Аалымдар Кеңешинин төрагасы: Эриш-аркак кызматташуунуну натыйжасында мекенибизде биримдик, ынтымак жана адеп-ахлак өөрчүйт

Бүгүн 20-июнда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казиевичтин кабыл алуусунда болушту. Жолугушууда Өкмөттүн облусттук өкүлү эл ичиндеги ысырапкерчилик, бөлүнүп-жарылуу, диний сабатсыздыкты жоюдагы айрым көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана мамлекеттүүлүк, мекенчилдик өңдүү өтө бийик түшүнүктөрдү кеңири таратууда дин кызматкерлеринин ролун баса белгилеп, аалымдар коомдун агартуучулары, руханий өңүттөн таалим берүүчүлөрү болушу керек деген ойду айтты. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев Узарбек Казиевичтин тыгыз кызматташтыкка болгон ынтызарлыгын кубаттап: «Сиздер дин кызматкерлерине күч болуп, колдоп турсаңыздар, дин кызматкерлери сиздердин эл ичиндеги үнүңүздөр болот. Мындай эриш-аркак кызматташуунуну натыйжасында мекенибизде биримдик, ынтымак жана адеп-ахлак өөрчүйт» — деди.

Эки тарап кызматташтыкты, маалыматтык байланышты чыңдоо боюнча жакындан иш алып барууга макулдашышты. Жолугушуу соңунда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жакында эле кыргыз тилинде жарык көргөн «Дивани Хикмат» аттуу тарыхый мааниси бар салмактуу китепти белекке берди.