Күнөөдөн сактануу үчүн 104 насаат

Ибнул Хажар Хайсами (рахимахулло) «Ал-Киям» аттуу китебинде күнөө иштен сактануу тууралуу буларды айткан:
1. Кудай Таалага шек келтирип, шерик кошпогула.
2. Кара ниеттик кылып, такыбаа болуп көрүнбөгүлө.
3. Болбогур ишке ачууланбагыла.
4. Ичи тар, карасантай болбогула.
5. Менменсинип текеберлик кылбагыла.
6. Өзүңөрдү улуу көрсөтпөгүлө.
7. Бой көтөрбөгүлө.
8. Алдамчылык кылбагыла.
9. Ич күйдүлүк кылбагыла.
10. Эки жүздүү болбогула.
11. Адилетсиздик кылбагыла.
12. Элди жек көрүп, текеберлик кылбагыла.
13. Жеке кызыкчылыкты ойлоп ачкөз болбогула.
14. Тагдырга таарынбагыла.
15. Байлыгы үчүн байларга жүгүнүп, кошоматчылык кылбагыла.
16. Кедейлерди кедейлиги үчүн шылдыңдап, кордобогула.
17. Дүнүйөгө тең тайлашып, атаандашпагыла.
18. Мактанчаак болбогула.
19. Арамдан таап аксымданбагыла.
20. Бирөөгө жагынып кошомат кылбагыла.
21. Кылбаган ишиңди кылды деп ага сүйүнбөгүлө.
22. Алла Тааланын дининен башкага ынтаа койуп кызыкпагыла.
23. Алла Тааланын айткандарын же буйруктарын кемсинтпегиле.
24. Напсиңерди ээрчип, кумарыңарды кубалап, акыйкаттан жүзүңөрдү бурбагыла.
25. Мусулман тууралуу жаман ойдо болбогула.
26. Өз кызыкчылыгыңа кыйгач келген акыйкатты кабыл албай койбогула.
27. Жактырбаган кишиң тараптан айтылган чындыкты четке какпагыла.
28. Кылган күнөөңөргө сүйүнбөгүлө.
29. Күнөө иштен дароо баш тарткыла, улантып кетпегиле.
30. Кудай Тааланы да, акыретти да унутуп койбогула.
31. Алла Тааланын азабынан сактангыла.
32. Күнөө ишке ортомчулук кылбагыла.
33. Алла Таала тууралуу жаман ойдо болбогула.
34. Алла Тааланын мээриминен үмүт үзбөгүлө.
35. Дин илимин дүнүйө жыйуу үчүн үйрөнбөгүлө.
36. Илимди бекитип катпагыла.
37. Амал кылбай койбогула.
38. Алла Таала тууралуу, же пайгамбар жөнүндө ыйлап, калп сөздү айтпагыла.
39. Адамдарды буза турган ишти ойлоп таппагыла.
40. Пайгамбардын сүннөтүн таштап салбагыла.
41. Убадага бек болгула.
42. Бузуку жамандарды жакшы көрбөгүлө.
43. Жакшыларды жаман көрбөгүлө.
44. Жакшыларды кордобогула.
45. Жаман сөз айтпагыла.
46. Кудайдын каарын келтиргенден сөз таратып жакшыларды каралабагыла.
47. Пайгамбардын аты аталганда болбогур нерселерге көңүл буруп укмамыш болуп, ага салават айтпай койбогула.
48. Күнөөгө ыраазы болуп, ага жардамдашпагыла.
49. Жамандарга кошулуп, жаман иштерге батып, адамдардын үрөйүн учурган жаман кишиге айланбагыла.
50. Жаттаган Кураныңарды унутпагыла.
51. Такыбаасынып дин тууралуу талашып тартышпагыла.
52. Денени же кийимди ыпластан тазалап жүргүлө.
53. Уяттуу жерлерди жаап жүргүлө.
54. Аялыңдын этек кири келсе, аны менен кошулба.
55. Намазды атайылап таштап койбо же убактысынан кечиктирбе.
56. Намазды өз убагынан мурда окубагыла.
57. Эл жактырбаганын билип туруп, ошол элге имамчылык кылбагыла.
58. Мүрзөнү мечитке айландырып албагыла.
59. Намаз окуп жаткан кишинин алдынан кесип өтпөгүлө.
60. Намазда турганда, сапты түз алып тургула.
61. Имамчылыкты талашпагыла.
62. Мүрзөгө чырак жакпагыла жана мүрзөнү өппөгүлө.
63. Аялды махрамсыз жалгыз сапарга чыгарбагыла.
64. Сапарга чыкчу болсоңор төлгө ачтырбагыла.
65. Жума намазга себепсиз барбай койбогула.
66. Жумада олтурган элди аттап өтпөгүлө.
67. Жибектен кийим кийбегиле.
68. Алтындан тагынчак тагынбагыла.
69. Күмүштөн башкадан шакек колдонбогула.
70. Эркектер, аялдарга окшоп кийинбегиле.
71. Аялдар да эркектин кийимин кийбесин.
72. Өзүн көтөрүп текеберленип жүрбөсүн.
73. Жакка чаппагыла.
74. Өлгөнчө өкүрбөгүлө.
75. Эч кимге каргыш айтпагыла.
76. Эч кимди тукум курут болуп кетсин деп тилебегиле.
77. Зекетти бербей койбогула.
78. Зекетти убагынан кечиктирбегиле.
79. Бирөө карыз сураса, анын кедей экенин билип туруп мүлкүңөрдү аяп сараңдык кылбагыла
80. Берген садакаңарды жар салып мактанбай, аны жаап жашыргыла.
81. Сууга муктаж адам суу сураса, суу бербей кобогула.
82. Орозо айы келсе, орозо кармабай койбогула.
83. Орозо айында бир нерсени шылтоолоп оозуңарды ачып албагыла.
84. Каза орозоңор болсо, кечиктирбей кармагыла.
85. Айт күндөрү же курман айттын үч күнүндө орозо кармабагыла.
86. Мүмкүнчүлүк бар туруп ажылык парзды аткарбай койбогула.
87. Арак, нааша, апийим колдонбогула.
88. Өлүмтүк же чочконун этин жебегиле.
89. Сүткорлук кылбагыла, андан түшкөн кирешеден тамак уюштурбагыла, сүткорлукка күбө болбогула.
90. Сүткорлорго жардам бербегиле, сүткорлукту уюштурбагыла.
91. Туура эмес соода сатык менен киреше таап жашабагыла, арам жол менен киреше таппагыла.
92. Кымбат болсо сатам деп арзан кезинде азык-түлүк алып сактабагыла. Алдамчылык менен кирешеге туйтунбагыла.
93. Калптан касам ичип буюмдун баасын көтөрбөгүлө.
94. Таразадан алдап калбагыла.
95. Байдан бирөө бир нерсе сураса, сураган адамды үмүткөр кылып ишти чоюп жүрө бербесин.
96. Жетимдин акысын жебегиле.
97. Арам иштерге акча коротпогула.
98. Мактануу үчүн кажеттен сырт там салбагыла.
99. Шериктешиңерге кыянат кылбагыла.
100. Жөн жерден бирөөнүн мүлкүн тартып албагыла.
101. Келишим менен иштеткен кишиңдин акысын шылтоо таап бербей койбогула.
102. Келишим менен иштеткен соң, дароо акысын колуна карматкыла.
103. Талаада жаткан нерсеге ээ чыгып аны жолоочудан корубагыла.
104. Аманатка кыянат кылбагыла.

Которгон: Молдо Сабыр Досбол уулу