Улуу Жараткан Алла Тааланын 99 ысым-сыпаты

Эң мээримдүү, өтө ырайымдуу Алланын ысмы менен баштаймын!

Эң ириде бүткүл аалам атпайды, жаамы жандуу-жансызды жараткан, анын ар бирине өзүнчө ырыскы ыроологон Улуу Алла Таалага чексиз алкоолор болсун!
Ошондой эле Алла Тааланын кулу, эң сүйүктүүсү, бизге Жараткандын ак жолун көргөзгөн, ак менен караны, адал менен арамды айырмалоого үндөгөн Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга дубай салам, Алланын ыракымы, мээрими болсун!
Улуу Жараткан Кудай Таала жаамы жандуу жансыздын ар бирине ар башка милдет берүү менен алардын бу дүйнөгө жаралгандагы максатын белгилеген. Маселен, күнүгө эртең менен чыгыштан кылайып чыгып, кечинде батыштан батчу Күн. Ал Жараткандын мыйзамынын негизинде жер бетине шооласын чачат, жер бетиндеги адам баласы, мүлдө жан-жаныбар андан алган жылуулук менен ирденет, жанданат, өмүр улайт. Демек, Күндүн милдети жаамы жан-жаныбарга жарык, жылуулук берүү, максаты алардын өмүр улашына себеп болуу. Ырас, жердеги кыбыр эткен эң кичине курт-кумурскадан тарта Күн сыяктуу эң ири болумуштарга чейинки асман-жердеги миң түркүн жандуу-жансыздын ар бири өз озуйпасын аткаруу менен киши уулуна ар тараптан кызмат кылат. Себеби бул Мээримдүү Улуу Алла Тааланын буйругу, нары мыйзамы. Ооба, мунун баары киши баласына кызмат кылуу үчүн бар. Ал эми адамзаада жер бетине эмне үчүн келди? Жараткан Кудай Таала киши баласынан эмнени талаптайт? Мунун жообун Жараткан Өзү төмөнкүчө берет:
«Мен адам менен жиндерди Жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Аяттагы «ибадат» сөзүн Жараткандын ак жолунан чыкпоо, тыйуу салганынан оолак, жарлыктарын аткаруу деп түшүнүү керек. Демек, Алланын ак жолунан чыкпай жүрүү үчүн адам баласы эң ириде бекем ыйманга ээ болушу керек. Ыйман деген эмне? Ыйман – бул баарыдан мурда миллиондогон жылдыздарды, планеталарды бирбирине кагылыштырбай бир калыпта эчелеген кылымдардан бери кыймылда кармап турган Улуу Жаратуучуга ишенүү. Анын бар экендигине турган турпатыбыздын бар экенине кандай ишенсек дал ошондой ишенүү, Ага жандил менен ишенүү. Анүчүн Анын чексиз кудурети, улуулугу, ырайымдуулугу, айтор, Анын ысым-сыпаттары менен акыл чөйчөгүбүздүн чегинде таанышуубуз өзүнчө талап. Акылыбыздын чегинде дегеним, Жараткандын затын ылайыктуу, толук түрдө аңдашыбыз мүмкүн эмес. Себеби биздин бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз дейбизби, айтор, бул дүйнөдө баары чектелүү. Маселен, биз көрөбүз, бирок мына бул дубалдын нары жагын көрбөйбүз, угабыз мерчемдүү жерге чейин… Ошондой эле акылыбыз да чектелүү! Улуу Алла Таала да көрөт, бирок чексиз көрөт, Ал бир учурда баарын көрөт, ар бир адамды, адамдын жүрөгү эмне деп согуп жатканын, адамдын ой-кыялын бардыгын көрүп билет. Ал Кудурет кумурсканын жүгүрүп бараткандагы эпкинин, алтургай кумурсканын оонап тургандагы шарпасын угат. Демек, Анын көрүүсү да, угуусу да, кечирими да, ырайымы да чексиз!.. Ырас, муну акылыбызга сыйдыруу кыйын, анткени акылыбыз чектелүү гана!
Бул багытта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам):
«Алла Таала жараткан жандуу-жансыз жөнүндө ой жүгүрткүлө, бирок Алланын Заты жөнүндө ойго батпагыла! Анткени силер Анын аныгын (Ага ылайык түрдө) эч качан аңдай албайсыңар…» (Дайлами, Муснад, II, 56) деген сөзү да Алла Тааланын Зат маанисин аңдоо адамдын акылынан тышкары экендигин билгизет.
Ырасында эле адамдын аң-түшүнүгүн ыйманга сугарып актын нуруна чайый турган Улуу Алла жөнүндөгү билгиликтер Анын Зат маанисине карата эмес, сыпаттары жаатындагы билгиликтер. Ооба, Алла Таала мезгил-убакыттан да, кандайдыр бир жер-орундуктан да сырткары. Ал эми адамдын аң-түшүнүгү убакыт менен жер-орундукка шартталгандыктан анын ой-түшүнүгү мынабу көзгө көрүнгөн ааламдагы нерселер менен гана чектелип калат. Ага кандайдыр бир нерсени түшүнүү үчүн көзгө көрүнгөн ааламда ошол нерсеге окшош бир нерсенин болушу кажет. А Алла Таала болсо жаамы жандуу-жансыздын бирине да окшош эмес. Бул деген сөз Ал көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн, биз билип-билбеген бардык нерседен кескин түрдө башкача да, жогору да, нары аруу дегенди түшүндүрөт.
Кыскасы, Алла Таала жөнүндөгү биздин эң иридеги озуйпабыз Анын сыпаттарын түшүнүп, Затынын бар экендигин тастыктап кабылдоо. Ошондуктан Алла Тааланын Ыйык Куранда бизге Өзү жөнүндө берген мисал-маалыматтары ушул өңүттөн каралган.

«Ар-Рахман»

Ар-Рахман — Алла Тааланын ысым-сыпаттарынын бири.
Боорукерлик, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк деген маанилерди туюнткан «рахма» сөзүнүн туундусу. «Рахман» сөзү «рахма» уңгусунун күчөтмө маанисинде болуп, мээримдүүлүктүн эң жогорку даражасын түшүндүрөт. Жаамы жандуунун ырыскысын, муктаждыктарын ыроолоо жаатында өтө Боорукер, Айкөл деген мааниде. Алла Таала ар-Рахман сыпаты менен бул дүйнөдө мусулман-каапыр, бузуку-жакшы дебей бүтүндөй инсаниятка Боорукер, Мээримдүү.
Ырасында эле, жашоонун түгөнбөс мөлтүр булагы дал ушул Кудайы мээримден келет. Адамдын жаралуу баскычтарына назар салсак, эң алгачкы баскычтагы сперматозоид менен жумуртка сырткы коркунучтардан корулган, коопсуз, «жатын» делген өтө ыңгайлуу жерде биригип өнөт. Жашоонун алгачкы учкуну мына ушундай ыраакым жайында алоолонот. Жер бетине көз ачкан ар бир жандуу Жараткан Алла ыроологон сүйүү, мээримдүүлүк сезимдери менен өсөт, чоңойот. Эгерде ушундай мээримдүүлүк деген туйум болбогондо, өмүр сүрүү кызыксыз болмок, жашоонун кажети да жок болмок. Улуу Жараткан Кудай Тааланын: «Менин ыраакымым бүтүндөй жандуу-жансызды кучагына алат» (Араф сүрөсү, 156-аят) деген сөзү береги акыйкатты кабыргасынан койуп жаткандай. Жандуунун баары Жараткандын ыраакымы менен өмүр улап келет. Инсанияттын ак жолго кадам шилтөөсү үчүн Жараткан жалгыз Алла Тааланын Ыйык китептерин түшүрүүсү, кадырман пайгамбарларын жөнөтүүсү да ошол Чексиз Ыраакымдын бир көрүнүшү десек эч жаңылышпайбыз. Алла Тааланын: «(Эй, Сүйүктүү Пайгамбарым!) Биз сени ааламдарга ырайымдуулуктун пайгамбары катары жөнөттүк» (Анбия сүрөсү, 107-аят), «Кыямат күнү ар бир коомдун ичинен бирден күбө алып келебиз. Сени болсо ушул коомго күбө кылабыз. Ошондуктан сага ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк» (Нахл сүрөсү, 89-аят) деген аяттары да ушул жагдайга далалат кылат.
Ар-Рахман сыпаты Курандын элүү жети жеринде өтөт. Ошондой эле Ыйык Куранда ушул ысым менен аталган «Ар-Рахман» сүрөсү бар. Бул сүрөдө Алла Таала адамдар жана жиндер үчүн жараткан оомат-нематтарын эскерип, аларга бул нематтардын кадырына жетип, туура жолдо жүрүүлөрүн, кесирликтин, кайдыгерликтин сормо сазына батып, колдо турган алтындан кымбат өмүрлөрүн өрткө айландырбоолорун эскертет.
Дин Ислам «Жараткан Алланы сүйүү – жаамы жандуу-жансызга боорукер мамиледе болуу» деген изги пайдубалга негизделген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Инсаниятка мээримин төкпөгөн жанга Алла Таала да мээримин төкпөйт» (Муслим, Фадаил, 66) дейт. Кичинекей жеткинчектерге, алсыздарга, жардамга муктаж адамдарга, жаныбарларга боорукер сезим менен мамиле жасоо Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын адамдык бийик сапаттарынан болгон. Ал үммөтүн да ушул сапатка ээ болууга үндөгөн: «Жаш жеткинчектерибизге мээримин төкпөгөн, улууларыбызга урмат көрсөтпөгөн адам бизден эмес» (Тирмизи, Бирр, 15).

АЛЛА (жалла жалаалуху)

Алла — он сегиз миң ааламдын жана андагы мүлдө жандуу-жансыздын жаратуучусу, сыйынууга татыктуу жалгыз Зат болгон Эгебизге таандык өздүк ысым. Ал эң Улуу Жаратуучу, бардык кемел сыпаттарга ээ жана сан түркүн өксүк сыпаттардан оолак болгон чыныгы Кудурет.
Береги ысым жалгыз Жараткан Аллага гана таандык жана эч бир сөз анын маани-маңызын толук түшүндүрүү, туюнтуу күчүнө ээ эмес. Бул куттуу ысым Андан башка эч бир жандуу-жансыз үчүн да колдонулбайт (Мариям, 19/65).
Алла ысмы жалгыз Жараткан үчүн гана колдонулгандыктан анын көптүк түрү да жок. Жубу бар жандуу-жансыздын аттары көптүк түр менен айтылышы мүмкүн. Ал эми жубу, сыңары жоктун да ысмы көптүк түр менен айтылбашы кажет. Маселен, «шаарлар» деп айтуу мүмкүн, ал эми Бишкек шаарын «Бишкектер» деп көптүк түр менен айтуу мүмкүн эмес. Анткени бул жерде Бишкек ысмы жекелик ысым. Асыресе, Алла Тааланы ар улут өз тилинде ар башкача атайт; кыргыздар «Теңир, Кудай Таала», перстер «Худа», түрктөр «Tanrı», англичандар «God», француздар «Dieu» деп. Ырас, бул ысымдар «Аллаh!» сыяктуу өзгөчө ысым эмес. Булар илах (кудай), рабби (тарбиялоочу), маабуд (сыйынылган) сыяктуу сыңары бар ысымдар. Арап тилинде илах сөзүнүн көптүк түрү «аалиха», рабби сөзүнүн көптүк түрү «арбааб» деп айтылгандай, кыргыз тилинде да кудай сөзүн «кудайлар» деп айтуу мүмкүн. «Кудай», «Tanrı», «God», «Dieu» ысымдары чыныгы сыйынууга татыктуу Жалгыз Алла үчүн колдонулгандай эле, Алла Тааладан башка жалган «маабуд» деп кабылданган нерселер үчүн да колдонулуп келет. Мисалга алсак, кыргыздарда «көкө теңир, баатырдын колдоочусу Шаймерден, темирдин теңири Дөөтү», байыркы гректерде «сулуулуктун кудайы, күндүн кудайы, берекенин кудайы» деп аталганы сыяктуу. Ал эми «Алла» деп эч качан айтылган да эмес жана эч качан айтылбайт да.
Алла Таала өзүнүн эрк-каалоосу менен бүтүндөй аалам-атпайды жоктон жараткан, аны белгилүү бир мыйзамга салган, көк асманды, жерди жана андагы жандуу-жансызды жаратып, аларга жашоо-ырыскы ыроологон, жан алган, жан берген, каалаганын каалаганындай башкарган жана мыйзамына баш ийдирген, бардык нерсени билген, көргөн, уккан, мыйзамында кыпындай дагы кемтиги жок, бүт нерсеге күч жеткен, жаамы жандуу-жансыздын жападан жалгыз Ээси, өкүм койууга кудуреттүү, макталууга, даңкталууга чыныгы татыктуу, теңдеши жок, мүлдө болмуштар, күн, ай, көк асман жана жердегилер кылчайуусуз баш ийген, моюн сунган жана ибадат-сыйынууга жалгыз ылайыктуу Зат. Улуу Алла Таала сыйынууга татыктуу болгондугу үчүн эмес, Алла болгондугу үчүн сыйынууга татыктуу. Ал Затынын улуулугунан улам Кудай, ибадатка толук ылайыктуу! Адамзаада учурунда буттарга, отко, сууга, тоо-ташка, айга, жылдызга, баатырлардын арбактарына ж.б. табынган. Ал буларды Кудай катары кабылдаган. Айрым адамдар учуру келгенде бул нерселерден оолакташкан. Бул учурда мурунку кудайлардын кудайлык сыпаттары жокко чыккан. Ал эми адампенде жана жин ааламы Алла Таалага ишенсе да, ишенбесе да, ибадат кылса да, ибадат кылбаса да Ал Заты менен Аллаh болгондугу үчүн сыйынууга толук татыктуу! Адамзаттын ишенбеши Анын Алла болушунан түк алыстата албайт!
Адамзат тарыхына назар салсак, алгачкы кылымдардан тарта күнүбүзгө чейин адамдын кандайдыр бир улуу күчкө ишенүүгө, ырас, Аллаh пикирине жана сыйынууга ийкемдүү болгондугун байкайбыз. Бул мусулман аалымдардын пикиринде толугу менен табигый, тубаса туйгу-сезим болуп эсептелет. Улуу Жараткан Алла Тааланын «Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар буга абдан кубанышат. Аларга катуу шамал жетип чоң толкундар ар тараптан келе баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат:
«Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз!» деп» (Йунус, 10/22)
هُوَ الَّذِي يُسَيِّرُكُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ حَتَّى إِذَا كُنتُمْ فِي الْفُلْكِ وَجَرَيْنَ بِهِم بِرِيحٍ طَيِّبَةٍ وَفَرِحُواْ بِهَا جَاءتْهَا رِيحٌ عَاصِفٌ وَجَاءهُمُ الْمَوْجُ مِن كُلِّ مَكَانٍ وَظَنُّواْ أَنَّهُمْ أُحِيطَ بِهِمْ دَعَوُاْ اللّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ لَئِنْ أَنجَيْتَنَا مِنْ هَذِهِ لَنَكُونَنِّ مِنَ الشَّاكِرِينَ {يونس/22}

деген аяты менен Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын: «Төрөлгөн ар бир адам баласы Исламга (акка, чындыкка) жатык түрдө көз ачат. Аны мажуси (отпарас), христиан же иудаизм диндерине ата-энеси киргизет» (Муслим, Кадар, 25; Бухари, Жанаиз, 92; Абу Давуд, Сүннөт, 17) деген хадиси береги Аллаh ишеними киши уулунун көкүрөгүнүн түпкүрүнө ширетилгенин таасын тастыктайт.
Ошондуктан бардыгын билүүчү, жаратуучу, ырыскы берүүчү жалгыз Аллага ишенүү балагатка жеткен ар бир акыл-эси толук адампенде үчүн адамдык парзы да, карызы.
Ырас, Алла Тааланы акыл менен таануу мүмкүн экендигин тастыктаган бир топ Куран аяттары бар. Алсак, Азирети Ибрахим тестиер бала чагында жаркыган нуруна карап жылдызды, айды, күндү Кудай деп кабылдашы, бирок булардын ар биринин батып кеткенин көрүп, убакыт менен жок болгон нерсенин эч качан Кудай болалбасын аңдашы, натыйжада акыйкатты көрүп:
إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَاْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ {الأنعام/79}
«Жүзүмдү көк-асманды да, жерди да жоктон жаратканга (Улуу Күчкө, Аллага) бурдум. Мен эми Ага эч качан эч кимди шерик кошпоймун» (Анам, 6/79) деген эле. Чынында да, Аллага ишенүү – бул адам табиятынын талабы. Асыресе, ар бир акыл-эси тунук адам мынабу ааламдагы миң түркүн болмуштарга назар сала булардын улуу жаратуучусу, кандайдыр бир улуу Күч болгондугуна акылы менен чечим чыгара алат.
Ислам динибизде Алланын Заты жөнүндө, тагырак айтканда, Алланын кебете-иреңи, колу-буту, тулку-бою жөнүндө ойлонууга тыйуу салынган. Себеби бул жаатта биздин чектелүү акыл-ойубуз, сезим-туйгубуз алсыздык кылат. Ооба, биздин аң-сезимибиз, ойубуз, дегеле биз береги дүйнөнүн чектелүү шарттары менен гана шартталганбыз. Ошондой эле Алланын эч бир теңдеши да, сыңары да, окшошу да жок. Ал эми биз окшошу жокту элестетишибиз мүмкүн эмес. Андыктан биз Анын Затын эч качан аңдай албайбыз. Улуу Жараткан Алла Таала Куран аяттары менен бизге Өзүнүн Заты жөнүндө эмес, ысым-сыпаттары, Улуулугу, Аруулугу, Айкөлдүгү, Мээримдүүлүгү, Ырайымдуулугу жөнүндө ой чаргытууга үндөгөн. Алланын бар экендигине ишенүү ар бир мусулман баласы үчүн эң иридеги милдети.
Алла Таала жалгыз, тек. Анын эч бир шериги жок. Жараткан тарабынан жиберилген пайгамбарлардын бардыгы «Алланын жалгыздыгын» жар салышкан. Бул ишеним «тавхид» деп аталат. Тавхид ишенимине таянбаган ишеним Алла Тааланын алдында кабылданбайт. Эң акыркы жана эң кемел Ислам дини береги ишенимди негиз катары кабылдап, бүтүндөй инсаниятты ириде ушул ишенимге чакырат. Себеби Жараткан Алла ааламдардын, адамдардын жана жаамы жандуу-жансыздын Жаратуучусу. Ошол мүлдө жандуу-жансызды жараткан, анын ар бирине өз ырыскысын ыроологон, кемелине келтирген Жалгыз Өзү болуп эсептелет. Анын атасы, уул-кызы, тууган-тушканы да жок. Ал төрөгөн да эмес, төрөлгөн да эмес. Ага эч бир нерсе эч качан тең келе албайт. Ислам мына ушундай ишеними менен адамзааданы Алла Тааладан башкага кул болуу кайдыгерлигинен алып чыгып, чыныгы эркиндикке эгедер кылуу менен түбөлүк бакыттын мөлтүр булагынан даам сыздырат. Алланын жалгыздыгына көө жапкан ар түрдүү табият күчтөрүнө табынууга, адамдын адамга малай болуу коркунучуна, Жалгыз Алладан башканы кудай катары кабылдоого кескин түрдө тыйуу салат. Ошентип, дин Ислам тавхид ишеними менен бүтүндөй адамзаттын тек Жаратуучусу болгондугун даңазалайт. Мусулман баласы Алланын жалгыздыгын жар салып, Алладан башкага ибадат кылбоо менен, Ага кыйыр түрдө да эч кимди эч качан шерик кошпоо менен береги ишенимин тастыкташы керек. Сөзү менен өзү, өзү менен сөзү толук айкалып турушу кажет.
Эмесе, бүгүнкү макалабызга ушул жерде Жараткандын Улуу Сөзү менен чекит койо туралы:

بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ
قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ {1} اللَّهُ الصَّمَدُ {2} لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ { 3} وَلَمْ يَكُن لَّهُ كُفُوًا أَحَدٌ {4}

«Айткын: Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес! Ага эч ким теңдеш эмес!» (Ихлас, 112/1-4).

***

مَا اتَّخَذَ اللَّهُ مِن وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَهٍ إِذًا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ {91} عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ {92}
«Алланын уулу жок. Аны менен бирге (башка) бир да кудай болгон эмес (жана да болбойт). Эгер андай болгондо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетээр эле жана бири-бирине чоңдук кылар эле. Алла алар айтып жаткан нерселерден аруу, таза.
Ал кайыпты да, ачыкты да билип турат. Ал алар шерик кошуп жаткан шериктерден бийик!» (Муминун, 23/91-92).
***

وَلَهُ مَن فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَنْ عِندَهُ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ {الأنبياء/19} لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا فَسُبْحَانَ اللَّهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ {الأنبياء/22}
«Ага асман-жердегинин баары таандык. Анын алдындагылар текеберденишпейт жана ибадат кылуудан чарчашпайт.
Эгер асман-жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетер эле» (Анбия, 21/19, 22).

АЛ-МАЛИК

«Ал-Малик» – Алла Тааланын көркөм ысымдарынын бири.
«Ма-ла-ка» этишинен болуп, «ээ болуу, өкүм жүргүзүү» деген мааниге келет. Кандайдыр бир нерсеге эгедер болууга да, күч-кубаттуу болууга да далалат кылат. Бул этиштин уңгусу «мулк» сөзү. «Мулк» уңгусу мүлктүн өзүнө да, мүлккө ээ болууга да ишарат кылат. Бул жердеги «ээ болуу» адамдарга да, бүтүндөй ааламга да эгедер болуу дегенди туюнтат. Асыресе, Алла Таала үчүн адамдардын Эгеси делгенде, Анын адамдарга чыныгы мааниде ээ болгондугун билдирет. Демек, «ал-Малик» жаамы жандуу-жансызга өкүм жүргүзүүчү, аларды көзөмөлдөөчү, башкаруучу.
Адам баласы жер бетинде халифа болгондугу үчүн жер жүзүнө чектелүү өкүм жүргүзүүчүлүк укугуна ээ болгон. Бул укук эч качан чыныгы (толук) мааниде эмес, адамдын каалаганындай, толук башкаруучулугун түшүндүрбөйт. Алла Таала жер бетиндеги жашоонун мыйзамына ылайык адамдарды ар түрдүү шык-жөндөмгө, ар кандай кесипке ээ кылгандыктан ириде жалпысы биригип ушул «маликтик, өкүм жүргүзүүчүлүк» укугуна ээ. Андыктан ар кимдин өзүнө таандык ээлик жааты бар. Бирок жогоруда белгиленгендей, адамдын ээлик кылуу укугу эч качан чыныгы мааниде эместигин, чектелүү гана, Алла Таала ыйгарган өлчөмдө гана, өзүнчө аманат болгондугун унутпашыбыз абзел. Экинчиден ар бир адамдын өз-өзүнчө мүлккө кантип ээ болуп, аны кантип сарптоо керектиги жөнүндөгү эрежелерди Жараткан Алла ар бир адамга өз-өзүнчө эмес, адамдар арасынан тандалган элчилер аркылуу билдирүү менен катар, жалпы мааниде жер жүзүндөгү ээлигин ушул элчилери менен жүргүзүүнү каалаган. Куранда Алла Тааланын чыныгы ээлиги жөнүндө:
«Асман- жердин жана андагынын баары Аллага таандык» (Маида сүрөсү, 18-аят).
«Айткын: Оо, Жараткан Алла! Сен мүлктүн чыныгы ээсисиң! Мүлктү каалаганыңа берип, каалаганыңдан аласың!» (Али Имран сүрөсү, 26-аят) — деп буйрулган.
Алла Таала «ал-Малик» сыпаты менен мүлктү каалаганына берип, каалаганынан алат. Анткени бул дүйнө сынак жайы. Ошондуктан, Алла Таала адамды барчылыкта да, жокчулукта да сынайт. Башына жокчулук түшкөн адам кандай аракет кылар болду экен? Аллага шүгүр келтиреби же терсаяктык кылып Ага акаарат келтирмекчиби? Ал эми бардар адам байлыгы үчүн шүгүрчүлүгүн кылып, Алла буюрган жакка сарптайбы же өзүнүн гана кызыкчылыгын, жыргалчылыгын ойлоп, Жаратканды унутуп калабы?
Алла Таала жер жүзүндө адамдарга ээлик кылуу, элчилерине болсо башкаруучулук укугун ыроологон. Асыресе, башкаруучулук менен хикмат (даанышмандык) эриш-аркак болушу кажет. Демек, илим менен хикмат «маликтиктин» шарттарынан болуп саналат. Куранда:
«(Юсуф:) Оо, Жараткан Эгем! Сен мага өкүмдарлык бердиң жана түштүн жорулушун үйрөттүң» (Юсуф сүрөсү, 101-аят).
«Алла Таала Давудка өкүмдарлык, даанышмандык жана (Алла Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү» (Бакара сүрөсү, 251-аят) деп буюрулат.
Алла Таала пайгамбарларын кээде элчи да, өкүмдар (эл башкаруучу) да кылган. Азирети Давуд (алейхис салам) менен Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сыяктуу. Кээ бирине элчиликти гана ыроолойт. Бул учурда ал жашаган чөлкөмдө башка падыша өкүм жүргүзгөн болот. Буга Муса пайгамбарды (алейхис салам) мисал келтирсек болот. Аятта төмөнкүчө буйрулат:
«Бир кездерде Муса өз элине: «Оо, эл-журт! Алланын силерге ыроологон жакшылыктарын унутпагыла.! Ал өз араңардан пайгамбарларды чыгарып, силерди падыша кылды…» (Маида сүрөсү, 20-аят).
Ырас, Алла Таала жер жүзүндөгү «маликтигин» Өзү тандаган, илим жана даанышмандык ыроологон адамдар аркылуу орундатат. Адамга белгилүү өлчөмдө эрк берилгендиктен, ошондой эле адам баласы ар бир ишине жооп бере тургандыктан жасаган ар бир ишинин натыйжасын, жакшы-жаман үзүрүн сөзсүз көрөт. Негизинде Алланын эрк-каалоосу жер жүзүндө Өз башкаруучулугунун өкүм сүрүшү таризинде түшүндүрүлөт. Ошондуктан Өзү каалаган адамдарын тандап, алар аркылуу «ээлигин, өкүм жүргүзүүчүлүгүн» жүзөгө ашырат. Тандоо өзүнө гана тиешелүү. Аны эч качан адамдын каалоосуна калтырбайт. Себеби Алла Таала мүлкүнө Өзү каалагандай ээлик кылат.

Абдуррахим Молдогазиев
«Абу Бакр Сыддык» медресеси диний уюмунун мүдүрү