Ош шаарындагы “Саида Хадича” кыздар медресесинин бүтүрүүчүлөрү сертификат жана дипломдорго ээ болушту

Ош шаардык мусулмандар казыятынын “Саида Хадича” кыздар медресесинде 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө атайын дипломдор тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, медресенин демөөрчүсү  Мухаммед Хажжаж, Ош шаардык казыятынын окуу бөлүм башчысы Абдилазиз ажы Абдурахманов, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана медресе мугалимдери катышты.

Кыздар медресесин 30 кыз окуусун аяктап, алар диплом жана сертификатка ээ болушту.