Чычкан

Чычкан үй ээсинин капкан көтөрүп жүргөнүн көрүп, үрөйү учуп эсинен танды. Бир топ убакытта өзүнө келип, тооко энтигип чуркап барды да:
«Кожоюн капкан көтөрүп жүрөт, болду-болбоду айбанаттарды кармайм дейт го, мунун алдын албаса болбойт. Кеңешели…» дейт.
Муну уккан тоок, канаттарын каккылап:
» Мен деген канаттуумун да, айбанат эмесмин, ал сенин көйгөйүң. Капканды койсо сага коёт, мага эмес», деп тескери басып кетти.
Муну уккан чычкан ого бетер жүрөгү түшүп, айбанат болсо койго барайын деп, чуркап койго келди. Койго да энтигип жатып тоокко айткандарын угузду.
Кой да тоотуп койбой, оозундагы чайнап жаткан чөбүн жутуп, бир аз оңдонгонсуп, чычканга таңыркагансып карады да:
«Ай чычкан ай, ушу сен эсиң менен болсоң! Ааламда койго да капкан салмак беле, бизди кармайм десе, биз жөн эле туруп беребиз да качпай-нетпей эле. Кожоюн капкан көтөрүп жүргөн болсо, ал сени кармайм деп жүрөт, мага эскерткичең өзүң абайла», деп каткырды.
Койдон да үмүтүн үзгөн чычкан эми уйга барып жалдырады. Жатып алып, кебшенип жаткан уй чычкандын муңун акырына чейин камаарабай укту да, эрди-мурдун жаланып алып, чычканга минтип акыл үйрөткөнсүп жооп берди:
«Ай Чыкем ай Чыкем! Өзүң ойлосоң боло, ошол сен көргөн капканың менин бир туягыма да дал келбейт. Андыктан аны менен бизди коркутам деп ойлобой эле кой, ал деген сенин көйгөйүң. А өзүңдүн көйгөйүң менен биздин башыбызды оорутпа», деп чычканды сүзө качырды. Байкуш чычкан капкандан эмес уйдун туягынын астында калып өлүп кала жаздады. Баарынан үмүтүн үзүп, үшкүрүнүп жатып калды.

Кожоюн койгон капканга жылан түшүп калды. Аны алам деген кожоюндун аялын капкандагы жылан чагып алды. Аял ооруп калды, табып ага тооктун шорпосун бергиле деп айтты. Менин көйгөйүм эмес деген байкуш тоок биринчилерден болуп курмандыкка чалынды. Оорулуу аялды көргөнү келген туугандарынын көптүгүнөн кожоюн коюн да союп салды. Кожоюндун аялы шыпаа таппай каза болду. Аялдын кара ашына эми уй да союлду.
Ошентип башында чычканды укпай, менин көйгөйүм эмес деп тескери басып кеткендердин баары жанын беришти.

Окуядан алынчу сабак.
Төмөндөгүлөрдүн көйгөйүн жогорудагылар «менин көйгөйүм эмес» дебей угуп койсо. Угуп эле койбой чечип да койсо…