Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Балыкчы шаарында ажыга барчуулар менен жолугушуп, ажылыктын амалдары туурасында баяндама жасады

Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Балыкчы шаарындагы “Ырыс” атындагы борбордук мечитинде ажыга баруучу жарандар менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Жоробай ажы Шергазыев ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга өзүнүн каалоо тилегин айтып, ажылыктын амалдары жана тартиптери туурасында баяндамасын жасады.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 83 жаран ажылык сапарга барууга жолдомо алышкан. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтγшкөн. Учурда  ажы башчылар зыяратчыларга атайын ажылыктын милдеттерин, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ажылык ибадат амалдары туурасында окуу иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары документ иштери иретке келтирилүүдө.