Каракол шаарында ажылык сапарга бара турган зыяратчылар эмдөөдөн өтүштү  

17-июнь кγнγ Каракол шаарында ажылык сапарга бара турган зыяратчылар эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө учурунда алгач жарандар медициналык кароодон өтүшүп, андан соң эмдөөдө жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты шаардык эмкананын жетекчилиги менен бирдикте ажылык сапарына баруучуларды эмдөөдөн өткөрүү иши ийгиликтγγ аяктады.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 83 жаран ажылык сапарга барууга жолдомо алышкан. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтγшкөн. Учурда  ажы башчылар атайын ажылык милдеттер, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ажылык амалдар туурасында окуу иштерин жүргүзүүдө.