Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов Суусамыр өрөөнүндө хатибияттардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө  хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, көчмө жыйын өткөрдү.

Ага Чүй казыятынын кызматкерлери жана Чүй облусунун баш имам хатиби катышты. Чогулушта адаттагыдай эле бир айлык отчеттор тапшырылып, Рамазан айында болуп өткөн иштер боюнча отчетторду Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов кабыл алып, таанышып чыкты.

Ошону менен катар тиешелүү төлөмдөр боюнча да сөз болуп, ишин мыкты аткарган имам хатибтер атайын ардак грамота менен сыйланышты.

Аталган грамота менен Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев жана Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев ээ болушту.

Жыйын аягында Чүй казысы бардык имамдарга ийгилик каалап, КМДБ жана казыят тарабынан чыккан бардык буйруктар кечиктирилбестен, өз убагында аткарылуусу жана ажыга камданып жаткан болочок ажыларга көңүл буруп, колдон келишинче сабактарды уюштуруу тапшырмасын берди.