Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ажылык сапарга бара турган жарандарга ажылык амалдары окутулууда

Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Рафаил Татиков Чүй облусунун Москва районунун  Александровка айылындагы мечитинде ажыга баруучу жарандар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Рафаил Татиков ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга ажылыктын амалдары жана тартиптери туурасында баяндамасын жасап, окуу сабагын өткөрдү. Анда коопсуздук эрежелери, Мекке, Медина шаарларындагы мейманканаларда санитардык нормаларды, Сауд Аравиянын мыйзамдарын сактоо түшүндүрүлдү.

Ушундай эле сабактар Бишкек шаарынын борбордук мечитинде өтүп, анда ордо калаадан ажылык сапарга аттанышкан талапкерлер катышууда.

Маалым болгондой, Чүй облусу боюнча быйыл 710 жаран ажылык сапарга барууга жолдомо алышкан. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтүшүп, ажылыктын ибадат амалдары туурасында окуу иштери жүрүүдө.