Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ысык-Көл облусуна зыярат кылып, эл менен жолугушууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында ушул тапта Ысык-Көл облусунда жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүүдө. Дин аалымынын алгачкы сапары Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылында башталып, анда жергиликтүү элге, бийлик өкүлдөрүнө зыярат кылып, кийин борбордук мечитте эл менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда ынтымакты бекемдөө, биримдик, ыйман, тазалык жана маданият туурасында баяндамасын жасап, соңунда калктын кызыктырган суроолоруна жооп берди.  

Ушундай эле жолугушуу бүгүн Жети-Өгүз районунда болсо, эртең Каракол шаарында, андан кийин Өрүктү айылында жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында уланмакчы.