Динозаврлар чын эле болгонбу?

Кызыгуучу мусулмандар көбүнчө динозаврлар болгон же болбогону жөнүндө суроолор беришет. Алар жөнүндө ыйык китептерде (Забур, Тоорат, Инжил жана Куран) же Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) алар жөнүндө бир нерсе дегенби, деп кызыгып сурашат. Биз бул маселе жөнүндө аят, хадис жана тарыхий факттардын негизинде жооп издеп көрөбүз. Демек, факттардан баштайбыз…

«Динозавр» сөзү кайдан пайда болгон? Адатта бир нерсе пайда болот, соң ага ат берилет. Динозаврларга келсек, мунун тескериси болгон. Динозаврлардын түр катары бар болгондугу жөнүндөгү теория Британия тарых музейинин директору сэр Ричард Оуэн тарабынан алдыга сүрүлгөн. Бул божомол эволюция теориясы гүлдөп-өскөн 19-кылымдын башында ортого ташталды. Ага чейин бул жаныбарлардын бар экендигин тастыктай турган бир да сөөк табылган эмес. Арадан 12 жыл өтүп изилдөөчү Ричард Хайден Оуэн теорияны «тастыктаган» сөөктөрдү табат. Бул табылганы палеонтолог Жозеф Лиди трахадон («динозавр» сөзүнүн котормосу «чоң тиш» маанисин берет) калдыктары деп жарыя кылат.
Себеби, табылган эки тиш менен бүт скелетти кайра тургузуунун таптакыр мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошентип, кадимки динозавр куштар жана динозавр сүт эмизүүчүлөрдүн бар экендиги «табылды». Булардын болгондугу эволюция теориясын далилдөө үчүн абадай зарыл болчу. Андан кийин «изилдөөчүлөр» бүт дүйнөдөн өз теорияларын далилдөө үчүн өздөрүнө керектүү материалдык далилдерди таба баштады (калдык, сөөк, тиш жана динозаврлардын баш сөөктөрү). Кызыгы, бул табылмалар табылган жайларда мурдатан өнүккөн цивилизациялар бар болуп, алар бул калдыктар, айрыкча динозаврлар жөнүндө таптакыр эч нерсе укпаган эле.
Динозаврлардын сөөктөрү бүтүн дүйнө бойлой — Түндүк жана Түштүк Америка, Азия, Африка, Аргентина, Белгия, Монголия, Танзания, Германиянын батышы жана башка адамдар миңдеген жылдардан бери жашап келе жаткан, жерлери жакшы изилденген жайлардан чыга баштады.
Динозаврлардын 136 түрүнөн 32 си гана бүгүнкү күншө келип «чыныгы» деп кабыл кылынды.
Изилдөөлөргө караганда, калган башка түрлөрү жалган болуп чыкты. Мындан сырткары чыныгы деп кабыл кылынган 32 түрүнүн бирөөсүнүн да толук скелети табылган эмес. Бул дегени, бизге көрсөтүлүп жаткан түрлөрдүн дээрлик баары «токуп чыгарылган» же изилдөөчүлөрдүн кыялындагы нерселер менен кайра реконструкция кылынган. Кыскасы алардын эч кайсынысы толук бойдон табылган эмес.
Айтылган калдыктардын эч кайсынысы катардагы адамдар тарабынан, маселен, саякатчылар, фермерлер же жөн гана тирилик деп басып жүргөн адамдар тарабынан табылган эмес.
Бул табылмалардыдын баары ошол нерседен пайда көрө тургандар тарабынан табылган: палеонтолог, музей мүдүрлөрү, ушул тармактан сабак берүүчүлөр жана дагы өз теориясын далилдөөнү каалаган аалымдар тарабынан.
«Динозаврлар: илим же фалсификация» деп аталган китептин автору Дэвид Воздун оюнча, динозаврлар жөнүндөгү уламыштардын (апыртмалар) артында чоң акчалар турат: «Динозаврлардын сөөгү аукциондордо акылга сыйбаган бааларда сатылган. Динозаврлар жөнүндө макалаларды чыгаруу үчүн академик аалымдарга басым жасалган. Музейлер динозаврлардын макеттерин жасашат. Буларды болсо, эл чоң кызыгуу менен сиңирип жиберет. Кино режисёрлор болсо кинолору үчүн идеалар алып кинолор чыгарышат. Борбордук ММКлар болсо, «динозавлардын кезектеги табылмасы» жөнүндөгү уу-дуулуу материалдарды берүүнү жакшы көрөт. Кээ бирөөлөр бул идеядан диний же саясий максаттарда пайдаланышат. Бул уламышта бул тармак боюнча дагы да изилдөөлөр өткөрүү үчүн ажыратылган гранттарда музей, таалим жана илимий уюмдар үчүн финансылык жана экономикалык пайда бар. Динозаврлардын калдыктарын таап, изилдөөчү университеттердин палеонтология факультеттеринин да пайдадан үлүшү бар. Динозаврлардын бар экендиги жөнүндөгү идеянын негизинде күн көрө турган китеп, телевидение жана медия-бизнесмендер бул идеяны бекем кармап алган. Мунун натыйжасында динозаврлар болгондугуна каршы чыгууга көпчүлүк батына албайт. Мындан сырткары, музейдеги бүт экспозициялар, макеттер, бизге көрсөтүлүп жаткан мультфильм, кинолордогу монстрлардын баары толук эмес сөөк табылмаларынын негизинде иштелген кыялдагы нерселер (бир да динозаврдын сөөгү толук табылган эмес). Музейлердеги бүт экспонаттар оригинал эмес, алардын баары гипс, шише бөлүгү жана башка материалдардан жасалган.
Дагы бир шектүү жери — алардын дене түзүлүшү. Маселен, эки буттуу динозаврлардын башы жана денеси тең салмактуулукту сактоочу куйругуна караганда бир топко оор… Эсептердин көрсөтмөсү, мындай динозаврлардын сөөктөрү өз денесинин оорлугунан жарылып кетүүсү керек болчу. Бул дегени мындай ири жана шайкеш-ылайыктуулук болбогон жаныбарлар болуусу мүмкүн эместигин көрсөтөт. Жадагалса музейдеги экспонаттар да өтө кыйынчылык менен жайына орнотулат, анткени өз денесинин оорлугунан алар төгүлүп түшүүсү мүмкүн.
Бирок ошончолук өтө чоң сөөктөрдүн табылуусун кандай түшүнүү мүмкүн, деп көпчүлүк суроосу да мүмкүн.
Ыктымал, бул мурунку өткөн үммөттөрдүн сөөктөрү болуусу мүмкүн. Сахих хадисте, алар бизден бир топко чоң болгон. Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): » Аллах Адамдын (алайхис салам) боюн алтымыш аршын кылып жаратты… Азырга чейин адамдар кыскарып келүүдө», — деди. Адам (алайхис салам) жаратылгандан ушул хадис айтылганга чейинки болгон доордо адам затынын көлөмү, дене-бою кичирейип келүүдө. Бул хадисти төмөнкү тарыхий окуялар да тастыктоосу мүмкүн. Маселен, биздин заманга чейинки 430-жылы жазылган Геродоттун «Тарыхы»нда: «Мен өз үйүмдө кудук казмакчы болдум. Анан кудук казууда узундугу жети аршын (Аршын» дегенде орточо адамдын манжаларынын учунан чыканакка чейин болгон узундук түшүнүлөт, бул 61,2 см.ге тең.) келген табытка туш келдим. Адамдар мурда бийик бойлуу болушкан деген сөздөргө анчалык ишенчү эмесмин. Табытты ачып, анда чындап эле табытка тең келе турган адамдын толук скелетин көрдүм. Табытты дагы бир жолу өлчөп, аны кайра көмүп салдым». Китептин башка бир жайында: «50 аршын келген адам сөөктөрү табылды», деп жазылган. Жогоруда жазылгандарга караганда, динозаврлар жаштыгыбыздан аң-сезимибизге жакшы эле сиңдирилген нерседен башка нерсе эмес.
Мындан саясий, диний, экономикалык жана финансылык максаттардан пайдаланып келинүүдө. Кээ бир өжөр, атеист, дарвинист адамдар эволюция теориясын негиздөө жана туура жолдон адаштыруу үчүн жана аны менен күн көрүү үчүн динозавлардын болгондугу акыйкат экенин тынбай кыйкырып айтып келүүдө. Исламда болсо, табылган чоң сөөктөргө реал жана ишеничтүү жооптор бар. Аллах таала билүүчү…

Булак: Islam-today

Даярдаган Абибилла Кадырбердиев