Баткен облустук мусулмандар казыяты жардамга муктаж жарандарга 543 миң сом битир-садака таратты

Баткен облустук мусулмандар казыяты Рамазан айында элден чогултулган 543 миң сом битир-садаканы бейтаптарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж жарандарга таратты.

Кайрымдуулук жардамды облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов өз колу менен тапшырып, Жараткандын жакшылыктарын тилеп, ак батасын берди.

Ушундай эле соопчулук иштер облус аймагындагы  шаар жана райондордогу хатибияттар тарабынан жүргүзүлүп, жардамга муктаж жарандарга тапшырылууда.