын эсептегенибизде төмөнкүдөй абал келип чыккан:

Айдын күндөн бурчтук алыстыгы (elongathion) 11,43°, болсо айдын горизонттон бийиктиги (аltitude) 4,98° болду. Ошондой эле күн баткан учурда айдын өмүрү 18 саат 56 минут 11 секунд болчу. Ал эми ай күндөн 30,75 минуттан соң баткан. Демек ай көз менен көрүнүүсү үчүн коюлган шарттардын баары (төртөө тең) табылды. Ошондуктан Рамазан айын 29 күн кылып, 15-июнда айт өткөрдүк.

 

Бүгүнкү күндө Айдын мындай абалын эсептеп чыгып, алдын ала айтуунун эч кыйынчылыгы жок. Ошондой эле алдын ала айтуу эч кандай “көзү ачыктык”ка да жатпайт. Мисалы сиздин кол саатыңыздагы убакыт 12:47 ни көрсөтүп турса, сиз 13 минуттан соң саат 13:00 болот десеңиз көзү ачыктыкка жатабы. Ооба эч качан көзү ачыктыкка жатпайт. Демек айдын абалын да алдын ала эсеп менен айтса сааттан кабар бергендей көзү ачыктыкка жатпастыгы белгилүү.

إِخْتِلَافُ الْمَطَالِعِ

 Айдын чыгуусу ар башка жерлерде ар түрдүү болуусу

 Жогорку эрежелерге караганда, биздин жергебизде айдын 29-суткасында күн баткан учурда айдын өмүрү 12 саат 33 минуттук болсо, аны көз менен көрүү мүмкүн эмес. Ал эми ошол эле күнү Саудияда же Түркияда күн баткан учурда айдын өмүрү 15 саат 33 минуттук болот да аларда айды көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Себеби ай көз менен көрүлүүсү үчүн эң аз дегенде айдын өмүрү 15 саат 33 минуттук болсун деп айтылды. Ошондо биз Саудия же Түркия айды көрүшкөн болсо аларды ээрчип Рамазанга кирип орозо кармап же андан чыгып, айт кылышыбыз керекпи же жокбу?

Айды көрүүнүн маселесинде негизги суроо ар башка жерлерде болуу туурасында.  Күн менен ай дүйнөдө дайыма бар. Күн бир жерде чыгып жатса, экинчи жерде батып, үчүнчү жерде түш болот, дагы башка жерде түнкү убакыт болот. Ошол сыяктуу эле ай бир жерде биринчи күндүк болуп көрүнсө, экинчи жерде андан да чоңураак болот, дагы бир жерде көрүнбөйт. Мындай абалда кайсыл бир жерде айдын жаңырганын адамдар көрүп, алардын күбөлүгү ай көрүнө элек жерге толук шарияттын эрежеси менен жетсе, ошол жердегилерге ай көрүнгөн өлкөнүн күбөлүгү өтөбү же өтпөйбү? Ушул маселе жөнүндө мужтахидтер жана факих аалымдар ар түрдүү сөздөрдү айтышкан. Бул карама – каршы ойлордун себеби аймактын жайгашуу ордун эске албагандардын ою боюнча дүйнөдө мындай карама каршылык жок дегендик эмес. Бул жердеги сөз, карама каршылык бар туруп шарияттын өкүмүндө ошол эске алынабы же жокпу? Исламда ай менен күн жана анын айлануусу анын абалынын акыйкаты максат эмес. Бул жердеги максат Алланын өкүмдөрүнө баш ийүү. Алардын айлануусун ошол өкүмдөрдүн убакыттарынын белгилери катары эреже кылынган. Бул маселеде үммөттүн факихтери, сахааба, табиъийн жана андан кийининки аалымдар үч мазхабта (үч түрдүү пикир-көз карашта):

1 –Айдын көрүнүүсүн ар бир жерде ар бир абалда эске алынат.

2 – Ар бир жерде ар кандай абалда эске алынбайт.

3 – Аралыгы алыс шаарларда эске алынат. Жакынкы аралыкта эске алынбайт.

Ушул үч түрдүү карама каршы пикирде болгон үммөттүн факихтери Ханафий, Шафиъий, Маликий жана Ханбалий мазхабтарынын төртөөсүндө тең бар. Көпчүлүк менен азчылыкта болгону айырма бар. Мазхабтардагы айтылгандарды толук Аллама Усмааний (рахимахуллах) «Сахийху Муслим»ге жазган шархында жазып кеткен. Илимдүүлөр ошол китептен окуса болот.

Эске алуу керек!, (ар бир аймак өзүнүн жеринде айды көрсө орозо кармайт же айт кылат, башка жердин көргөн айы менен орозо кармабайт же айт кылбайт) деген аалымдардын айтуусу боюнча күндүн чыгышынын ар түрдүү болуусун бардыгы эске алышат. Бир эле убакытта бир өлкөдө таңкы намаз болсо, экинчи жерде шам же куптандын убактысы болот. Бир шаарга экинчи шаарды ээрчигенге болбойт. Ушул сыяктуу айдын маселесинде айдын чыккан ордуна жараша чечим чыгарыш керек. Бир жерде күбөлүк толук шарияттын эрежесине ылайыктуу берилсе, бул экинчи жерге жетсе да экинчи жердегилер үчүн бул күбөлүк далил болбоосу керек.

Эске албаш керек!, (жер шарынын кайсы жеринде ай көрүнсө, бүт ааламга орозо кармоо же айт кылуу шарт) дегендердин айтуусу боюнча айдын маселесинде Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам бүткүл үммөткө айткан: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп орозону токтоткула». Бул жерде ар бир адамдын көрүүсү зарыл эмес. Кээ бирөөсүнүн көрүүсү жетиштүү. Ошондуктан бир шаардын мусулмандарынын айды көрүүсү башкалар үчүн жетиштүү болот. Андыктан шарияттын эрежесине (талаптарына) ылайыктуу күбөлүк менен бир шаардагы айды көрүү аныкталса, булардын күбөлүгү кайсыл жерге жетсе алардын ортосу канчалык алыс болбосун, чыгыш менен батыштын аралыгынча алыс болсо да, аларды ээрчүүсү зарыл.

Аралыгы алыс шаарларда эска алуу керек жакын аралыктагыларда эске албаш керек, дегендердин айтуусу боюнча өз ара жакын шаарларда өтө аз айырмачылык болот. Буга көңүл бурбаса деле болот. Алыскы шаарларда айырмачылык чоң жана ачык болгондугун эске албай коюу туура эмес. Имам Аъзам Абу Ханифадан (рахимахуллах) Харирунун риваяты мындай дейт: «Эске албоо керек». Муну көпчүлүк Ханафий мазхабынын аалымдары далил катары карманышып, чыгыш менен батыштын аралыгында эске албастан бир жердеги айды көрүүнү экинчи жер үчүн далил дешкен. Ошондой эле Ханафий мазхабынын аалымдарынын бир тобу үчүнчү мазхабты тандашкан. Өз ара алыс шаарларда эске алуу керек дешкен. Ханафий аалымдарынан чоң белгилүү аалымдар Зайлиъи жана Сахибу Бадаа’иъус Санаа’иъ – Абу Бакр Каасаний (рахимахумаллах) акыркы сөздү – үчүнчү мазхабты алышкан.

 

هَذَا اِذَا كَانَتِ الْـمَسَافَةُ بَيْنَ الْبَلْدَتَيْنِ قَرِيْبَةٌ لاَ تَخْتَلِفُ فِيْهَا الْـمَطَالِعَ فَاَمَّا اِذَا كَانَتْ بَعِيْدَةً فَلاَ يَلْزَمُ اَحَدَ الْبَلَدَيْنِ حُكْمُ الْآَخَرِ لِاَنَّ الْـمَطَالِعَ الْبِلاَدِ عِنْدَ الْـمَسَافَةِ الْفَاحِشَةِ تَخْتَلِفُ فَيُعْتَبَرُ فِى كُلِّ اَهْلِ بَلَدٍ مَطْلَعُ بِلاَدِهِمْ دُوْنَ الْآخَرِ.

«Бул (эске албоо керек) делингени, эгер эки өлкөнүн ортосу (айдын) чыгуучу орду ар түрдүү болбогудай деңгээлде жакын болсо (мисалы борбордук азия өлкөлөрү сыяктуу). Ал эми экөөнүн ортосу алыс болсо бир өлкөнүн көргөн айы менен экинчи өлкөгө орозо кармоо шарт эмес. Анткени өтө алыс болгондо ар бир өлкөнүн (ай) чыгуучу орундары түрдүүчө болот. Ошондуктан ар бир өлкө башка өлкөнүн эмес өзүнүн (ай) чыгуучу ордун көңүлгө алсын.

Бадаа’иъус Санаа’иъ 2 — т, 83 — б.

 

وَ الْاَشْبَهُ اَن يُّعْتَبَرَ لِاَنَّ كُلَّ قَوْمٍ مُخَاطَبُوْنَ بِمَا عِنْدَهُمْ وَ انْفِصَالُ الْهِلاَلِ عَنْ شُعَاعِ الشَّمْسِ يَخْتَلِفُ بِاِخْتِلاَفِ الْاَقْطَارِ وَ كُلَّمَا تَحَرَّكَتِ الشَّمْسُ دَرَجَةً فَتِلْكَ طُلُوْعُ فَجْرٍ لِقَوْمٍ وَ طُلُوْعُ شَمْسٍ لِآخَرَ وَ غُرُوْبٌ لِبَعْضٍ وَ نِصْفُ اللَّيْلِ لِغَيْرِهِمْ

Эң туурасы Эске алуу керек! (ар бир аймак өзүнүн жеринде айды көрсө орозо кармайт же айт кылат, башка жердин көргөн айы менен орозо кармабайт же айт кылбайт). Анткени ар бир коом өзүнүн алдындагы нерсеге чакырылат. Ар кайсы жерде күн нурунун жарыгы тийген себебинен ай жаңырган учурдагы анын фазасынын өлчөмү түрдүү формада болот. Ошондой эле күндүн ар бир жылган градусунун себебинен кайсы бир жерде таң жүрсө, башкасында күн чыгат, дагы башка жерде күн батса, наркысында түн жарымы болот.

Зайлиъи 1 -т, 321 — б.

Ошентип, күндүн чыгуучу орундары  аймактарда түрдүүчө болуусуна айдын чыгуучу орундары да аймактарда ар түрдүү болуусу салыштырылды.

Үчүнчү мазхабты (пикирди) кармангандар имам Муслим өз китебинде Мухаммад ибн Хармала ал Курайбтен кылган риваятын далил кылышат:

 

عَنْ طَرِيقِ مُحَمَّدِ بْنِ أَبِي حُرْمَلَةَ، عَنْ كُرَيْبٍ، أَنَّ أُمَّ الْفَضْلِ بِنْتِ الْحَارِثِ بَعَثَتْهُ إِلَى مُعَاوِيَةَ بِالشَّامِ، قَالَ: فَقَدِمْتُ الشَّامَ فَقَضَيْتُ حَاجَتَهَا، وَاسْتَهَلَّ عَلَيَّ رَمَضَانُ وَأَنَا بِالشَّامِ، فَرَأَيْتُ الْهِلَالَ لَيْلَةَ الْجُمْعَةِ، ثُمَّ قَدِمْتُ الْمَدِينَةَ فِي آخِرِ الشَّهْرِ، فَسَأَلَنِي عَبْدُ اللهِ بْنُ عَبَّاس رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، ثُمَّ ذَكَرَ الْهِلَالَ، فَقَالَ: مَتَى رَأَيْتُمُ الْهِلَالَ؟ فَقُلْتُ: رَأَيْنَاهُ لَيْلَةَ الْجُمْعَةِ، فَقَالَ: أَنْتَ رَأَيْتَهُ؟ فَقُلْتُ: نَعَمْ، وَرَآهُ النَّاسُ، وَصَامُوا وَصَامَ مُعَاوِيَةُ، فَقَالَ: لٰكِنَّا رَأَيْنَاهُ لَيْلَةَ السَّبْتِ، فَلَا نَزَالُ نَصُومُ حَتَّى نُكْمِلَ ثَلَاثِينَ أَوْ نَرَاهُ، فَقُلْتُ: أَوْ لَا تَكْتَفِي بِرُؤْيَةِ مُعَاوِيَةَ وَصِيَامِهِ، فَقَالَ: لَا، هٰكَذَا أَمَرَنَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ (رواه مسلم في صحيحه)

            «Албетте Умму Фазл бинту ал-Хаарис Курайбты Шамдагы Муьаавияга жиберди. Курайб:

“Мен Шамга келдим да кажетимди бүтүрдүм. Анан мен Шамда жүргөн кезимде мага жуманын кечинде ай көрүнүп калды. Соң айдын аягында Мадинага келдим. Абдулла ибн Аббас менден ай жөнүндө сурап:

“Качан көрдүңөр айды?”, деди. Мен:

“Жума күнүнүн кечесинде көрдүк”, деп жооп бердим. Ал:

“Сен өзүң (өз көзүң менен) көрдүңбү?”, деди. Мен:

“Ооба, эл да көрдү. Эл да Муьавия да орозо кармады”, деп жооп бердим. Ошондо ал:

“Бирок биз ишембинин түнүндө көрдүк айды, андыктан биз орозону уланта беребиз отузга толтуруп же айды көрүп анан орозону аяктайбыз”, деди. Анан мен:

“Муьавиянын көргөнү менен орозо кармаганы жетиштүү эмеспи?!”, деп айттым. Ал:

“Жок! Бизге Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ушундай кылууну буюрган”, деди.”

(Имам Муслим риваяты)

Маулана Анвар Шах Кашмирий (рахимахуллах) да ушуга басым жасаган. Шабир Ахмад Усмаани (рахимахуллах) Фатхул Мулхимде ушул акыркы сөзгө басым жасап бир нерсени эске алган. Өзгөчө азыркы доордо чыгыш менен батыштын аралыгын бир нече саатта айланып чыгып жаткан учурда анын сөзүнө карай турган болсок, ушул акыркы сөз басымдуу экени байкалат.

Ал мындайча: Куран менен хадисте ачык жана чечкиндүү түрдө айтылганына көрө, ар бир ай 29 күндөн аз жана 30 күндөн көп болбойт. Эгерде аралыгы алыс шаарларда жана чыгыш менен батыштын ортосунда бул нерсени эске албай турган болсок, Куран — хадис көрсөткөн ачык нерсеге каршы келип калат. Себеби кайсы бир өлкөдө 28 –күнү башка өлкөдөн ай көрүнгөнүнө күбөлүк келсе, ошол өлкөнү ээрчий турган болсо алар үчүн бул ай 28 күн болуп калат. Ошондой эле эгер, кайсы бир өлкөдө Рамазандын 30 – күнү алыс өлкөдөн күбөлүк менен бүгүн 29 – күн, эгер ай көрүнбөсө эртең орозо делинсе, ошол күнү ай көрүнбөсө 31 күн орозо кармаганга туура келет да ай 31 күн болуп калат. Бул Куран, хадис айткан санга каршы келип калат. Ошондуктан алыскы өлкөлөрдө да эске алуу керек. Эгерде 28 күндө айды бүтүрүшсө бул жердегилер бир күн кечигип баштаган болот да бир күндүк орозонун казасын кармап берүү важиб болот. Ошондой эле 31 күн болгон жердеги адамдар бир күн мурда баштаган болушат да булардын биринчи күндөгү орозосу туура эмес болуп калат. Эгерде хадисте келген мааниге — 29 менен 30 ду азайткан көбөйткөн болуп эсептелбейт деп айтса, буга жооп мындайча: Алар айды көрүү же күбөлүктүн эрежесине ылайыктуу айды баштаса, алыскы жердеги адамдардын күбөлүгүн карап жергиликтүү күбөлүктү же айды көрүүнү туура эмес же аны жалганга чыгаруу акылга да сыйбайт шариятка да дал келбейт. Ошондуктан мындай деп айтуу туура эмес.

Аллама Усмаании (рахимахуллах)нин ушул тактоосунан жакын шаарлар менен алыс шаарлардын аралыгы канча болушу керектиги белгилүү болду. Бир шаарда айдын көрүнгөндүгү экинчи шаарда эске алынса, айдын ичиндеги күндөр 28 же 31 болуп калса бул эки шаарда эске алынат. Кайсы жерде мындай болбосо эске алынбайт. Менин оюмча имам Абу Ханифа (рахимахуллах) жана башка аалымдар эске алынбайт дегендигинин себеби мындай болушу мүмкүн: Ошол учурда алыскы өлкөлөрдө бир өлкөнүн күбөлүгү экинчи өлкөгө жетүүсү мүмкүн эмес болгон. Мындай мүмкүн эмес нерселердин өкүмдөргө таасири тийбейт. Факихтердин эрежесинде мүмкүн эмес нерсени жок деп эсептелинет. Ошондуктан эске алынбайт дешкен. Бирок бүгүнкү күндө учак менен бир учурда бүткүл дүйнөнү кыдырылып жатат. Бир жердин күбөлүгүн экинчи жерге жеткирүү мүмкүн болуп калды. Андыктан чыгыштын күбөлүгү батышка, батыштыкын чыгышка далил боло алат десек кээ бир жерде айдын күндөрү 28, кээ бир жерде 31 күн болуп калат. Ошондуктан алыскы өлкөлөрдө айдын күндөрүндө ушундай айырмачылык болуп калса эске алуу Ханафий махзабына өтө дал келет.

Буга чейин да, бүгүнкү күндө да жаңы айды көрүү маселеси аалымдар ортосунда талаштуу маселелердин бири катары келүүдө.

Көптөгөн аалымдардын көз карашы мындай: бир жайда Рамазан айын шаръий жол менен (ишеничтүү күбөнүн күбөлүгү менен) көрүнсө, ааламдагы жалпы мусулмандарга орозо кармоо важиб болот, дал ушундай көрүнүштө Шаввал айы көрүнсө мусулмандар орозону токтотуп айт кылуусу важиб болот. Бул сөз  Ахмад ибн Ханбалдын (рахимахуллах) мазхабындагы белгилүү риваяттардан. Башка мазхабтын аалымдары да келишим менен ушуга кошулушкан. Биздин зохир (ачык) мазхабыбыздын сөзү да ушул. “Радд ул-мухтар”да мына ушул сөзгө фатва берилген. “Фатавайи Казыхан”да айтылуусунча мазхабыбыздын Зохиру риваятына көрө айдын түрдүү жайларда түрдүү убакытта көрүнүүсүнө көңүл бурулбайт. “Хуласат ал-фатава”да ушуга фатва берилген. Абул Лайс ас-Самарқандий жана Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахумаллах) ушуга фатва берип, батыш эли Рамазандын айын көрсө, чыгыш элине да орозо кармоо важиб болот, деп айтышкан.

Алар Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам):

 

إذا رأيتموه فصوموا و إذا رأيتموه فأفطروا

“Качан айды көрсөңөр, анан орозо кармагыла жана качан аны көрсөңөр орозону бүтүргүлө!” (Абу Хурайрадан (разияллаху анху) Имам Бухарий риваяты) деп айткан сөзүн жалпылай айтылган, деп далил кылышат.

Демек, ааламдын кайсыл бир бурчунда Рамазандын айы шаръий жол жана шарттары менен көрүнсө, дүйнөдөгү жалпы мусулмандар ушуга келишим кылып, орозону баштоосу фарз болот!

Мына ушундай көз караш исламий эмес өлкөлөрдө, айды көрүү  тийиштүү жолдору менен, шаръий күбөлөр менен болбогон өлкөлөрдө жашаган мусулмандарга өтө кол келет.  Алар  мусулман өлкөлөрдүн айды көрүп орозо кармоону баштоосу менен өздөрүнүн орозолорун да баштай беришет.

Ошондуктан өз шаарынын эли Рамазандын айын көрбөсө, же аба булуттуу болуп, ай көрүнбөсө, башка шаардын казысынын алдына эки күбө келип айды көрөгөндүктөрүнө күбөлүк беришсе жана мына ушул күбөлүккө дагы эки күбө келип Рамазан айын көрбөгөн шаар элинин казысынын алдында күбөлүк беришсе, же ошол шаарда ай көрүнгөндүгү кабары жалпылай жарыя кылынып, кабарлар таратылса, ошол казы мына ушул шаар эли менен бирге Рамазанды баштаса болот.

Бирок, мындай көз карашка амал кылуу ошол доордун өзүндө эле кыйын болгондугу себептүү кабыл кылынбай келинди. Жадагалса бүгүнкү күндө да, жаңылыктар желдей тез тарап жаткан учурда, бул жаатта өлкөлөр ара келишимдердин жоктугу, мусулман аалымдарынын биримдиги бекем эместиги себебинен бул маселе күн тартибинде дагы эле орчундуу бойдон калууда.

1966-жылда Каирде өткөн Ислам Конференциясында аалымдар айдын чыгуучу ордунун түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт деп чечим чыгарышкан. Ошентип араб өлкөлөрүнүн баары бир күндө орозону баштоого келишип алышкан. Бирок өкүнүчтүүсү, бул келишимге азырга чейин толук амал кылынбай келүүдө.

 

Жогоруда айтылып өткөн көйгөйлөр ошондой эле анын негизи, айдын түрдүү жайларда түрдүү убакытта чыгуусу себептүү. Көптөгөн аалымдар ай көрүнгөн жайда жана ай чыгуусу бир убакытка туура келген орундарда ай көрүнгөндөн соң орозо башталат, деген пикирге токтолушкан. Бул Ибн Таймия баш болгон ахли хадистердин да ыктыяр кылып тандаган жолу. Имам Шафиъий (рахимахуллах) мазхабы да ушундай. Икрима, Касым ибн Мухаммад, Салим ибн Абдуллах, Исхак жана Ахнаф (рахимахумуллах) сыяктуу таабиъиндер да ушул пикирде болушкан. Биздин мазхабтын кийинки аалымдары да ушул пикирге бир добуштан кошулушкан. Алардан, “Татархания”да бир шаардын эли айды көрсө, башка шаардын элине да орозо кармоо важиб болобу, деген суроого жооп берилип, бул важиб болбойт, туурасы ар бир шаар элине өздөрүнүн айды көрүүсү маанилүү болот, делинген.

Сахабалардын улууларынан болгон Ибн Аббастын (разийаллоху анху) жогоруда айтылган хадистеги сөзүнө көрө, таабиъиндерден Икрима, Касым ибн Мухаммад, Салим ибн Абдуллах, Исхак ибн Рохавайх (рахимахумуллах) сыяктуу заттар айды бир шаардын эли көргөнү менен башка шаардын эли көрбөсө, аларга орозону баштоо важиб болбойт, деген көз карашта болушкан. Имам ал-Газзалий (рахимахуллах) да ушул пикирде болгон.

Демек, айдын чыгуусу, көрүнүүсү (матаалиъ ал-хилал) түрдүүчө болгон жайларда ошол ай көрүнгөндө орозо кармоо же орозону бүтүрүү керек болот. Имам ал-Кудурий эки шаар ортосунда аралыкта айырма болгону менен ай көрүнүүсүндө айырма болбосо, алар биргеликте орозону баштоосу жана бүтүрүүсү мүмкүн, деген. Ошондуктан Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) сыяктуу ишенимдүү факихтерибиз бул сөздү сахих (туура) деп фатва беришкен. Кийинки доор аалымдарынан Имам ат-Тахавий (рахимахуллах) “Маракий ал-фалах”тын хашыясында ай чыгуусу түрдүүчө болуусу менен орозонун башталуусу же бүтүүсү да түрдүүчө болот, деген.

Мавлана Алий ал-Кары (рахимахуллах) орозонун важиб болуу себеби айдын кирүүсү, тагыраак айтканда анын көрүнүүсү, бул намазга убакыт себеп болгонуна окшош, дейт. Бир шаарда күн батканы менен шам намазын окуу башка шаардагыларга важиб болбогону сыяктуу ай бир шаарда көрүнгөнү менен ай көрүнбөгөн башка шаардагыларга орозону баштоо важиб болбойт.

Айдын көрүнүүсү, чыгуусу түрдүүчө, айырмалуу болуусу астрономия илиминин эрежелерине көрө аныкталат. Ай көрүнүүсүнүн айырмалуу болуусунун эң аз аралыгы 1 айлык жол. Имам аз- Зайлаъий (рахимахуллах) да ушуга кошулган.

Муфтий ассакалайн, тагыраак айтканда инсан жана жиндин муфтийси деген ылакапты алган, акыйда илиминин атактуу устаздарынан бири Абу Хафс Нажмиддин Умар ан-Насафий (рахимахуллах) бир шаар башка шаарга көз каранды болбосо, алардын жаңы айды көрүүсү менен орозону баштап жиберишпейт, аны түгөтүшпөйт да, деп фатва берген. Бир шаарга көз каранды болгон шаарча жана кыштактар гана алардын көргөнүн көңүлгө алат. Жадагалса Абу Хафс ан-Насафийдин (рахимахуллах) айтуусуна караганда, 531/1137 жылда Самарканд эли Самаркандда Рамазан айын дүйшөмбү күнү көрүп, орозону башташыптыр. Соң бир жамаат Рамазандын жыйырма тогузунчу күнү шейшемби күнү келип, “Кеш (Шахрисабз) эли айды жекшемби күнү көрүптүр, андыктан бүгүн Рамазандын акыркы күнү экен”, деп күбөлүк беришиптир. Казы өкүм кылыптыр, жарчы адамдарга “Бүгүн Рамазандын акыркы күнү, эртең айт”, деп жарыя кылат. Кечинде аба ачык болуп турса да бир да булут болбосо да, Самарканд эли айды көрө алышпайт. Ошондой болсо да эртеси шаршемби күнү айт намазы окулат. Абу Хафс ан-Насафий (рахимахуллах) казынын тутган жолун ката деп билет, ошол түнү (күбөлөр келип күбөлүк берген жыйырма тогузунчу кечеде) таравих намазын токтотпоого, шаршемби күнү болсо орозону ачпай улантууга жана айт намазын окубастыкка фатва берди да “Туурасы ушул!” деди.

Мазхабыбыздын таянычтуу фикхий китептеринен бири “Мухтаарат ан-Навазил”де келген, бир шаардын эли Рамазан айын көрүп 29 күн кармады. Башка шаардын эли да Рамазандын айын көрүп 30 күн кармады. Биринчи кармагандарга, эгер ортолорунда ай көрүүдө айырма болбосо, бир күн каза кармоого буюрулат. Ал эми ай көрүнүүсү айырмалуу болсо, каза важиб эмес. Ушул фатва Мавлана Абдулхай Лакнавийдин (рахимахуллах) “Мажмуат ал-фатаава”сында да келтирилген.

“Фатаавайи Казыхан”да келген: Бир шаардын эли Рамазандын айын көрүп орозо кармоону баштаса. Жыйырма тогуз күн орозо кармагандан соң бир жамаат келип балан шаардын эли силерден бир күн мурда айды көрүп орозо кармашууда, бүгүн Рамазандын отузунчу күнү, деп күбөлүк берсе. Ошол түнү Шавалдын айын асман ачык болуп, күн бүркөө болбосо да бул шаардын эли көрбөсө, аларга орозону ачууга, токтотууга уруксат жок. Таравих намазаын да ошол кечеде окушат”.

Мына ушул далилдерге көрө ар бир журт өзү жаңы айды көрүүгө аракет кылуусу жана ошого карап амал кылуусу шарт. Демек Саудия  Арабистаны же башка мусулман өлкөлөрүнүн Рамазанды баштоосу биздин орозону баштообузга бир күн айырма кылуусу мүмкүн. Ар бир журттун ишеничтүү адамдары бар, аалымдары, жооптуулары бар. Ушул журтта орозонун башталуусуна жана бүтүүсүнө алар жооптуу. Жөнөкөй жарандар, карапайым адамдар, жалпы мусулмандар жамааты жетекчилерге, иш башчыларына моюн сунуу керектиги маанисиндеги аяттын буйругуна көрө өз журтунун аалымдары жана жооптууларынын сөзүнө карап амал кылуусу шарт.

“Айдын чыгуучу ордунун түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт” деген маселенин келип чыккан өзөгү ханафий мазхабында эң жогорку даражада турган “Зохиру риваят” деп аталган Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбанийдин (рахимахуллах) калемине таандык болгон “Аз-Зияадат”, “Ал-Мабсут”, “Ал-Жаамиъус Сагийр”, “Ал-Жаамиъул Кабийр, “Ас-Сийарус Сагийр” жана “Ас-Сийарул Кабийр” аттуу алты китептерде айтылган деп доо кылынат.

Дегеле Ханафий мазхабындагы китептердин даражасы кандай тартиптештирилген? Төмөндө Ибну Аабидийн (рахимахуллах) “Укууду расмил муфтий” деген китепке жазган шархында айткан тартипти карап көрөлү:

قال العلامة ابن عابدين في شرح عقود رسم المفتي:

اعلم أن مسائل أصحابنا الحنفية على ثلاث طبقات:‏

الأولى: مسائل الأصول وتسمى ظاهر الرواية أيضا وهي مسائل رويت ‏عن أصحاب المذهب وهم أبو حنيفة وأبو يوسف ومحمد رحمهم الله ‏تعالى ويقال لهم العلماء الثلاثة وقد يلحق بهم زفر والحسن وغيرهما ممن ‏أخذ الفقه عن أبي حنيفة لكن الغالب الشائع في ظاهر الرواية أن يكون ‏قول الثلاثة أو قول بعضهم

ثم هذه المسائل التي تسمى بظاهر الرواية والأصول وهي ما وجد في ‏كتب محمد التي هي المبسوط والزيادات الجامع الصغير والسير الصغير ‏والجامع الكبير والسير الكبير وإنما سميت بظاهر الرواية لأنها رويت ‏عن محمد برواية الثقات فهي ثابتة عنه إما متواترة أو مشهورة عنه‏

 

الثانية: مسائل النوادر وهي مسائل مروية عن أصحاب المذهب ‏المذكورين لكن لا في الكتب المذكورة بل إما في كتب أخرى لمحمد ‏غيرها ك الكيسانيات والهارونيات والجرجانيات والرقيات

وإما قيل لها غير ظاهر الرواية لأنها لم ترو عن محمد بروايات ظاهرة ‏ثابتة صحيحة كالكتب الأولى

وإما في كتب غير محمد ككتاب المجرد للحسن بن زياد وغيرها

ومنها كتب الأمالي لأبي يوسف والأمالي جمع إملاء وهو أن يقعد العالم ‏وحوله تلامذته بالمحابر والقراطيس فيتكلم العالم بما فتح الله تعالى عليه ‏من ظهر قلبه في العلم وتكتبه التلامذة ثم يجمعون ما يكتبون فيصير كتابا ‏فيسمونه الإملاء والأمالي وكان ذلك عادة السلف من الفقهاء والمحدثين ‏وأهل العربية وغيرها في علومهم فاندرست لذهاب العلم والعلماء وإلى ‏الله المصير وعلماء الشافعية يسمون مثله تعليقة

وإما بروايات مفرده مثل رواية ابن سماعة ومعلى بن منصور وغيرهما ‏في مسائل معينة

 

الثالثة: الفتاوى والواقعات وهي مسائل استنبطها المجتهدون المتأخرون ‏لما سئلوا عن ذلك ولم يجدوا فيها رواية عن أهل المذهب المتقدمين وهم: ‏أصحاب أبي يوسف ومحمد وأصحاب أصحابهما وهلم جرا وهم كثيرون ‏موضع معرفتهم كتب الطبقات لأصحابنا وكتب التواريخ

Билип алгын: Албетте Ханафий мазхабынын асхабтарынын (мужтахид аалымдарынын) маселелери үч даражадан турат:

Биринчиси: Масааилул усуул (усул маселелери) бул Зохиру риваят деп да аталат. Ал дегени мазхаб мужтахиддери болгон Имам Абу Ханифа, Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахимахумуллах) үчөөнөн риваят кылынган маселелер. Кээде бул үчөөнөн сырткары Имам Зуфар, Имам Хасан ибн Зияд (рахимахумаллах) жана ушул экөөнөн башка Абу Ханифадан (рахимахуллах) түздөн-түз илим алган башка мужтахид имамдардан болгон риваяттарда учурайт. Ошентсе да Зохиру риваятта көбүнчө жалаң үч имамдын же үчөөнөн кээ биринин риваяттары гана айтылган.

Мына ушул Зохиру риваят жана Усул деп аталган маселелер жалаң Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбаний (рахимахуллах) жазган жогорку алты китептерде гана жазылган. Анткени ал маселелерди Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) өзү ишеничтүү болгон мутаватир же машхур риваяттар менен гана китепке киргизген. Кыскасы ошол алты китептин ичиндеги маселелердин баарын Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) өзү өз колу менен жазган.

Экинчиси: Масааилун Наваадир. Бул да жогоруда айтылган мазхаб асхабтарынан риваят болгон маселелер. Бирок бул Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) Зохиру риваят делинген китептеринен эмес, балким андан башка Ал-Кайсания, Ал-Харуния, Ал-Журжания жана Ар-Рукяаат аттуу киртептеринде риваят кылынган маселелер.  Бул китептер Зохиру риваят делинген китептердин даражасына көтөрүлө алган эмес, анткени андагы риваяттар Зохиру риваяттагыдай  мутаватир же машхур жол менен бекем болгон риваяттар эмес.

Андан сырткары Масааилун Нваадирге Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) китептеринен сырткары Хасан ибн Зияд сыяктуу аалымдардын да китептери кирип кетет.

Мисалы Имам Абу Юсуфтун (рахимахуллах) “Ал-Амаалий”си. Ал-Аамалий дегени устаз олтуруп Кудай дилине салган нерселерди шакирттерине айтып берет, аны тыңшап олтурган шакирттери колдорундагы калем менен кагаз бетине укканын түшүрүп барат. Анан ошол жазылган нерселерди чогултушат, соң ал китепке айланат. Ушуну Аамалий деп аталат. Мындай кылуу мурдагы өткөн факих, хадис аалымдарынын жана араб элинин адаты болгон.

Же болбосо бул Масааилун Наваадирге Ибну Симааьа жана Маьлаа ибн Мансур (рахимахумаллах) сыяктуу аалымдардын жеке эмгектериндеги маселелер да кирип кетет.

 

Үчүнчүсү: Фатаавалар жана Ал-Ваакиьалар. Ал кийинки аалымдар өздөрүнөн суралган маселеге жогорку айтылган биринчи жана экинчи даражадагы риваяттардан далил таба алышпай, өздөрү ижтихад кылып тапкан маселелер. Алар Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын (рахимахумаллах) шакирттери жана алардын шакирттери…

 

Бангладештик аалым Мухамамад Абдулмалик Email: abdulmalek09@gmail.com Postal address: 30/12 pallabi, Dhaka-1216, Bangladesh 1438-хижрий, 2017-миладий жылында өзүнүн “Истифтаа” деп аталган ай көрүү маселесиндеги “ихтилафул матаалиь”ге байланыштуу тактоо жана изилдөөлөрүнүн натыйжасында жазган макаласында төмөнкүлөрдү айтат:

“Ал-Бахру ар-Рааик”, “Ал-Фатаава ал-Хиндия”, “Ад-Дурру ал-Мухтар” жана анын хаашиясынан маалым болгон усулга көрө Ханафий мазхабынын “Зоохиру риваят”ында жогорку китептердин авторлорунун пикиринче ай көрүүдө “ихтилаафул матаалиъ”ге (ай көрүүдө ар бир жер өзүнүнүн географиялык шартынын түрдүүчөлүгүнө) көңүл бурулбайт. Ааламдын бир жеринде Рамазан айы көрүнсө ааламдын калган жагына да (айды көрбөсө да) орозо кармоо фарз болот. Маселен, Азияда ай көрүнбөй Европа же Араб жарым аралында ай көрүнсө Азиядагыларга да орозо кармоо фарз болот. Менин билишимче ушул жаатта сөзү алынган алгачкы адам Казыхан деген ат менен таанымал болгон Аллаама Хасан ибн Мансур ал-Узжандий (Өзгөндүк) (рахимахуллах). Анын айткан сөзүндө окуган адамга сыртынан ханафий мазхабынын Зохиру риваятында ихтилафул маталиъге көңүл бурулбайт деген түшүнүк байкалат.

 

Ал эми “Зохиру риваят” делинген китептерде жана Зоохиру риваятын негизги тамыры болгон риваяттарда да жогорку “ихтилафул маталиъге көңүл бурулбайт” деген сөз жана ал мааниге жакын болгон нерсе да айтылган эмес. Демек чийелишкен кырдаалда Зохиру риваятка таандык деп шилтеме берүү туура эмес.

 

Макалада жогорку акыйкаттар жана ушул кырдаалдар айтылды. Аллах өмүрлөрүнө береке берсин Азирети Муфтийлерден үмүтүм биздей алсыз пендени кечирип, бизге ой пикирлерин билдирип кетүүсүн жана эгер Зохиру риваяттан, усул китептеринен ушул маселеге таандык бир нерсе табышса мага эскертүү бере кетүүсүн да суранам.  Макаладан максат риваяттардын күчтүүсү менен күчсүзүн аныктоо эмес, анткени ар бир адамдын өз ижтихады жана ою бар. Бирок ушул маселе Зохиру риваяттанбы же жокбу, аны аныктоо “ихбар” (билдирүү-жеткирүү) гана болот, ижтихад эмес. Ошондуктан бул маселени тактыгын изилдөө зарыл болот.

Бир аймакта ай көрүнсө экинчи аймакка да өкүмү жүрөт деген маселенин негизи Зохиру риваятта эмес “Наваадир”де саахибайндан (Абу Юсуф, Мухаммад рахимахуллах) гана айтылганында шек жок. Ал эми бул маселе Абу Ханифадан (рахимахуллах) Зохиру риваятта да жана Наваадирде да айтылган эмес. Бирок бул маселе аралыгы алыс болгон аймактарда да көңүлгө алынабы же жокбу? Казыхан (рахимахуллах) Наваадирдеги сахибайндын сөзү мутлак экендигине таянып, аралыгы алыс болгон аймактарда да көңүлгө алынбайт деп айткан. Казыхандын (рахимахуллах) замандаштары жана ага чейинкилер сахибайндын сөзүн үрптөгү түшүнүккө жоруп, аралыгы алыс болгон аймактарда көңүлгө алынат деп айтышкан. Себеби ошол учурдагы адамдардын түшүнүгүндө башка аймак дегени аралыгы жакын болгон аймакка болгон.

 

Ай көрүү жана айт маселелери жөнүндө жергиликтүү калкка жеңил болсун деген максатта макала жазуу көңүлүмө келди. Анан Ханафий мазхабындагы Зохиру риваятка көрө баарына маалым болгон “ихтилафул матаалиъ гойру муътабар” деген маселени жазаардан мурда маселени өзөгүнөн карап көрөйүн деп, Зохиру риваят деп аталган имам Мухаммад ибн Хасан Шайбанийдин (рахимахуллах) китептерине кайрылып көрдүм. Аллахка тобокел кылып, аты аталган китептерди тыткылап “ихтилафул матаалиъ гойру муътабар” деген сөздү таптакыр таппай койдум. Жогорку маселени табуу чүчн аты аталган китептерди карап берүүсүн мусулман бир тууган досторумдан да өтүнүп көрдүм. Ошентип, биз баарыбыз Зохиру риваят деп аталган алты китептин биринен да ачык-айкын бул маселеге таандык бир да сөз таппадык.

Асл китептеринен болгон Истихсан деген китепте айтылган сөзгө көрө:

“Эгер асманда булут болуп, айды көрүүгө тоскоолдук болсо деле адилетүү-ишеничтүү

бирөө булуттардын арасынан айды көрдүм деп кабар берсе, же башка аймакта айды көргөндүгүн кабар берсе мусулмандар анын күбөлүгү менен орозо кармаса болот”.

Мен мунун маанисине назар салып көрдүм. Имам Сарахсий (рахимахуллах) “Мабсут” китебинде, имам Казыхан (рахимахуллах) өзүнүн фатваасында бул сүйлөмдөгү “башка аймак”тан мурат шаардын сырт жагы бүт жер жүзү эмес деп тафсир кылышкан. Сүйлөмдүн мааниси да ушундай. Жадагалса Казыхандын (рахимахуллах) өзү “Жаамиъус сагийр”дин шархында: “Захиру риваятка көрө (бир адамдын күбөлүгүн кабыл кылбастыкта) шаардын ичи менен сыртында айырма жок”, деп айткан. Дал ушундай сөздү “Бадаиъус Санааиъ”дин автору Алауддин ал-Каасаний (рахимахуллах) жана “Тухфатул фукахаа” китебинин автору Абу Бакр Алауддин ас-Самаркандийлер (рахимахуллах) да айткан. Ошондой эле “Ал-Мухийтул Бурханий” китебинин автору Ибн Мааза (рахимахуллах) ушундай сөздү айтылуу Имам Кудурийден (рахимахуллах) риваят кылган.

Казыхандын сөзү төмөнкүдөй:

“Эгер бирөө шаардын сыртынан келсе “Зохиру риваятта” да ушундай, анын күбөлүгү кабыл кылынбайт. Тахавий рахимахуллах: “Анын күбөлүгү кабыл кылынат, анткени матаалиъ ихтилаф, шаардын сыртында тоскоолдук азыраак. Ошондой эле бийик жердеги орун да ушуга окшош”, деп айткан.

 

Кыскасы мен канчалык изилдесем да Имам Мухаммад ибн Хасан Шайбанийдин (рахимахуллах) Зохиру риваят делинген китептеринен бул “ихтилафул маталиъ гойру муътабар” маселесине таандык же ага ишаарат кылгыдай маанидеги эч нерсе таппадым. Ага кошумча бул жерде дагы башка белгилүү китептер бар, ал китептерде да жогорку маселенин Зохиру риваяттан эместигин айигнелейт. Ошол китептердин белгилүүлөрүндө айтылуусунча Зохиру риваяттын негизги таянычтуу булактарында “ихтилафул маталиъ гойру муътабар” деген маселе айтылган эмес. Ал китептер төмөнкүлөр:

  1. Мухтасарул Хаким аш-Шахийд (ал-каафий) (Канздын автору Насафийдин Каафий ан-Насафий китеби)
  2. Имам Сарахсийдин Мабсуту
  3. Ал-Мухийтул Бурханий
  4. Ал-Мухийту ар-Разавий (Стамбулдагы Файзуллах мактабасында катталуу, дагы бир нускасы Карачидеги Ахсанул улуум медресесинде сакталып турат)
  5. Хазанатул акмал (Бир нускасы Стамбулда, дагы бир нускасы Ризар амбур мактабасында, дагы бир нускасынан көчүрмө Уммул куроодогу Файзуллах мактабасында турат. Андан соң Бейруттагы Даарул кутубул ъилмия басмаканасы басып чыккан)

Мына ушул китептерде айтылган маселе боюнча эч нерсе жок жана бул мааниге жакын болгон да бир нерсе жок.

Бир канча ишенимдүү-таянычтуу делинген “Ахаммул мутуун” (Эң маанилүү текст) болгон “Мухтасар”лар да бул маселенин Зохиру риваятта табылбастыгына далаалат кылат.

Алар:

  1. Мухтасарул Хакийму аш-Шахийд
  2. Мухтасару ат-Тахавий
  3. Мухтасару ал-Кархий
  4. Мухтасару ал-Кудурий
  5. Тухфатул Фукахаа
  6. Бидаятул Мубтадий
  7. Ал-Мукаддимату ал-Газнавий
  8. Ал-Хаавий ал-Куддусий

 

Маанилүү текст делинген китепдерден саналбаса да бүт фурууь маселелерди өз ичине камтыган китептерде да “ихтилафул матаалиь гойру муътабар” деген маселе айтылган эмес. Алар:

  1. Ал-Фикхун Наафиь (Насируддийн Абул Касим Мухаммад ибн Юсуф Самаркандий 556 х.)
  2. Ал-Минхажу фий мазхабил Ханафияти, ал-Амрул Ансорий ал-Укайлий. Шайхул Ислам Файзуллах афандинин мактабасында сакталуу.

Казыхандын  рахимахуллах доорунда жазылган Маанилүү тексттерде да бул маселе айтылган эмес. Алар:

  1. Такмилатул Кудурий, Хисамуддийн ар-Розий (598 х.) бир канча мактабаларда сакталуу. Алардын бир Мадинадагы Жамиьатул Исламиядагы башкы мактабада.
  2. Тухфатул Мулук
  3. Ал-Викоя
  4. Ан-Никоя

“Ихтилафул матаалиь гойру муьтабар” деген маселеге жогорку китептердин биринде да көзүбүз түшкөн жок. Албетте бул маселе Казыхандын (рахимахуллах) доорунан кийин жашап өткөн, ошондой эле Казыхандын (рахимахуллах) айткан сөзүнүн сыртынан байкалган мааниден таасирленген кээ бир матндардын (тексттердин) авторлорунун китептеринде айтылган. Ал эми Казыхандан рахимахуллах мурда жашап өткөндөрдүн китептеринде бул маселеге таандык таптакыр эч кандай сөз жок. Балким ал китептердин кээ биринде “Ихтилафул матаалиъ муътабар” деп айтылган. Мисалы, Абу Фазл ал-Керманийдин (рахимахуллах) (543 х.) “Тажрийдул Ийзах” аттуу китеби.

Үчүнчү далил. “Хония” жана “Хулосатул фатаава”нын текстинде келген сөздүн жүрүүсүнө жакшылап назар салчу болсок, “лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ фи зохири риваят” (зохиру риваятта чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт) деген сөздүн айтылгандыгы ачыкка чыгат. “Хулоса”нын автору бул сөздү “Хония”дан алган. Ал эми “Хуласа”нын автору көптөгөн маселелерди такай “Казыхан”дан алуучулардын бири болгон. Андыктан бул маселени негизи “Хония”дан алган болсо да, “Казыхан”дан накыл кылганын айткан. Ошондой эле “Хония” жана “Хулоса”дан же экөөнүн бирөөсүнөн “Ал-Мухтар”, “Ал-Мажмаь”, “Ал-Канз”, Ал-Мултако” аттуу китептер накыл кылган. Мына ушундай накылдардын натыйжасында бул маселенин түбү Ханафий мазхабынын “Зохиру риваяты” деген “акыйкат” жүзөгө келген. Ошону менен бирге айта турган нерсе акыркы айтылган төрт китептер Казыхандын (рахимахуллах) доорунан кийин жазылган жана алар деле ачык Зохиру риваяттан деп айтышкан эмес.

“Хония”да айтылган сөз төмөнкүдөй, анын жүрүшүнө жана маанисине карап көрөлү:

 

>عن محمد في النوادر: إذا صام أهل مصر شهر رمضان على غير رؤية ثمانية وعشرين يوما ثم رأوا هلال شوال، قالوا: إن كانوا عدوا شعبان لرؤية ثلاثين يوماً، وغم عليهم هلال رمضان قضوا يوما واحدا، وإن صاموا تسعة وعشرين يوما ثم رأوا هلال شوال فلا قضاء عليهم لأنهم قدأكملوا الشهر.

ولو صام أهل بلدة ثلاثين يوما للرؤية وأهل بلدة أخرى تسعة وعشرين يوما للرؤية، فعلم من صام تسعة وعشرين يوما فعليهم قضاء يوم، ولا عبرة لاختلاف المطالع في ظاهر الرواية، وكذا ذكر شمس الأئمة الحلواني رحمه الله تعالى، وقال بعضهم: يعتبر اختلاف المطالع<. (>فتاوى قاضيخان< 1/197 المطبوع بحاشية >الهندية<)

“Наваадир”де Мухаммад (рахимахуллах):

“Эгер бир шаардын эли айды көрбөстөн 28 күн орозо кармаса, анан Шаввал айын көрүшсө. Анда алардын абалы төмөнкү эки абалдын бири болгон болот. Алар күн бүркөө болбой ачык болуп турганда чындап Рамазан айын көрбөй Шааъбан айын отузга толтуруп, анан Рамазанга киришкен болот же күн бүркөө болгондуктан Рамазан айын көрө албай Шааъбанды отузга толтуруп анан Рамазанга киришкен болот. Мындай учурда алар бир күн орозо кармап беришет. Ал эми эгер Рамазанды 29 күн кармагандан соң Шаввал айын көрүшсө, аларга бир күн каза кармап берүү важиб эмес. Себеби алар айды толтурушту.

 Эгер бир мамлекеттин эли айды көрүп анан Рамазанга киргенден соң 30 күн орозо кармаса. Ошондой эле башка мамлекеттин эли да айды көрүп анан Рамазанга киргенден соң 29 күн орозо кармаса. Ошондо 29 күн орозо кармагандар бир күн каза орозо кармап бериши керек, себеби Зохиру риваятка көрө ихтилафул матаалиъ гойру муътабар. Шамсул Аимма ал-Халвааний рахимахуллах да ушундай деген. Ал эми кээ бир аалымдар: “29 күн кармагандар бир күн каза орозо кармап бербейт, себеби ихтилафул матаалиъ муътабар”, деп айтышкан”. (Фатаваа Казыхан 197/1 “Ал-Хиндия”нын хашиясында басылган)

Жогоруда айтылган сөздөрдүн жүрүшүндөгү түшүнүк менен төмөнкү иштер ачык-айкын көрүнөт.

Казыхан (рахимахуллах) айткан “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ фи зохири риваят” деген сөз “Наваадир”де айтылган. Көрбөйсүзбү сөздүн башында Казыхандын рахимахуллах өзү муну “Наваадир”де Мухаммаддан (рахимахуллах) деп, ачык айтып жатат. Бул маселенин Зохиру риваяттан эмес Наваадирден экендиги кескин түрдө ачык чыкты.

а) Бул маселе Зохиру риваятта табылбайт.

б) Бул маселе Хаким аш-Шахийддин “Мунтака” маселелеринде: темасы “Наваадирдин маселелеринен деп келген. “Мустахиллул китаб” деген китепте да ачык айтылган жана “Кашфуз Зунуун” деген китепте Хажи Халийфа андан үзүндү келтирген. Ошондой эле Ибну Аабидийн (рахимахуллах): “Албетте “Ал-Мунтака” Зохиру риваяттан, ошентсе да анда кээ бир реалдуулукка терс болгон Наваадирдин маселелери да бар”, деп айткан.

в)  Ал-Мухийтул Бурханда айтылышынча Ал-Хакиймдин өзү “Ал-Мунтака”да Башр ибн ал-Валийд Имам Абу Юсуфтан жана Ибрахим Имам Мухаммаддан (рахимахумуллах) риваят кылышкандыгын айткан. Ушул эки риваят тең Наваадирде келген Зохиру риваятта эмес.

г) Абу Лайс Самаркандий (рахимахуллах) “Уйуунул масааил” деген китептин 38-бетинде Имам Абу Юсуфтун (рахимахуллах) имлаасынан (диктант катары шакирттерине айтып жаздырган) риваят кылган. Бул риваят да Наваадирде келген.

д) “Хизанатул Акмал” деген китепте да Ал-Мунтакадан ал Наваадирден экендигин айткан.

е) Абу Бакр ал-Жассаас (рахимахуллах) ушул маселенин өкүмүн мутлакына ыктымал кылган. Ал өзүнүн “Ахкаамул Куран” аттуу китебинде “Бакара” сүрөсүнүн 185-аятына өкүм жазганда сөзүнүн сыртынан билинип турат, ал бул маселени жеткиликтүү-басымдуу бекемдөөдө риваяттарды Наваадирден келтирген.

Натыйжада бул маселе Зохиру риваяттан эмес Наваадирден экендигинде эч кандай шек-күмөн калган жок.

 

Анда Казыхан (рахимахуллах) бул маселени Зохиру риваятка байланыштуу кылууда эмнени каалады?

Албетте Зохиру риваятка таандык кылынган бул маселе Зохиру риваяттан эмес. Ага таандык кылынган “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ” деген сөз Зохиру риваятта да жана анын булагы делинген негизден да табылбайт. Андай болсо эмне үчүн Зохиру риваятка таандык кылынат?

Эгер Казыхандын рахимахуллах сөзүнө жакшылап назар салып көрсөк, Жараткандын уруксаты менен Казыхандын  (рахимахуллах) максаты ачык болот:

أن ظاهر رواية النوادر هذه أن لا عبرة لإختلاف المتالع, فيثبت حكم القضاء من غير فصل بين اتحاد المتالع أو اختلافها

“Албетте Наваадирдин ушул зохир риваятына көрө “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ”, демек ушул сөзгө көрө матаалиъдин бирдиги же түрдүүчөлүгүнө карабастан өкүм дайын болот”.

Бул сөзү менен Казыхан (рахимахуллах):

 

و لا عبرة لأختلاف المتالع في ظاهر هذه الرواية التي نقلتها من النوادر, فإنها حكمت بالقضاء من غير تفصيل بين القريب و البعيد

“Мен Навадирден накыл кылган зохир ушул риваятка көрө чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт. Анткени Наваадирдеги зохир риваят жакын жана алысты ажыратпастан мутлак өкүм берген”, демекчи болуп жатат.

Автордун “ушул” деп айтып жаткандыгы жана “риваят” сөзүндө “лаам”дын жоктугу бул масленин чечимине жетиштүү болот. Ошондой эле муну окуган адамдын зээнине да чыныгы “Зохиру риваят” келбестиги айдан ачык.

 

Казыхандын (рахимахуллах) чакырып жаткан бул эскертүүсүнө анын замандаш жана андан мурунку аалымдардын пикири эгер эки аймак бир бирине жакын болсо жана чыгыш орундары бир болгондо гана чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт. Мүмкүн Казыхан рахимахуллах ушул маселеде алар менен бир пикирде болбогондугунан, “Мына ушул риваяттын зохирине көрө чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт”, деп баса белгилеп, эскертүү берип жаткандыр.

 

Чындыгында бизге маалым болгондой Ибнул Хаммам, Ибну Нажийм, Ибну Аабидийн (рахимахумуллах) жана көптөгөн кийинки факих аалымдар Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) усуул китептеринен түз риваят кылышкан эмес. Себеби аты аталган аалымдар жана кийинки (мута’аххирийн) аалымдар Ханафий мазхабындагы мужтахиддердин алдыңкы жети табакасына кирбейт. Бул жөнүндө Ибну Нажийм менен Ибну Аабидийн (рахимахумаллах) экөөсү өз китептеринде бир топ жерде айтышкан. Кийинки факих аалымдардын китептерине көз жүгүртүү менен алар Зохиру риваяттын маселелерин айтчу болсо ошол китептердин өзүнөн эмес балким алардан кийинки китептердин ортомчулугу менен айткандыгы ачык болот.

Казыхандын (рахимахуллах) төмөнкү сөзүнө да назар салуу зарыл го дейм:

و كذا ذكر شمس الأئمة الحلوائي رحمه الله تعالى

“Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) да дал ушундай деген”.

Ошондой эле “Хулоса” да болсо:

و به كان يفتي شمس الأئمة الحلوائي

“Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) ушуга фатва берген” деп айтылат.

Эгер риваят чындап Зохиру риваяттан болсо “Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) да дал ушундай деген”, деп айтуунун эмне кажети бар. Бул сөздү айтууга качан гана бирөөнүн пикирине же ижтихадына башка көпчүлүк карама-каршы чыкканда гана кажет түшөт

Маселе Зохиру риваяттан болсо анда башка факих аалымдар андан кабарсыз калабы!

Ынсап менен карап көрөлү, маселе кантип Зохиру риваятка жетип барат. Алты усул китептерде бул маселеге таандык эч бир из жок болсо жана усул маслелерине таандык болуп жазылган эч кайсы булактарда да жок болсо?

Анда Зохиру риваят делинген алты китептин бизге жетип келбеген же биз таптакыр көрбөгөн нускасы бар го деген ыктымалга барышыбыз турган кеп. Бирок бул ыктымалда акыйкаттан ыраак.  Андай болсо мурунку аалымдар мындай нуска бар экендигин билишмек.

Мындай нускадан ат-Тахавий, ал-Кархий, ал-Жассаасий, ал-Кудурий ал-Хаким аш-Шахийд, Шамс ул-аиммати ас-Сарахсий, Разиюд дийн ас-Сарахсий ал-Журжаний (Юсуф ибн Али), ас-Самаркандий, ал-Каасаний, Абу ал-Фазл ал-Кермааний, ал-Маргилаанийлер (рахимахумуллах) да кабарсыз болушканбы?

Имам ал-Кудурийден (рахимахуллах) тартып, Сохибу ал-Мухийт ал-Бурханий жана Муният ал-Муфтийге (рахимахумаллах) чейинки, жогоркудай улуу аалымдардын баары “ихтилафул матаалиь гойру муьтабар” маселесин “Наваадир”ден алынганын жана бул маселе аралыгы жакын болгон аймактарга айтылганын баса белгилеп кетишкен.

 

Казыхандан (рахимахуллах) мурда өткөн чоң факих ханафий аалымдар бул маселе жөнүндө эмне деп айтышкан?

Казыхандан (рахимахуллах) мурда өткөн аалымдардын баары дайыма бул маселени Навадирден деп айтышып, төмөнкүдөй тафсирлешчү:

“Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ” бир бирине жакын болгон айдын чыгуу орду түрдүүчө болбогон аймактарга айтылган. Эгер айдын чыгуу орду түрдүүчө болгон аймактар болсо экинчи аймакка наркысынын өкүмү жүрбөйт”.

Сиздерге ошол факих аалымдардын тафсирлерин айта кетели:

Имам ал-Кудурий (рахимахуллах) (428 х.) “Мухтасар ал-Кархий”дин шархында. (Уммул куроодогу Файзулла мактабасында катталып, ошол жерде сакталуу турат)

Имам ал-Кудурийдин рахимахуллах ушул маселеге берген тафсири “Мухийтул Бурхан”да (342-341/3), “Татархания”да (365/3) накыл кылынган. Ошондой эле “Захийра”да, Абу ал-Аббас ас-Суруужийдин (рахимахуллах) “Ал-Гояту шархул Хидая” атту китебинде жана Ал-Аттабийдин (рахимахуллах) “Жавамиьул фикх” китебинде да айтылган.

Имам Кудурийдин (рахимахуллах) тафсири төмөнкүчө болгон:

“Эгер эки аймактын ортосундагы айырма айдын чыгыш орду түрдүүчө болбогудай деңгээлде болсо, биринчи аймактын өкүмү экинчи аймакка да жүрөт. Ал эми эки аймактын ортосундагы айырма айдын чыгыш орду түрдүүчө болгудай деңгээлде болсо биринчи аймактын өкүмү экинчи аймакка жүрбөйт”.

Айта кетүүгө арзый турган дагы бир сөз, Кудурий рахимахуллах бул маселеде Ханафий жана Шафиъий аалымдарынын ортосунда талаш жок деп ойлогондуктан өзүнүн “Тажрийд” деп аталган китебинде бул маселеге таандык эч нерсе айткан эмес. Ал китептин мазмунунда да (китептин аягындагы темалардын тизмеси) бул маселеге таандык тема көрсөтүлгөн эмес”.

Ушул жерден Муфтий Мухаммад Абдулмаликтин сөзүн токтотолу.

Ай көрүү маселесинде ар бир жердин айдын чыгуу орундары түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулат же бурулбайт деген маселеде аалымдарыбыздын түрдүүчө ой-пикирлери бар экендигин билдик. Ошону менен бирге, эгер Саудияда же Түркияда ай көрүнсө бизде – Кыргызстанда ай көрүндү деп, жаңы айга кирүү же бир айдан чыгуу керек, себеби ханафий мазхабынын “Зохиру риваятында” ушундай делинген, деген сөздөр алдыга сүрүлгөн учурлар да жок эмес. Бул маселе чындап эле “Зохиру риваят”та айтылганбы же айтылган эмеспи биз аны жогорку Муфтий Мухаммад Абдулмаликтин макаласынан окуп билдик. Биз Мухаммад Абдулмаликтин макаласын кандай болсо ошондой кылып арабчадан кыргызчага түз котордук. Ал макаланын түп нускасын окуйм дегендерге ал кишинин почтасын жана сайт нускамасын калтырдык. Ошондой эле: “Жок, бул маселе “Зохиру риваят”та бар”, деп көшөрүп туруп алчулар болсо, анда чындап эле күчү жетсе “Зохиру риваят”ка кайрылып көрсүн да аталган маселени тактап билип, бизге да акыйкатын айтып берсе нур үстүнө нур болмок.

Андыктан кээ бир жылдарда Кыргызстанда Рамазан айынын башталуусу же бүтүүсү Саудия же Түркияга салыштырмалуу бир күн айырма болуп калса, ага таң калуунун кереги жок.

Айды көргөндүгү үчүн шарияатта күбөлүк берүүнүн эрежеси.

Кабар жана күбөлүктүн ортосундагы айырмачылык

Айды көрүүгө күбө болуунун эрежесин айтуудан мурда күбө жана кабар берүү экөөнүн ар бирин өз алдынча билүү керектигин айта кетели. Экөөнүн ортосунда айырмачылык чоң. Кээ бир айтылган сөз кабар түрүндө эске алынып кабыл алынат. Бирок күбө катарында кабыл алынбайт. Шариятта булардын айырмачылыгы ачык айкын. Бүгүнкү күндө да бүткүл дүнүйөнүн сотторунда бул экөөнүн айырмачылыгы мыйзам түрүндө сакталып келет. Телеграф, телефон, радио, газета жана кат аркылуу дүнүйөдө кабар таркатылат. Аны таркаткан же жазган адам ишеничтүү адам болсо кабар түрүндө бүткүл дүнүйөдө кабыл кылынат. Ал кабарга ишенип, миңдеп жүздөп жумуштар ишке ашырылат. Бүткүл дүнүйөдө мамилелер кабар аркылуу жүрөт. Соттордо да кабар түрүндө кабыл алат бирок кандайдыр бир талаш тартыш нерседе күбө катары бул кабарларды дүнүйөдөгү бир дагы сот кабыл кылбайт жана ушул кабарлардын негизинде чечим чыгарбайт. Тескерисинче күбө, соттун алдына келип күбөлүк бергенде гана чечим чыгарат. Ошондо ага сын тагып кебете жана башкасын карап көрүлөт. Мына ушул өкүм шарияттын өкүмү. Анткени кабар бирөөнү баш ийдирип, өзүнүн акысын таштатууга мажбур кыла турган далил эмес. Кабар берген кишинин чынчылдыгы динчилдигине ишенсе кабыл алынат ишенбесе аны кабыл албайт. Күбөлүктө андай эмес, ал далил болуп эсептелет. Шариятка ылайыктуу күбөлүк менен каазы же сот бир нерседе кабыл алса, каазы же сот ошого ылайыктуу чечим чыгарууга милдеттүү. Экинчи тарап аны кабыл алууга мажбур кылынат. Бул мажбурлоо же мойнуна койуу кабар аркылуу болбойт. Ошондуктан кандайдыр бир кабарды тастыктоо (ишеничтүү жана адилеттүү болуусунан башка) шариятта да учурдагы соттун мыйзамында да жок.

Бүт дүйнөдө күбөлүк үчүн соттордун мыйзамдарында көптөгөн шарттарды койушкан. Шарият дагы күбөлүк үчүн күбөлүктүн толук болуусу жана күбөнүн абалын тактап күбөлүктүн шарттарын билүүнү зарыл деп белгилеген. Эгерде сот, телефон же радио аркылуу бирөөнүн күбөлүгүн кабыл алуудан баш тартса, мунун мааниси, сот ал кишиге ишенбеди же жалганга чыгарды делинбейт. Мүмкүн каазы же сот бир эле күбөлүктөн ишенсе, же эки адамдын кабарына ишенсе, ошол туура деп айтышы мүмкүн, бирок күбөлүктүн эрежесинин негизинде, каазы же соттун минтип ишенип, чечим чыгаруусуна жол бербейт.

Айды көргөндүгүнө күбөлүк керекпи же чыныгы кабар жетиштүүбү?

 Мунун жообу белгилүү. Шарияттын эрежеси менен гана болушу керек. Жалпысынан айды көрүүдөгү маселени Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) жана сахабалар күбөлүктүн маселеси деп эсептешкен. Албетте Рамазан айы үчүн кабарды жеткиликтүү дешкен. Бирок кабар берген киши адилетүү мусулман болушу керек. Тирмизи, Абу Дауд, Насаи жана башкалардын риваятында бир бедуиндин-чөлдө жашаган араб жана Абдулло бин Умардын (разийаллоху анху) окуясы айтылган. Ошондой эле бир адилеттүү мусулмандын кабары менен Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Рамазан айына кирип, орозо кармоону жарыя кылып, күбөлүктүн эрежесин зарыл дебегендиги да риваят кылынган. Рамазандан башка айларга күбөлүк үчүн, күбөлүктүн санын жана шарттарын зарыл деп эсептеген. Буга бүткүл үммөттүн факих аалымдары келишим кылышкан

Дару Кутниде келтирилген риваятда: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) айт үчүн айды көргөнгө эки адамдан аз болгон күбөлүктү жеткиликтүү деп эсептеген эмес. (Хашия Шархул Викоя)

Күбөлүк жана кабар берүүнүн айырмасын билгенден соң шарияттагы күбөлүктүн эрежесин билип алыңыз!

Айды көргөндүгү үчүн күбөлүктүн шарттары

 Мамилелер ар түрдүү болгондуктан күбөлүктүн шарттары дагы ар түрдүү болот. Кээде катуураак, кээде бошураак каралат. Бул китепте күбөлүктүн толук эрежелерин жазып кетпейбиз. Болгону айды көрүүгө тиешелүү маселелерди айтып өтөбүз. Айды көрүүнүн мамилеси башка мамилелерге окшош. Муну менен башкалардын пайда зыянынын тиешеси бар. Экинчи жактан алып караганда дин жана ибадат. Ошондуктан мунун шарттары башка мамилелердин шарттарына караганда кичине бошураак жана жеңилирээк. Башка мамилелерде күбөлүк талап кылынаардан мурда арыз, доонун болуусу керек. Кандайдыр бир адам арыз, доо менен кайрылса, анын арыз, доосун бекемдеш үчүн, күбөлүк талап кылынат. Айдын маселесинде факих аалымдардын баардыгынын айтуусунда арыз доо шарт кылынбайт.

Айды көрүүдөгү күбөлүктүн шарттары төмөнкүчө:

1 – Башка мамилелердеги талап кылынган үч шарт мында даг талап кылынат:

1 — Мусулман болуу; 2 — Акылы толук; 3 — Балагатка жеткен болуусу керек; 4 — Көзү көрүүсү.

Мусулман эмес адамдын айды көрүүдөгү күбөлүгү кабыл кылынбайт. Акылы жоктун күбөлүгү эч кайсыл нерседе кабыл кылынбайт. Балагатка жете элек баланын күбөлүгү да эске алынбайт. Сокур кишинин күбөлүгү да кабыл кылынбайт.

5– Күбөлүктүн эң олуттуу шарты бул бардык күбөлүктөрдө зарыл деп саналат. Ал — күбөлүкө өткөн кишинин عدل адилеттүү болуусу, бул Куранда айтылган:

وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِّنكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ۚ ﴿سورة الطلاق: 2 ﴾

«…араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла, ал күбөлүктү Аллаө үчүн (түз-туура) өтөгүлө…» («Талак» сүрөсү, 2-аят)

 

عدل «ъадл» деген сөз бул термин. Анын мааниси мындай: «Чоң күнөөөлөрдөн сактанган жана кичинекей күнөөлөргө таңууланбаган (адаттанбаган), жакшы иштери жаман иштеринен көп жана туура эмес жүрүүсүнө караганда туура жүрүүсү үстөмдүк кылган мусулман кишини «ъадл» عدل дейт». (Хидая, Аламгирия ж.б.) Кимде ким чоң күнөдөн сактанбаса же кичине күнөөнү дайыма жасоону адат кылып алган болсо жана жакшы иштерине караганда жаман иштери үстөм болсо, мындай адам шариятта فاسق  «фаасык» делинет. Кыскача айтканда бешинчи шарт, күбө ъадл عدل болуусу керек,  فاسق фаасык болбоосу керек.

Эскертүү: Факихтердин айтуусу боюнча фаасыктын күбөлүгүн кабыл кылуу жана ошого ылайыктуу чечим чыгаруу каазыга важиб эмес. Эгерде каазыга кандайдыр бир белгилердин негизинде анын жалган айтпагандыгы билинсе, каазы фаасыктын күбөлүгүнүн негизинде чечим чыгарса чечими дурус болуп эсептелет. (Хидая, Шархул Викоя, Дуррул Мухтар, Шами, Аламгири ж.б.) Дүнүйөдө фаасыктык көбөйгөндө, мамилелерде күбөлүккө шарияттын термининдеги айтылган фаасыктардан башка күбө жок болгондо, элдердин укугун сактоо жана талашып-тартышууда чечим чыгаруу үчүн фаасыктык мамилесинде белгилер жана абалдардан анын жалган сүйлөбөй чын айткандыгы билинсе, анын күбөлүгүн кабыл кылып, ошол нерсеге чечим чыгарууга факихтер уруксат берген. Албетте мындайлардын ичинен башкаларга караганда жакшысын тандоо керек. Маселен: Намаз, орозого бекем шарияттын өкүмдөрүн сыйлаганын тандап алган максатка ылайыктуу.

Белгилүү фикх китеби «Муъиинул Хуккаам» да өзүнчө бир тема кылып, кенен жазылган. Мунун негизги себебин мындайча белгилеген: Алла Таала фаасыктын күбөлүгүн кайтарууга өкүм берген. Кала берсе аны тактагыла деген.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ ﴿ سورة الحجرات: 6﴾

«Эй ыймандуулар! Эгер силерге бир фасык (бузуку адам) кабар алып келсе, наадандык кылып кайсы бир коомго зыян жеткирип, өкүнүп калбастык үчүн оболу (ал кабардын чын-төгүнүн) жакшылап аныктагыла» «Ал-Хужурат» сүрөсү, 6-аят.

Мунун мааниси: Тактаганда анын жалган эмес экендиги билинсе кабыл кылгыла, билинбесе кабыл кылбагыла. Абалды тактаганда анын чын айтып жаткандыгы каазыга көбүрөөк маалым болсо анын күбөлүгүн кабыл кылса болот. Азыркы учурда фаасыктыктын көптөгөн түрлөрү бар. М: Сакалды кыруу, намаздарга кайдыгер болуу (өз убагында окулуусуна маани бербей, каза кылып коюу) ж.б.у.с. өтө көп болуп кеткендиктен күбөлүгүн кайтара турган болсо көптөгөн мамилелерде чечим чыгаруу мүмкүн эмес болуп калат. Бул учурда факихтерге жогоруда айтылган жол менен чечим чыгаруудан башка жол жок. Ошондуктан Муъиинул Хуккаамда ушинтип тактоону жазгандан кийин минтип жазган:

هَذَا هُوَ الصَّوَابُ الَّذِى عَلَيْهِ الْعَمَلُ

Амал кылуу үчүн туурасы ушул

(Муъиинул Хуккам 145 — бет)

 Муъиинул Хуккаамда тактоо туурасында бул сөздөр жазылган:

قَالَ الْقِرَافِى فِى بَابِ السِّيَاسَةِ نَصَّ بَعْضُ الْعَلَمَاءِ عَلَى اَنَّا اِذَا لَمْ نَجِدْ فِى جِهَةٍاِلاَّ غَيْرَ الْعُدُوْلِ اَقَمْنَا اَصْلَحَهُمْ وَ اَقَلَّهُمْ فُجُوْرًا لِلشَّهَادَةِ عَلَيْهِمْ وَ يَلْزَمُ ذَلِكَ فِى الْقُضَاةِ وَ غَيْرِهِمْ لِئَلاَّ تَضِيْعَ الْـمَصَالِحَ. قَالَ وَ مَا اَظُنُّ اَحَدًا يُخَالِفُ فِى هَذَا فَالتَّكْلِيْفُ شَرْطٌ فِى الْاِمْكَانِ، وَ هَذَا كُلُّهُ لَضَرُوْرَةٍ لِئَلاَّ تَهْدِرَ الْاَمْوَالُ وَ تَضِيْعَ الْحُقُوْقُ.

Аллама ал-Кироофи Саясат бабында мындай деген: «Аалымдар: «Кайсыл жерде адилеттүү күбө табылбаса, адамдардын арасынан дин жактан алып караганда эң жакшысы жана фаасыктыгы аз кишини күбөлүкө тандалсын. Бүгүнкү күндө каазылар ушундай кылуусу керек. Анткени адамдардын укугу жана пайдалары тебеленбеш керек», деп айтышкан. Эч кандай аалым жана факих буга каршы чыгат деп ойлобойм. Себеби, кудурети жеткен нерсе гана аткарылат. Бул зарылчылыктын себебинен адамдардын мал-мүлкү жана укугу тебеленбеш үчүн гана».

6 – Күбөлүктүн шарттарында шахадат сөзү (күбөлүк берем) деген сөздөн башка сөз кабыл кылынбайт. Анткени шахадат деген сөзү ант ичүүнүн маанисин да билдирет жана окуяга өзү күбө болгондугун да айгинелейт. Ошондуктан күбө өзүнүн сөзүн айтаарда мындай деп айтуусу керек: «Мен күбөлүк беремин баланча окуя ушундай болгон». (Хидая. Аламгири ж.б.) Мунун мааниси мындай: «Мен ант ичип айтамын баланча окуяны мен өз көзүм менен көргөнмүн».

7 – Күбө болуп жаткан окуяны күбөнүн өз көзү менен көрүүсү шарт. Жөн эле уккан сөз болбоосу керек. (Аламгирия) Ооба! Эгерде кандайдыр бир себептер менен күбөлүк берүүгө келе албаса, өз күбөлүгүнүн ордуна эки эркек же бир эркек эки аялды күбө кылып каазынын алдына жиберсе болот. Каазынын алдында булардын күбөлүгү бир эле кишинин ордуна өтөт. Бул эки күбө каазынын алдында: «Баланча бул окуяны өз көзү менен көргөн, өзү келе албагандыгынан биз экөөбүздү өзүнүн күбөлүгүнө күбө кылып жиберди. Биз анын күбөлүгүнө күбөлүк беребиз» — деп көрсөтмө берет. (Аламгирия, Роддул Мухтар ж.б) Күбөнүн үстүнө күбө болуу зарылчылыгы болсо аалымдардан кененирээк сурап алыңыз.

8 – Каазынын мажлиси. Тагыраак айтканда күбө каазынын алдына барып күбөлүк берсин. Парданын артында же алыстан туруп кат, телефон, радио ж.б азыркы доордогу аспаптар аркылуу күбөлүк берилсе бул күбөлүк болуп эсептелбейт. Бул болгону кабар боло алат. Кайсыл мамиле жана маселеде кабар жетиштүү болсо ага амал кылынат. Кайсыл нерсеге чечим чыгаруу үчүн күбөлүк зарыл болсо анда мындай кабарлар жетиштүү болуп эсептелбейт. Кабар берген киши ъадл күбө болууга жарактуу киши болсо да кабыл кылынбайт. Шарияттан сырткары бүгүнкү күндөгү соттордо да ушул шарт коюлган. Бир да сот, күбөнүн күбөлүгүн телефон же радио ж.б менен күбөлүгүн жарактуу деп эсептебейт. Сотко келип өзүнүн айтуусун зарыл деп эсептейт. Мында күбөнүн жүзүн, сүйлөгөнүн жана башка жактарын көргөндө анын айтып жатканынын канчалык чын экендигин билүүгө жардам болот жана ошондой эле башка жашыруун нерселерди да сурап билсе болот. Мунун баары каазынын алдына келгенде гана мүмкүн.

Кайсыл өлкө Ислам өлкөсү эмес болсо же болсо да шарият көрсөткөн каазы жок болсо жергиликтүү жалпы эл-мусулмандар кайсыл аалым же жамаатка дин маселелеринде ишенсе ошол аалымды же жамаатты каазынын ордуна казы катары эсептесе болот жана айды көрүүдө ошонун чечимин чечим деп эсептесе болот». (Хашияту Шархул Викоя)

Айды көрүүдөгү күбөнүн дагы бир түрү

 Айды көрүүдөгү жогоруда айтылган эки түрдүү күбөлүк берүү айтылып өттү. Биринчиси: Күбө өз көзү менен көргөндүгүнө күбө берүүсү, экинчиси: Өзүнүн күбөлүгүнө күбөлөрдү жөнөтүү. Тагыраак айтканда эгерде күбө айды көрүп кандайдыр бир себептерден улам каазынын алдына бара албай калса, эки күбөнү күбө кылып: «Мен айды көрдүм силер менин бул күбөлүгүмө күбө болуп баргыла, каазынын алдында менин күбөлүгүмдү жеткиргиле», деп дайындап айтат. Каазынын алдында бул эки күбө ай көргөн кишинин күбөлүгүнө күбөлүк бергенде экөөнүн күбөлүгү бир эле күбөнүн ордуна өтөт. Күбөлүкө күбөлүк берүү туурасында билүү зарыл болсо фикх китептерине, аалымдарга кайрылып көрсүн. Бул кичинекей китепте ага орун жок.

Үчүнчү жолу да бар, ал мындайча: Күбө айды өз көзү менен көргөндүгүн да айтпайт, көргөн кишиге күбөлүк да бербейт. Ал минтип күбөлүк берет: «Биздин алдыбызда баланча шаардын казысынын алдында күбөлүк келтирилди, каазы аларга карап шаарда орозо же айт экендигин жарыя кылды». Муну чечимге күбөлүк берүү деп айтылат. Бул каазынын чечимине күбөлүк берип жатат. Кыскасы, кайсыл бир шаарда ай көрүнбөсө, шарият айдын көрүнгөндүгүнүн үч жолун туура деп эсептейт. Бул экинчи шаарда айдын көрүнгөндүгүнө жетиштүү боло алат. Күбөлүкө коюлган жогорудагы шарттар ушул үч айтылган нерсе үчүн зарыл.

Туурасын Аллах Билүүчүрөөк!           بِالصَّوَابِ وَ اللهُ أَعْلَمُ

 

Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ

Кыргызстан мусулмандарынын

Аалымдар Кеңешинин Төрагасы