Жалал-Абад облусунун имамдарына нике каттоо журналы таратылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Даарус-Салам” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Жалал-Абад облусунун имамдарына нике каттоо журналын тааныштырып, таркатты.

Мындан ары никени каттоого алууда алгач дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын өздүк документтерин (паспортторун) талап кылат. Мыйзамдын талаптарына ылайык, 18 жашка чыккан жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыюу жөрөлгөсү өткөрүлөт.

Өз кезегинде Равшан ажы Эратов имамдарды эл менен тыгыз ынтымакта иштешип, Ханафий мазхабынын алкагында коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.