Талас районунун имамдары Бишкекте өткөн беш күндүк окуу семинарынан өтүштү

Талас районунун баш имамы хатиби Канатбек Жолдошбек уулу баштаган дин кызматкерлери Бишкек шаарында Куран, тажвид, жаназа, нике жана башка маселелер боюнча 5 күндүк окуу семинарынан өтүштү.

Сабакты Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Молдо Сабыр Досбол уулу, Кенжетай Курманхожаев ажы жана Кыргызстан Ислам университетинин мугалимдери, Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана Талас облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери өтүштү.

Окутуунун соңунда имамдар өздөрүнө зарыл болгон билимге ээ болушуп, дин аалымдарына терең ыраазычылылыктарын билдиришти.