Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырза менен жолугушту

Кыргызстан Мусуандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырза менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташуу жана достук алакаларды бекемдөө жаатында пикир алышты. Жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана облус аймагындагы казыяттардын алдындагы аялдар борборунун ишмердүүлүгү, конфессиялар аралык достукту бекемдөө жаатында аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.

Ал эми жолугушуунун акырында тараптар бири-бирине ыраазычылыктарын айтышып, улуттар аралык ынтымак, достук алакалар бекемделе бере тургандыгын билдиришти.