Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш сапары менен Ош шаарына барат

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев  региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата эртең, 20-июнда бир күндүк иш сапары менен Ош шаарына барат.

Иш сапар учурунда Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгын башчысы Мурат Боронов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана дин кызматкерлери менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ОшМУнун башкы корпусунда өтүүчү «Дин илимдери менен светтик илимдердин өз ара айкалыштары» аттуу тегерек столго дагы катышмакчы. Анда коопсуздук, адеп-ахлак, билим берүү, социалдык  жана кайрымдуулук маселелери туурасында баяндамасын жасамакчы.