Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Венада өтө турган “Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташуудан жалпы адамгерчиликке карай” аттуу Эл аралык конференцияга катышат

Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Австриянын баш калаасы Вена шаарында өтө турган “Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташуудан жалпы адамгерчиликке карай” аттуу Эл аралык конференцияга катышуу үчүн Вена шаарына учуп кетти.

Иш-чара Австриянын жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин, Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташтык борбору тарабынан уюштурулмакчы.

Ага Европа, АКШ, Африка, Азия, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун жетекчилери, коомдук жана саясий ишмерлер катышмакчы.