Чымын тамакка түшсө эмне кылыш керек белесизби?

Көпчүлүгүбүз жай саратанда ысык тамак же варенье салынган идишке кокустан бөлмөгө учуп кирген чымын түшүп калган абалга туш келип жүрөбүз. Көпчүлүк бул тажаткан чымынды жөн гана тамактан сууруп алып салат, тажаал жана назик табияттуу кишилер болсо мындай чымын түшүп «бузулган» тамакты биротоло таштап жиберип кутулат.

Ошону менен бирге, мындай абалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндөгү суроого анык жоопту бизге Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) берген. Австралиялык аалымдар тарабынан алып барылган изилдөөлөрдүн натыйжалары бизге-жалпыга маалым болгон акыйкатты бекемдейт — «жалпыга жаңы нерсе делинип жаткан жаңылык негизинде эстен чыккан эски нерсе». Жакшысы, баарын бир четинен баштаган макул.

Бүгүнкү күндө заманбап илим-техника тарабынан 50 миңге чукул уулуу курт-кумурска, чымын-чиркейлер аныкталган. Мында алардын көбү көбүнчө кооптуу ооруулар жана вирустарды ташуучулар деп эсептелинет. Сиднейдеги Макуэри университетинин аалымдары жөнөкөй үй чымындарын изилдеп-үйрөнүп, алардагы мурда илимге маалым болбогон, алар өздөрү ташый турган ооруу туудуруучу бактерияларга каршы «анти яд» иштеп чыгаруу жөндөмү бар экендигин ачылыш кылышты. Ага карабай, биз ишенич менен айтышыбыз мүмкүн, бул 14 кылым мурда эле алгач мусулмандарга маалым болгон.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : ( إِذَا وَقَعَ الذُّبَابُ فِي إِنَاءِ أَحَدِكُمْ فَلْيَغْمِسْهُ ثُمَّ لِيَنْزِعْهُ ؛ فَإِنَّ فِي إِحْدَى جَنَاحَيْهِ دَاءً وَالْأُخْرَى شِفَاءً ) رواه البخاري (3320) وَ زَادَ أَبُو دَاوُدَ (وَ إِنَّهُ يَتَّقِي بِجَنَاحِهِ الَّذِي فِيهِ الدَّاءُ فَلْيَغْمِسْهُ كُلَّهُ)

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят:
«Пайгамбар соллаллоху алайхи ва саллам: «Качан бирөөңөрдүн идишине чымын түшүп калса, анын бүт тулку боюн суюктукка матырсын, соң таштап жиберсин. Анткени анын эки канатынын биринде шыпаа, наркысында дарт бар», деди».
Бухарий жана Абу Давуд риваяты.
Абу Давуд: «Албетте, ал (чымын) дарт бар канаты менен коргонот, (адегенде суюктукка ошол дарт бар канаты менен түшөт) андыктан анын баарын матырып алгыла» деген сөздү кошумча кылган. Дал ушундай маанидеги хадистер Ибн Маажа жана Насаийдин хадистер жыйнагында да бар.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн Австралиялык аалымдар кең көлөмдөгү изилдөөлөр өткөрүштү. Изилдөө үчүн объект катары төрт түрдүү чымындан: жөнөкөй чымын, үй чымыны, бөлмө (комнатная) чымын жана чиркейден пайдаланышты. Бул чымын-чиркейлер дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн ар бири түрдүү оорулуу микроорганизмдердин ташуучусу болгон, бирок алардын эң чоң концентрациясы үй чымыны жана бөлмө чымында деп белгиленген. Изилдөөнүн натыйжаларына көрө, грам-положительный (адамдарга олуттуу таасир көрсөтүүчү) жана грам-отрицательный (түрдүү оорууларга алып келиши мүмкүн) козу карын жана бактериялардан айырмалануучу түрлөрдү ажыратышкан. Мындан сырткары, антибиотиктерди чыгаруу жөндөмүнө ээ болгон Empusa muscae эки камыр көптүргүсү жана паразитик козу карындардан ажыратылган.
Аныкталган плюс бактериялардан бири B. circulans анча жогору жана төмөн ысыктыкка, химиялык элементтердин таасири жана жадагалса нурланууга да чыдамдуу болуп чыкты. Ал чымындын оң канатында жайгашкан болот. Ошентип, эгер чымын ысык же муздак тамакка түшкөн болсо да, олуттуу таасир кыла турган бактериялар орчундуу өзгөчөлүктөрүн жоготпойт жана инсан үчүн зыяндуу таасир көрсөтүүчү микроорганизмдерди жоготууга кудуреттүү болот.
Инсан саламатчылыгынын мындай «коргоочусу» үчүн эң «оңой олжо» ар бир окуучуга мектептеги биология сабактарынан тааныш болгон B. subtilis (чөп таякчасы) жана S. aureus (алтын түстүү стафилокок) микробтору эсептелинет. Бул бактериялар көз жана токумалардын сезгенүүсү, цистит, борбордук нерв системасынын оорууларына алып келет, ошондой эле азык-түлүк продукцияларынын тез бузулуусуна себепчи болуусу мүмкүн.

Андыктан мусулмандарга өтө көп пайдалуу кеңеш берген Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) дасторконубузга “күтүлбөнөн визит” болгондо чымынды тамака же ичимдике толук матырып алуу зарылдыгынын бекемделгени таң калаарлык эмес. Маалым болгондой, чымындын денесинде жашоочу микроорганизмдер, шартту “анти яд” ажыратуу жараянын баштоо үчүн зарыл болгон азык элементтеринин бар экендигин талап кылат. Мындай абалда, бул ролду жалаң чымын түшкөн тамактар гана аткарат.

Эксперимент учурунда белгиленгенине караганда, ооруу жаратуучу бактерияларды жоготуучу эң аракетчил элементтер козу карын клеткалары тарабынан суюктукту шимирилгенден соң гана чыгаруу башталат. Андан соң клетка шишип кетет да жарылат, ошентип зыяндуу микроорганизмдерди жок кылуучу элементтерди чыгарат. Мурда өткөрүлгөн изилдөөлөрдө аалымдар негизги ооруу пайда кылуучу бөлүгү чымындардын буттары жана курсактарында болгон патологик бактериялар деп белгилешти. Мына ошол бактериялар дем алуу, ашказан жана сийдик системалары, тиф жана башка оорууларга алып келүүсү мүмкүн.
Ошону менен бирге, чымынды суюктукка толук матырып алынгандан соң, оң-плюс бактериялар козу карын микроорганизмдери менен биргеликте жогоруда санап өтүлгөн оорууларга алып келүүсү мүмкүн болгон микробторду өлтүрүүчү антибиотиктерди ажыратууга киришет.

Мына ушул изилдөөлөрдүн натыйжалары аалымдар үчүн жаңы антибиотиктердин түрлөрүн ачууга мүмкүндүк жаратты, себеби антибиотиктер инсан денесинин өзүнө болгон мамилеси себептүү кээде аларга коюлган милдеттерди аткарбайт. Биз, кам сүт эмген пенделерге бул жадагалса күндөлүк жашоо шарттарында хадис жыйнактарына тез-тез назар салып туруу керектигин дагы бир жолу бекемдейт.

Микробиологиядагы соңку ачылыштар Расуулуллахтын (соллоллоху алайхи васаллам) 14 кылым мурда айткан осуяттарын ачыктап, аны тастыктоодо.

Даярдаган: АКнын төрагасы  Абибилла ажы Кадырбердиев

https://youtu.be/TfIIhPcYf4
Муха. На одном крыле – яд, а на другом – излечение, научная истина