Азирети Муфтий жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Венада “Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташуудан жалпы адамгерчиликке карай” аттуу Эл аралык конференцияга катышууда

Бүгүн, 19-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов Австриянын баш калаасы Вена шаарында “Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташуудан жалпы адамгерчиликке карай” аттуу Эл аралык конференцияга катышууда.

Иш-чара Австриянын жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин, Диндер жана цивилизациялар арасындагы кызматташтык борбору тарабынан уюштурулган. Ага Европа, АКШ, Африка, Азия, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун жетекчилери, коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Эл аралык конференциянын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Эл аралык диндер жана маданият борборунун Бакин генералдык катчысына (ЭББГК) Кавказ Мусулмандары Дин башкармалыгын жетекчиси Шейх-уль-ислам Гаджи Аллахшукюр Гумметге ыраазычылыгын билдирип, аялдардын, балдардын укугун коргоодо биргелешип иш алып баруу керектигин белгиледи.

“Адамдардын, аялдардын жана өспүрүмдөрдүн укугунун бузулушу, алардын укугун коргоодо бир гана дин ишмерлеринин, мамлекеттин же болбосо коомдук уюмдардын иш аракети менен гана эмес, ал биргелешип, комплекстүү иш алып баруунун натыйжасында гана жүзөгө аша турган маселе. Анын үстүнөн көптөгөн иш алып барган учурда гана жашообузда тынчтык жана бейпилдик орнойт”,-деди Азирети Муфтий.