Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун имамдары менен жолукту

20-июнь күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун жана Ош шаарындагы имамдар менен жолукту.

Ага Аалымдар Кеңешинин  төрагасынын орун басары Ниязали Арипов, Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев жана ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай  Мурзабеков жана 250гө жакын имамдар катышты.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы жыйын башында имамдарга жана бардык катышуучуларга момун мусулмандын эң асыл сапаттарынан саналган такыбаачылык жөнүндө баяндамасын жасап, имамдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.