Азирети Муфтийдин орун басары Кувейт мамлекетинен келген  “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин директору менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Кувейт мамлекетинен келген  “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин директорунун орун басары, “Вакф” долбоорунун жетекчиси шейх Сулейман аль Бария, “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин Орто Азия боюнча комитетинин жетекчиси шейх Мухаммад Сухейли-Ашамри жана “Исар” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Алтынбек Кудайбергенов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмеси менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын  мындан аркы диний чөйрөдөгү кызматташтыгы, кайрымдуулук жаатында маселелерин талкуулашты.

Азирети Муфтийдин орун басары  өз кезегинде бирикменин Кыргызстанга жасап жаткан кайрымдуулук иштерине ыраазычылыгын билдирди. Ал эми “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин директорунун орун басары  Кыргызстанга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө  жана  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасы менен ар тараптуу кызматташууга даярдыгын белгиледи.