Аалымдар Кеңешинин төрагасы Ош шаарынын вице-мэри менен жолугушуп, мамлекеттик мекемелер менен диний мекемелердин ортосундагы байланышты чыңдоо жаатында пикир алышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегациялык курамдын Ош шаарына болгон бир күндүк иш сапары башталды. Делегацияда АК төрагасынын орун басары Ниязали Арипов, Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев жана АК жооптуу катчысы Акылбек Халбековдор бар. Адегенде эле делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда жаштардын адеп-ахлагына, таалим тарбиясына көнүл буруу жана мамлекеттик мекемелер менен диний мекемелердин ортосундагы байланышты чыңдоого басым жасоо зарылдыгы айтылды.

Эске сала кетсек, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин иш сапары «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата мамлекеттик мекемелер менен коопсуздук, билим берүү, адеп-ахлак, социалдык жана кайрымдуулук багыттарында кызматташтыкты чыңдоо максатында жүргүзүлүүдө.