Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Кыргызстанда 5-июнь айт майрамы белгиленет

Урматтуу Кыргызстандагы мусулман бир туугандар, эже карындаштар!

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт,  Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгиленет. Эртең, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет.

Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Күнөөкөр  болбогула.

Андыктан, Кыргызстанда 5-июнь айт майрамы белгиленет. Келе жаткан айт майрамыңыздар менен куттуктайм.