Айттын маңызы

«Парздарды аткаруудан кийинки Алла Таалага эң сүйкүмдүү амал – мусулмандын мусулман боордошуна сүйүнүч, кубаныч тартуулашы» (куттуу хадис: Суюти, Жамиус-Сагир, I,11)

Айт күндөрү санаага батып, ооруган көңүлдөргө дабаа болушубуз керек. Ушундай айттар пендени да, башкаларды да кубанычка жана шаттыкка бөлөйт.

Анткени айттар жеке инсандын эле эмес, жалпы коомчулуктун кубанычы. Жүрөктөгү майрамдык сезимдерди башкалар менен бөлүшүү, куттуктоо жана бир туугандыкты далилдеп бүткүл мусулмандарга тилекте, дубада болуу абзел.

***
Айт күндөрү канаты сынган куш сымал алсыз, жүрөгү жаралуу, кайгы-муңдуу жана бейтап диндештерибизге эмне тартуулай алабыз?

Жан-дүйнөсү жабыр тартып тургандарга абдан аяр жана камкор мамиле кылуу зарылдыгын Мавляна Жалалиддин Руми (куддиса сиррух) төмөнкүчө баяндайт:

«Сен маани бербей жүргөн, саман-чөп деп ойлогон адамдын көңүлү бардык нерседен жогору турат.

Инсандын ооруган көңүлү – Алла Таала назар сала турган жана көңүл бурган куттуу жер. Көп казыналар жер алдына, ураган урандылардын астында жатканы сымал, Алланын руханий казыналары пенденин ооруган көңүлдөрүндө катылуу. Көңүлдү азиз кылып жараткан Алла Таала кандай гана улук, кандай гана кудуреттүү!»

***
Майрам – эс алуу, же болбосо жекече көңүл ачуу гана эмес. Анык майрам – сүйүү, жароокердик, мээримдүүлүк жана боорукердик туйгу сезимдер менен чөйрөнү көрккө бөлөө.

Чыныгы айт – чексиз мээримүү жана ченемсиз айкөл Алланын кечиримине татыган мусулмандардын ыймандын толкуну менен бир туугандай жылуу мамиледе болуусу, куттукташуусу, ак дасторкон үстүндө дидарлашуусу жана эстен кеткис эскерүүлөргө толгон берекелүү күн болууга тийиш.

Ислам дининдеги айт майрамдар – чоң-кичине, оору-соо, бай-кедей дебестен, баарынын орток кубанычы. Айттарыбыз Жараткан Алла үчүн бүт макулуктарды сүйүүгө, аларды аяп, астейдил мамиле кылууга жана кам көрүүгө түрткү болушу керек.

***
Бул дүйнө жолоочунун тыныгууга токтогон аялдамасы сыяктуу убактылуу жай. Мына ушул үч күндүк өмүргө берилген касиеттүү рамазан айындагы берилгендиктин, ибадаткөйлүктүн жана такыбалыктын маңыздуу сынагынан кийинки Алла тартуулаган кубанычтуу күн, ушул бүгүнкү айтыбыз болуп саналат.

Башкача айтканда, орозо айт — Рамазандын кадырын толук билгендерге, бул куттуу айды Алла Тааланын буйруктарына ылайык өткөргөндөргө, түбөлүктүү жыргалчылыктарды жалган лаззаттардан жогору койгондорго жана акыреттеги бейишти дүнүйөлүк жыргалдарга алмашпагандарга Раббибиздин көрсөткөн сыйы.

***
Айт майрамдарыбыздын маңызын канчалык терең түшүнүп, татыктуу түрдө өткөрсөк, Исламды талаптагыдай жашай алаарыбыз шексиз. Андыктан, айт күндөрү жана жыл бою өзүбүздү өзүбүз суракка алып, кылган амалдарыбызды таразалап, эмне максатта жаралып, акырында кайда бараарыбызды эстен чыгарбай жүрүшүбүз керек.
***
Айт күндөрдө көңүл тапкан, көңүл алган, батаа алган, жакшылыктарга себепчи болгон жандар кандай гана бактылуу!

Сүннөткө шай адеп-ахлагы менен чөйрөсүнө үлгүлүүлүктү чагылдырган, ааламдай кең жүрөгүнө, чалкыган кең тилегине бүткүл үммөттү сыйдырган момун пенделер кандай гана таалайлуу!

«ИСЛАМ ЫЙМАН ИБАДАТ» китебинен термеле