Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” наамы менен сыйланды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” ордени менен сыйланды.

Мукадас ажы  Кожониязов аталган сыйлыкты кыргыз, орус, араб тилдерин жаштарга окутуп үйрөтүүгө кошкон салымы үчүн алган. Бул эмгеги үчүн “Ала-Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны” ордени жана “Ала-Тоо Мекенчил Инсаны”  алтын төш белгиси менен сыйланды.