Москва районунда 100 орундуу Куран жаттатуу борбору ачылды

Чүй облусунун Москва районундагы Бек-Көрүк айылында Кувейт мамлекетинин «Исар» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен «Беш-Көрүк» Куран жаттатуу борбору ачылды.

Борбор 100 балага ылайыкташып, окуу үчүн бардык шарттар каралган.

Ачылыш аземине «Исар» фондунун жетекчилери, КМДБнын аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, бийлик өкүлдөрү менен  жергиликтүү тургундар катышты.