Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Ош шаарындагы Сулайман-тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында калаа жетекчилиги тарабынан экстремизм жана терроризмди алдын алуу  боюнча жыйын болду.

Анда элдин биримдигин чыңдоо, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына көңүл буруу боюнча бир катар пикирлер айтылды.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушов, аталган аймакта жайгашкан мечит имамдары, Ош ШИИБинин башчысы Мурат Боронов жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жыйында өспүрүмдөрдү жаштайынан таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.