Ысык-Атадагы “Ала-Тоо 2” Куран жаттатуу медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат жана дипломдор тапшырылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Ала-Тоо 2” Куран жаттатуу медресесинин 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө атайын дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана медресе мугалимдери, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Медресени 19 бүтүрүүчү окуусун ийгиликтүү аяктаса, анын бирине кызыл диплом тапшырылды. Эми бүтүрүүчүлөр мындан аркы билимин жогорку окуу жайынан улантышмакчы.