Ош шаарында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган экстремизм жана терроризмдин алдын алуу  боюнча  муницпалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иш чарасынын алкачкы кадамы Туран муницпалдык аймактык башкармалыгында өттү. Иш-чаранын негизги максаты элдин биримдигин бекемдөө, ар түрдүү бузуку нерселерден оолак болуу, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына көнүл буруу болгондуктан Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, элге  биримдикте жашоо, балдардын тарбиясына көнүл буруу боюнча өз пикирин билдирди.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы   Исакбай  Мурзабеков, Ош ШИИБинин башчысы Боронов Мурат Самидинович, Ош шаары жана Ош облусу боюнчаМУККнын орун басары Кожобаев Азамат Сатыбалдиевич жана мэрия өкүлдөрү катышты.