Жүрөктү тазалагысы келген адамга 4 нерсе

Жүрөктү тазалагысы келген адамга 4 нерсе бөгөт болот:

1. Байлыкка болгон сүйүү: Байлыктын өзү эмес, ага болгон сүйүүнүн таасири жүрөккө катуу таасир берет. Жүрөккө катуу таасир берген соң көрпенде айла жок артка кетенчиктейт. Акыретте жакшылык табуу үчүн байлыктын мааниси зор. Кайрымдуулук кылуу, дин жолундагы кызматтарга демөөрчүлүк кылуу сыяктуу алгы иш-аракеттерди жасоого болот. Бирок бул нерсени жасоого байлыкка болгон сүйүү тоскоол болот. Андыктан, адампенде дүнүйөкорлукту жүрөктөн чыгарышы зарыл!

2. Мансапкорлук: Мансап жана бийлик – акыретте Алланын алдына жарык жүз менен барууга зор мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Анткени көптөгөн нерселер бийликтен көз каранды. Бийлик менен Алланын ак динин өнүктүрүп, эл-журтту ыйманга сугарып, калкты жыргал турмушка жана бейпилдикке жеткирүүгө болот. Бирок буга мансапка болгон сүйүү тоскоол болот. Керисинче бийликтин кандуу камчысы менен динди тизгиндеп, элдин ырысыкысын талап-тоногонго да шарт түзүлөт. Коомчулукка ак кызмат өтөө үчүн бийликке шайлануу башка нерсе, өз напсисинин каалоосун орундатуу үчүн мансапка баруу такыр башка нерсе.

3. Башка нерселерге болгон сүйүү: Алла Таалага болгон сүйүүдөн башка жүрөктү туткундап ала турган ышкы-каалоонун баарын жүрөктөн какас тутуу абзел.

4. Күнөө: Адампенде жасаган ар бир күнөөсү үчүн Аллага тообо кылып, кечирим сурашы керек. Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: «Кимде-ким бир күнөө жасаган болсо, заматта жүрөгүндө кара чекит пайда болот. Эгер тооба кылса, ал чекит өчүрүлөт. Тескерисинче үзгүлтүксүз улантып кетсе, кара чекит чоңоюп олтуруп бүтүндөй жүрөктү каптап калат» (Насаи).

Аталган 4 бөгөттү ашып өтүү үчүн 4 нерсени аткаруу керек:
1. Тамакты аз-аздан, бирок адалынан жеш керек. Азирети Пайгамбарыбыз өз хадисинде мындай деген: «Ашыкча жеп-ичип жүрөгүңөрдү жараксыз кылып албагыла!» (Газали).
«Кыпындай да арамды аралаштырбастан кырк күн бою адал тамак менен азыктанган адамдын жүрөгү нурга толот. Жүрөгүнөн дайра сымал даанышмандык ага баштайт. Дүнүйө-байлыкка болгон сүйүү жүрөктө калбай калат» (Абу Нуайм).

2. Уйкучулуктан арылуу. Ашыкча тамактанган адам көп суу ичет да, көп уктайт. Ашкере уйкучу пенде кыяматта бушайман болот.
Алланын сүйүктүү Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде мындай деген: «Алла Таала ашыкча жеп-ичкен жана көп уктаган адамды сүйбөйт» (Имам Газали).

3. Көп сүйлөбөй, аз, бирок саз сүйлөө кажет. Пайгамбарыбыздан бир хадис: «Көп сүйлөгөн адам көп жаңылат, көп күнөөгө батат. Күнөөгө көп баткан адам тозоко түшөт» (Абу Нуайм).

4. Жаман адамдан, жаман нерселерден оолак болуу керек. Пендезат ичимдикти көп ичкен досунун жанында көп жүрсө, ал дагы ашаткы, тамеки жыттанып, анын сөгүнгөнүнөн, ахлаксыз аракеттеринен таасирленет. А эгер атыр саткан досу менен көп-көп жолугушуп турса, дайым жагымдуу жыттанып жүрөт. Ушунун сыңары адамдын жакшы же жаман болушуна чөйрө таасири зор.

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бизге береги насаатын айткан: «Пенденин динге болгон бекемдиги досунун динге болгон мамилесине жараша болот. Андыктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула!» (Хаким).

 

Булак: Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши