Нарын облусунун имамдарына нике каттоо журналы таратылды

Кечээ, 19-июнунда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр Нарын шаарынын “Азирети-Али” борбордук мечитинде Нарын облусунун имамдарына нике каттоо журналын тааныштырышты.

Никеге каттоо жүргүзүү үчүн дин кызматкерлерине никеге туруп жаткан жарандардын өздүк документтери (паспорттору) талап кылынаарын жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка чыккан жарандарга гана нике кыюу жөрөлгөсү шарияттын негизинде жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрүштү.

Андан соң облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев нике каттоо журналы үй-бүлөнү бекемдөөгө жана жубайлардын бири-бирине болгон сыйын арттырууга шарт түзөөрүн белгиледи.

Журналдын негизинде квартал сайын имамдар райондук баш имам хатибтерге отчет тапшырышса, ал эми райондун баш имамдары казыяттарга, облустук казыяттар муфтиятка катталган нике тууралуу отчет берип турушат.

Никенин жана никеге каттоого алуунун максаты:

  • Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө.
    • Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу.
    • Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү.
    • Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо.
    • Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.