Ысык-Көл облусунун имамдарына Никени каттоо журналы таратылды

Бүгүн, 19-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын  фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкери Бактияр ажы Токтогазы уулу Балыкчы шаарындагы “Ырыс” атындагы борбордук мечитинде Ысык-Көл облусунун имамдарына Нике каттоо журналын таратты.

Бактияр ажы Токтогазы уулу Ысык-Көл облусу боюнча 170 имамга Нике каттоо журналын жана Куран китебин таратып, журналдын жалпы тартиби жана максаты боюнча кыскача маалымат берди.

Журналда:

  • Үй-бүлө инситутун бекемдөө жана аялдардын никеден кийинки шарияттык, социалдык укуктарын сактоо;
  • Мусулмандардын шарияттын негизинде никеге туруусун каттоо жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;
  • Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыйууну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери каралган.

Эске сала кетсек, Муфтият 3 миң нуска менен Нике каттоо журналын басып чыгарган. 2019-жылдын 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамдарга журнал тууралуу окутуу иштери жүрүп, андаң соң гана ар бир имамга тапшырылууда.