Ажыга баруучулар эмдөөдөн өтүп, ажылыктын шарттарын окушту

Кечээ, 19-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Нарын облусунан ажыга баруучу жарандар менен Нарын обулсутук казыятында жолугушту.

Жолугушуу учурунда Азирети Муфтийдин орун басары ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга ажылыктын амалдары жана тартиптери туурасында баяндамасын жасап, анда коопсуздук эрежелери, Мекке, Медина шаарларындагы мейманканаларда санитардык нормаларды, Сауд Арабиянын мыйзамдарын сактоо түшүндүрүлдү.

«Нарын облусунан ажыга баруучу жарандар эртең менен эмдөөдөн өтүшүп, андан соң Нарын казыятында ажылыктын шарттарын окушту»,- облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев.

Эске салсак быйыл Нарын облусу боюнча 59 жаран ыйык Мекке шаарына ажылык сапарына барууга катталган.